Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:24

Кыргызстан

Бексултан Жакиевдин "Мен байкемдин улуумун" аңгемесинде согуштун азап-тозогу, жакынынан ажыраган баланын арманы сүрөттөлгөн.

Ойноок бала

Канмайданга капыс аттанган жаш жоокер баяндоочунун байкеси болчу. Караколдо педтехникумда окучу. Баланын чоң атасы жылкычы, жайкысын көлдүн күңгөй тарабындагы жайлоого чыгышчу, бул кез бир укмуш керемет го.

Чоң атасы согушта курман болгон баласынын сүрөтүн кат аркылуу кийин алыптыр. Таберик сүрөт атасынын булгаарыдан жасалган капчыгында жүрчү. Кийин бала чоңоюп шаарга окууга келгенде байкесинин ошол сүрөтүн чоңойттуруп, жыгач алкакка салдырып койгон. Сүрөттүн жайы ушундай. Аксакал жакын санаган адамдарына сүрөттү көрсөтүп "Уулум!" деп койчу. Аны уккандар дымып калышчу, анткени сүрөттөгү жапжаш баланын майданга кантип кеткенин көбү билчү. Маалында кабар жетип, убакты-сааты болуп калса ата-бала жакшылап коштошмок, баары капыс болуп калбадыбы.



Сүрөттү чоңойтуп төргө илип койгондон кийин бала байкесинин "кагыла элек шок баладай элеңдебирээк, атүгүл чочуркабыраак" көз карашына туруштук бере албай, өзүнчө кызык боло берчү.

Байкеси аскерге жөнөгөндө ал бештеги бала болчу. Сүрөттү карап туруп өзүн байкесинен улуу сезе берет. Бала бойдон согушка кетип кайтпай калган агасынын армандуу өмүрү баланын эсинде бекем сакталып калган. Аны эс тартканы шаардагы окуусунан жайкы каникулга келгенде бир көргөн. Оо, анда жайлоо чатырап толуп турган керемет учур эле.

Байкеси бир жакка бармакка атын токуп, камданып атканда булардын жанынан кабактан суу бакандашып бир келин менен кыз чыга келишкен. Кызды баланын чоң ата, чоң энеси өзүнчө отурганда мактап калышчу. Узун чачын эки өрүп таштап койгон сулуу, жылдызы тунук кызды көргөн сайын бала уккан жомокторун эстечү, андагы чүрөктөй сулуулар ушундай болсо керек дечү.

Бири-бирин жактырган эки жаш ачык сүйлөшө албай, уурданган көз караш аркылуу мамилесин билдирип, ошондо арманда калышканын кийин билди.

Жанында жаш бала турса экөө кантип сүйлөшсүн, кыз уялып жанынан өтүп кетти, жигит атына минип ыкчам бастырып кырга чыкты да көктө шаңшып каалгыган бүркүттү карап калды. Анын олбуру көз кумарын кандырып, балага андан өткөн бийик, андан өткөн алп жоктой сезилген. Ошол учурдун ушунчалык маанилүү экенин бала кийин билди, көрсө ал байкесинин жайлоого акыркы келиши, атасы, иниси менен соңку кездешүүсү экен. Маалында кабар жетсе жакшылап коштошуп калышат беле?!

Чоң атасы экөө жайлоодо болчу, чоң энеси ырым-жырым иштери менен жакага кеткен. Айтымда ал жакага, өзү айткандай, бир тийип эле кайтмак. Энесинин сөзүнө ишенген сүйгүнчүк небере жолдон көзүн албады. Болжолу бешим ченде дүпүрөтүп ат бастырып бирөө келди да кымызга кенен тойгондон кийин негизги кабарды айтты:

"Жакадан келатам. Тоого аттанганы атсам байбичеңер жолугуп... тиги Караколдогу уулуңар аскерге чакырылыптыр, бүгүн баракот менен алып өтөт экен. Ошону айтып кой деди эле сизге...".



Чоң атам уккан кулагына ишенбей делдиреп отуруп калды. Чоң энемдин келбей жаткан себебин эми түшүндүм.

Турмушта ар кандай адам болот тура. Эми тиги кишини карабайсыңбы. Ушундай шашылыш ишти келери менен айтып коюунун ордуна, жайма-жай кымыз уулап жүргөнсүп, же отко жылынганы келгенсип, оолжуганы кимге жаксын? Ай, кара сакал, кара сакал! Сенин ак кементайың кара сакалыңан бөлөк аты-жөнүң эсимде жок. Ким экениңди билбей калыпмын. Болбосо өзүңдү бир уяткарар элем. Ошондогу дароо айтпай кымыздан ууртап-татып, манчыркап отуруп алганың, кантейин, бизди аябай өксүтүп салбадыбы.

- Ал эмне аскер экен? – деди бир маалда чоң атам жүрөгү түшө үрпөйүп.

- Кайсы эле?.. – Кара сакал кымыздан бир ууртап жерге койду. – Жанагы пин согушу дейби? Айтор, бир согуш чыккан турбайбы. Ошого атка тың деп, кыргыздардан өзүнчө кол курап аткан имиш...".

Чоң атасы чепкенин чала-була кийип кепичинин апкытын сый баскан боюнча сыртка атырылды. Небереси экөө шашып-бушуп ат токуп жакага жөнөп калышты.

Кеме

Жамгырдан кийин жол тайгак, жалгыз аяк жол менен шөлпөңдөп түзгө түшкүчө кыйла убакыт өттү. "Баракотко" үлгүрсөк деп эки атчан катуу жүрүштү. Ат терин аябай кеме токтоочу жерге жакындап калышканда жээктен жыла баштаган баракоттун ачуу үнүн угушту. Кеме келип токтордо, жөнөрдө ушинтип кыйкырып алчу эле.

Абышка кырга чыга бергенде үзөңгүгө таянып тура калды да жарданган элге кыйкырды: "О, журт! Токтоп тур дегиле!". Кайдан, ким токтотмок эле, баары өз кайгысы менен болсо! Кеме түтүнүн бургутуп жээкте жарданган көпчүлүктөн ойноп качкансып куйругун бир жагына кыйшайткан бойдон арылагандан арылап баратат.

"Бир маалда чоң атам атынын башын чукул буруп, топтун арасынан кайта артына суурулуп чыкты да, көлдү жээктете пароходдун аркасынан чаап жөнөдү. Мен да чу койдум. Чоң атам тебетейин башынан жулуп алып, пароходду карай булгалап, бир нерселерди кыйкырып баратты. Аңгыча пароходдогулардын бири палубанын четиндеги тосмого жүгүрүп жетип, көлгө аласалып кетчүдөн бетер өбөктөй калды да шапкесин чебелене булгап, кыйкырып жиберди. Ал байкем экенин элесинен тааныдым. Бирок эмне деп кыйкырып жатканын ажырата албадым, кулагыма кирбеди. Кыязы, аталап атты көрүнөт, "а-аа" деген гана жаңырык угулат.



Бир кезде, көзүң жамандыкты көрбөсүн, чоң атам кандайча болуп аттан ыргып түшкөнүн билбейм, карасам, мына-мына эт-бетинен кетчүдөй тамтаң уруп, таманы жерге не тийсе, не тийбей үзөңгү боолукту жаза мүчө чапчып, кырданып барып аз жерден оңолду. Кантип жыгылбаганына айран таңмын. Ошондогу байкемдин чаңырыгы ай, кулактын тарсылдагын үзүп кетчүдөн бетер мээме шак кадала түшкөнү, чоң атамды атка сүйрөлөт деп, жаны чыгып кетсе керек, эмдигиче өчпөйт кулагымда. Чоң атам күүлөнгөн күүсүнөн жазбай тизгинди каруусуна иле коюп, көлдү кече барып:

- Уулу-ум!.. – деп, жер жаңырта бир бакырып алды да, тетигинде, пароходдун палубасында шапкесин булгалап, ары-бери чебелектеп, бизден ыраактап бараткан караандан көз айырбай шалкайып туруп калды...".

Ата менен баланын акыркы коштошуусуна күбө болгон көлдүн жай толкуну абышканын маасысын жайпап турду. Кеме алыстагандан алыстап, өпкө каккан атынын жалын кучактаган абышка былк этпей каш карайганча бир орунда катып турду. Жанында баласы ыйлап, аны соороткон деле киши жок, экөө алыстап бараткан кемеден көз алышпады.

Кийин байкеси жеткиче фин согушу аяктап, эми "буюрса жүз көрүшүп каларбыз" деп турушканда мурдагыдан каардуу, кыргындуу оор согуш башталып кетпедиби.

Москва алдында жарадар болуп калган баласын майдандан алып чыккан эки жоокерден атасына кат келиптир. Аны атасы эч кимге айтпай, уулунун өлгөнүн жашырып койгонун бала кийин билди. Катта байкеси катуу жарадар болуп талаада жатып калганда эки жоокер таап алышканы, ошолор жарадарды майдандан алып чыгып токойдо жашырынып жүрүшкөнү баяндалыптыр.

Душман алдыга озуп, согуш талаасында калып калгандардын көбү колго түшүп, башкалары кызыл аскерлерди таап, согуш талаасы аңтар-теңтер болуп турган кез эле. Бир буту шишип баса албай калган байкесин жаңы тапкан жолдоштору аскердик шинелге жаткырып, эки учун жыгачка байлап көтөрүп токой менен жүрүп келатышып уй баккан чыйрак балага жолугуп калышат. Ал бала жарадарды үйүнө алып барып багып берет деп атасын чакырганы кетип кеч кайтат. Айтууда кыштактагы бир үй-бүлө жарадар советтик жоокерди бакканы үчүн дарга асылып, элдин үрөйү учуп турганын уккан үчөө акырындан жыла берүүнү чечишет. Акыры партизандарды же кызыл аскерлерди таап каларбыз деген үмүттө жүргөн үчөөнүн бири бир күнү ойгонушса жок. Баланын байкеси жолдошторун уктатып коюп из жазгырыптыр.



