Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Акыркы эки апта ичиндеги чабуулдар, президент Буш айткандай, терроризмдин жаңы түрүбү?


АКШ президенти Жорж Буш 200дөй адамдын өмүрүн алган Индонезиядагы жардырууларга Ал-Каида уюмунун тиешеси бар деп эсептейт. Андан тышкары ал акыркы эки апта ичинде болуп өткөн Балидеги жардыруулар, Йемендеги француз танкерин жардыруу жана Кувейттеги АКШлык аскерлерге каршы чабуул – эл аралык терроризмдин жаңы түрлөрү деп билдирди. Эксперттер бул окуялардын өз ара байланышы тууралуу ар башка пикирин айтышат.

Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш соңку эки апта ичинде дүйнөнүн ар башка аймактарында болгон кол салуулар – глобалдык терроризмдин жаңы түрлөрү деген пикирде. Индонезияда өткөн ишембиде 200дөй адамдын өмүрүн алган жардырууларга Ал-Каида уюмунун тикелей тиешеси бар деген анын пикирин Индонезиянын коргоо министри Матори Абдул Жалил да коштоп кетти. "Жалпысынан алганда, бул жерде такшалган уюм аракеттенгени көзгө урунат. Көпчүлүк мекендештерим муну моюнга албаганы менен, мен Ал-Каида уюму Индонезияда да аракеттенээрин айткандан коркпойм", - деп маалымдады коргоо министри.

Ал антип айтаар замат, Индонезиянын бир катар расмий өкүлдөрү Ал-Каида уюмунун Балидеги жардырууларга катышы бар экенин адегенде далилдеш керек, ага чейин жөн эле айыптагандын өзү күнөө деп чыгышты. Эл аралык терроризм боюнча эксперттердин көбү да Индонезиядагы жардырууларга Ал-Каиданы күнөөлөш эртелик кылаарын эскертишет. Лондондогу согуштарды изилдөө институтунун профессору Филип Сабин ар кайсы өлкөлөрдүн тергөөчүлөрү, АКШнын Федералдык чалгындоо башкармалыгынын кызматкерлери Балидеги жардырууларды жаңыдан иликтеп баштаганына басым жасайт. "Индонезиядагы бомба жардырууларын алсак, бул жерде Ал-Каида аракеттенгени аныктала элек. Йемендеги француз танкерине болгон кол салууну, Кувейттеги Америкалык аскерлерге каршы чабуулду Ал-Каида уюму уюштурганы тууралуу билдирүү таратылды. Ошентсе да, кайсы бир уюм кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган күндө да, ал билдирүү - терактты дал ошол уюм жасаганынын далили боло албайт", - деп эскертет Лондондук эксперт Сабин.

Дүйшөмбүдө Катардык Ал-Жазира телеканалы Осама бин Ладендин атынан жазылган катты жарыялап, анда Ал-Каида жетекчиси Йемен менен Кувейттеги кол салуулардын аткаруучуларын даңазалап, бул эки терактты тең ал-каидачылар уюштурганын маалымдаган. Индонезиядагы жардыруулар жөнүндө ал катта айтылган эмес. Ошентсе да, айрым эксперттер – акыркы эки апта ичинде болгон бул окуяларды байланыштырган башкы жагдай катары – чабуулдар чоң экономикалык зыян алып келгенин белгилешет. Мисалы, Шотландиядагы терроризм жана саясий конфликттерди изилдөө Борборунун директору Магнус Рансторп эгерде бул чабуулдарды чындап эле Ал-Каида жасаган болсо, анда ал жаңы – экономикалык буталарды тандай баштаганына көңүл бурат. "Йеменде мунай ташып бараткан француз танкерине болгон кол салууну – мунайдын баасын жогорулатууга багытталган аракет катары караса болот. Канткен күндө да ал – камсыздоо чөйрөсү менен экономикага эбегейсиз сокку келтире алды. Ад эми Балидеги жардыруунун дүйнөлүк фондулук биржаларга, Индонезиянын экономикасына тийгизген зыяны дагы далайга чейин сезилет". Британиялык эксперт Растроп бул айткандарына далил катары Балидеги жардыруулардан кийин Индонезиянын улуттук валютасы – рупий 3,5%га арзандай түшкөнүн, жалаң чет элдик туристтерден түшкөн акчадан жан бакчу өлкө экономикасы келечекте терең жабыр тартаарын белгилейт. Индонезиядагы теракт ал эмес, коңшулаш өлкөлөргө да тескери таасирин тийгизчүдөй. Шаршембиде Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мухамад Түштүк-Чыгыш Азия чөлкөмүнө чет элдик инвестицияны тартуу кыйындаарын билдирди.

Эксперттер соңку эки апта ичинде болгон кооптондурчу окуялардын катарына АКШнын ар башка жерлеринде көзгө атар кылмышкер 9 кишини атып өлтүргөнүн да кошсо болоорун айтышат. АКШ жетекчилиги эгерде бул окуяларды да Ал-Каида менен байланыштырса, элди дүрбөлөңгө салаарын билип, азырынча ал тууралуу унчуккан жок. Анын үстүнө, кылмышкер аныкталмайынча, ансыз да карапайым элди убайымга салган бул окуялар – терроризмдин жаңы түрү деп айтуу да татаал.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG