Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

Калининград маселеси качан чечилээри белгисиз.


Улан Алымкул уулу Орусия жана Евросоюз Калининград облусунун проблемасын чечүү жаатында ушул аптада Брюсселде өткөн сүйлөшүүлөрдө да олутту жылыш жасай алган жок. Анын ордуна жыйын Орусия менен Литванын ортосундагы пикир келишпестиктерди күчөткөндөй, ноябрда өтүүчү Евросоюз - Орусия саммитине чейин тараптар Калинград маселесинде мунасага жете алат деген ишенимдерди азайткандай болду.

Брюсселдеги "атайын жыйын" деп аталган бул жолку кеңешмеге Орусия, Литва, Польшадан парламентарийлер чогулган эле. Европарламенттин жыйынды алып барган төрагасы Пат Кокстун сөзү менен айтканда, анда "ачык пикир алышуу" жүрдү. Баяндамачылар белгилегендей, дипломатиялык тилде бул жүргүзүлгөн дебаттарга берилген супсак бааны билдирет жана мындай факт жабык эшик артындагы сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйынында да ырасталды. Ал турсун Брюсселдеги кеңешме Евросоюз сентябрь айынын орто ченинде Калининград талашын чечүүнүн компромисстик деп эсептелген жолун сунуш кылгандан бери кайра Орусия менен Литванын көз караштарындагы ажырым көбөйгөнүн айгинелегендей болду. Калининград облусу аны курчап турган Польша менен Литва 2004-жылы Евросоюзга кошулгандан кийин изоляцияда калат деп кооптонгон Москва калининграддыктарга карата уюмдун виза тартиби жайылтылбашын талап кылып келет. Еврокомиссия болсо өз кезегинде проблеманы чечүүнүн жолу катары, калининграддыктар үчүн визанын ордуна жөнөкөй транзиттик документтерди берүүнү сунуш кылган.
Бирок, Литва парламентинин төрагасы Артурас Паулаускас Брюсселдеги кеңешмеде анын өлкөсү жөнөкөйлөштүрүлгөн транзитттик документтер жөнүндөгү сунушту эгер алар Евросоюздун Шенген виза тартиби менен тең шартта колдонулса гана кабыл алаарын билдирди:
"10- октябрда Литва парламенти Калининград боюнча атайын резолюция кабыл алды.Бул резолюцияда биз өзгөчө белгилеп, өкмөткө жөнөкөйлөштүрүлгөн транзиттик документтер Евросоюздун бүткүл аймагында жарактуу болгудай шартта гана сүйлөшүү жүргүзүүгө көрсөтмө бердик",- деди Литва парламентинин төрагасы Артурас Паулаускас.
Эксперттердин пикиринде, Литванын жана орусиялыктар үчүн толук виза режими сакталышын көздөгөн Польшанын да талабы реалдуу эмес. Бирок адистердин айтымында, мында Литванын башкы тынчыздануусу виза тартибинде Орусияга жеңилдик берүү келечекте Литванын өзү Шенген режимине кошулуусун үзүгүлтүккө учуратпайбы деген маселеге байланышкан. Литва Евросоюздун талабына ылайык 1- январдан тарта өз тарабынан орусиялыктар үчүн виза режимин киргизүүдө.
Орусия премьер-министри Михайл Касьянов өткөн айда транзиттик документтер деле иш жүзүндө визанын эле бир түрү экенин айтып, Москва үчүн мындай сунуш ылайыксыз экенин билдирген болчу. Орусия Федерация кеңешинин төрагасы Сергей Миронов да Брюсселде расмий Москванын жогорудагы турумун кайталады:
"Жөнөкөйлөштүрүлгөн делген документтерге кайрылсак, орусиялык жарандардын өлкөнүн бир бөлүгүнөн экинчисине баруусу чет мамлекет же чет мамлекеттин чиновниги тарабынан чечилген шартты биз ылайыксыз деп эсептейбиз. Ушундан улам Орусия визасыз режимди жактайт жана өзү, Евросоюз менен Литва үчүн ылайыктуу жолду табууга аракеттенүүдө-, деди Орусия Федерация кеңешинин төрагасы Сергей Миронов.
Ага катар Сергей Миронов орус жарандары авто жана темир жол менен бирдей эркин катоого мүмкүнчүлүк алышы керек экенин белгиледи. Анын айтымында, Евросоюздун каражатынын жардамы менен аба байланышын орнотуу деген сунуштар да ылайыксыз. Бул орусиялыктардын көпчүлүгү үчүн бир жагынан татаал, экинчи жагынан кымбат жол. Айтор, тараптар Калинград маселесинде ноябрь айынын он биринде Данияда өтүүчү Орусия - Евросоюз саммитине чейин мунасага жете алабызбы деп үмүттөнүүдө. Сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн шаршембиде Москвага кайрадан Евросоюздун жогорку деңгээлдеги делегациясы келди.

XS
SM
MD
LG