Эчен азап менен көтөрүп келаткан жарадардын жок болгонуна ишенбей калган экөө суй жыгылганча издеп отуруп тигини табышат. Баланын байкеси жолдо машинада келаткан душмандын аскерлерин беттеп баратыптыр. Душманга кол көтөрүп багынганы бараткан жолдошун атып салалы деген экөөнүн көз алдында күтүлбөгөн кандуу окуя болуп өтөт.

"Аңгыча, автомат тытырай түштү. Эмне болуп кетти деп, оюн жыйып алгыча болбой көпүрөгө жаңы эле чыга берген машинанын айнеги чарт-чурт быркырап, машина бултактап барып, көпүрөнүн жыгач тосмосун жара сүзүп, алдыдагы сууга коңторосунан күп эткенде айнектин шаңгырап, темирдин калдыр-күлдүр болгон дабышы гана угулуп калды. Арттагы машиналар жолдун четине буйтай качып, кагышып кала жаздап, жерди оё тормузду катуу берип, тык токтошту да андагылар өз тилинде каңк-куңк эте секирип түшүп, туш келди жата калып, ок жаадырышты. Байкем автоматын бөйрөгүнө бек кысып, тигилерге жиндене кыйкырып, аларды ашата сөгүп, көпүрөнүн үстүнө ок чайкап, жолдун ортосунда турган эле.

Бирөө ээкке муштагандай байкем теңселе түштү. Анан автоматы колунан шыпырылып кетти да соо бутуна өбөктөп барып, ийни менен жер сүзө жыгылды".

Немистер өлгөн, жарадар жоокерлерин машинеге салышып канабайрамды баштаган жоокерди жол жээгинде таштап кете беришти. Токойдо жашырынып отурган эки жолдошу курман болгон жоокердин сөөгүн токойго көөмп жолун улашат. Кийин маркумдун калтырып кеткен документтери менен сүрөтүн атасына жөнөтүшөт. Аны атасы эч кимге угузбай, кабар кылбай жашыруун сактаганы балага эмдигиче табышмак.

Каардуу согуш башталганда баланын чоң атасын аскерге алынчу аттарды бактырып коюшкан, аны фондунун аттары дешчү. Мектепте окуп калган бала аттарды сугарып келет. Сайга барып же кайтып келатканда ал баягы сулуу кызды учуратчу. Анын "байкеңен кат келген жокпу?" деп сурай турганын билип, анын алдында өзүн уяттуу сезчү.

Бир жолу бала кызга: "байкемден кат келсе эле айтам сизге, өзүм эле айтам" деди. Байкуш кыз муңая тартып, оор үшкүрүндү. Кыз булардын үйүнө да келчү, энесинин чачын жууп, тарап берчү.



Кийин ал мектепти бүтүп шаарга окууга кетеринде булардыкына келип энеси менен коштошуп, баланын кулагындагы сырганы сурады. Бала сыргасын чыгарып берди. Кыз шаардагы окуусунан каникулга келген сайын булардын үйүнө келчү. Андай күндөрү булардыкында майрам башталчу.

Анан акыркы саам каникулга келгенде булардыкына баш бакпай, башка көчө менен өткөнүн аш-тамагын даярдап отурган чоң энеси билбей калды. Алар ууз сүйүүсүнө жетпей арманда калган кызга бак тилеп батасын мурда эле беришкен. Бала байкесинен калганы сыргасын ойлоп, ал кыздын кийинки бактысына жөлөк болсун деп тиледи. Ал анын ууртундагы татынакай чуңкурун өчүрбөй жандырып турчу оттук катары дайым жанында, денинде жүрмөкчү.

Мындан башка нени айтмак.

Ош: "Келечек" базарын көчүрүүгө соодагерлер каршы
please wait
  • Auto
  • 240p
  • 360p
  • 480p
  • 720p
  • 1080p

No media source currently available

0:00 0:04:01 0:00
  • Auto
  • 240p
  • 360p
  • 480p
  • 720p
  • 1080p

Оштогу “Келечек” базарында соода кылгандар шаарда жаңы салынган базарга көчүүгө каршы болууда. Миңден ашык соодагер иштеген базарда көбүн эсе кийим-кече сатылат. Шаар бийлиги өткөн жылдагы селден кийин борбордук базарды көчүрүүнү чечип, жаңысын кура баштаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG