АКШ Иранга каршы аскердик соккуну эки-үч жуманын ичинде токтотушу мүмкүн. Бул тууралуу президент Трамп билдирди. Ал кошумчалагандай, бул үчүн Тегеран менен келишим түзүшү шарт эмес. Ал эми Ирандын президенти Пезешкиян да айрым кепилдиктер берилсе, согушту токтотууга даяр экенин кыйытты.
АКШ кийлигишкен Израил менен Ирандын согушу Борбор Азия чөлкөмүнө, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына да таасир этүүдө. Тегеран Ормуз кысыгын бөгөттөгөндөн улам дүйнөдө мунай кымбаттап, бул Кыргызстанда да күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүнө алып келди.
Израилдин парламенти теракт үчүн соттолгон палестиналыктарды өлүм жазасына тартуу каралган мыйзамды кабыл алды. Ашынган улутчулдар партиясы мыйзам террордук кол салуунун алдын алууну көздөйт деп айтса, укук коргоочулар дискриминациялык, демократиялык принциптерге көлөкө түшүргөн кадам деп сындады.
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын мунайын көзөмөлгө алууну каалаганын айтып, Харк аралын басып алуу ыктымалдыгын жокко чыгарган жок. Ошол эле маалда Тегеран менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын, тынчтык келишими жакын арада даяр болот деп ишенерин билдирди.
Орусиядагы мигранттардын балдарын мектепке кабыл алуудагы орус тил сынагы чындыгында эле татаал экенин Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев тестти өзү тапшырып көргөндөн кийин айтты.
Вашингтон менен Тегерандын сүйлөшүүлөрү тууралуу маалыматтар бүдөмүк болууда. Президент Трамп жолугушуулар жүргөнүн, Ирандын өкүлдөрү коркконунан аны ачыкка чыгарбай жатышканын айтты. Анын алдында Ислам жумурияты Ак үйдүн сунуштарын алганын, бирок муну сүйлөшүү деп атоого болбой турганын билдирген.
Украинанын куралдуу күчтөрү 25-марттын таңында орус аскерлери 150 чакты дрон атканын, басымдуусу атып түшүрүлгөнүн билдирди. 24-мартта Львов жапырт чабуулга кабылганда 27 киши жаракат алып, шаардагы тарыхый жай бүлүндү. Ал эми Орусия аскердик инфраструктураны гана бутага алганын билдирип келет.
23-мартта АКШ менен Иран ортосундагы ыктымал сүйлөшүүлөр тууралуу карама-каршы кабарлар түшкөнү мунай менен газдын дүйнөлүк рыноктогу баасы бир туруп кескин төмөндөп, бир туруп кайра кымбаттап жатты. АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн билдирген.
Трамп Вашингтон менен Тегеран соңку эки күн ичинде Жакынкы Чыгыштагы аскердик аракеттерди жөнгө салуу боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирди. Ага чейин Трамп Ирандан Ормуз кысыгын 48 сааттын ичинде ачууну талап кылган. Тегеран жооп катары Перс булуңун бүт миналап салууну эскерткен.
Беларуста 250 саясий туткун бошотулду. Бул үчүн АКШ Минскиге каршы киргизилген бир катар санкцияларды алып салды. Беларус бийлиги акыркы айларда Вашингтон менен мамилесин оңдоого аракеттенүүдө. Бирок өлкөдө дагы жүздөгөн саясий туткун темир тор артында кала берүүдө.
Бейөкмөт уюмдар жогорку окуу жайларда жана коллеждерде харассментти изилдеген. Сурамжылоого катышкан студенттердин 50% ар түрдүү ыдыкка кабылганын билдирген. “Азаттык” университетте, мектепте мугалимдерден ыдык көргөн кыздардын окуяларын чагылдырып, харассмент канчалык кенен токтолот.
Мунайдын дүйнөлүк рыноктогу баасы бейшембиде кайрадан өстү. Анын алдында Иран маанилүү газ кенине урулган соккуга жооп иретинде Жакынкы Чыгыштагы энергетикалык жайларды бутага алганда Катардагы ири газ комплекси жабыркаганы кабарланган.
Дагы жүктөңүз