Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Саддам Хуссейн дагы 7 жылга бийлигин узартты


Жалпы элдик референдумга 11 миллион 445 миң 638 шайлоочу катышты. Саддам Хуссейндин президент болуусу 100 процентке колдонду,- деп жарыялады Ирактын жогорку бийлик органы- Революциячыл колбашчылар кеңешинин төрагасынын орун басары Иззат Ибрагим шаршемби күнү.

1995- жылкы референдумда Саддамды шайлоочулардын 99, 96 проценти колдогон.

Элдин Саддамды жапырт колдоо себебин биздин радионун Кичи Азия боюнча аналитиги Катлин Ридолфо мындай деп түшүндүрөт: “Саддамдын режими кандай аракеттенгенин байкасак, Ирактагы бардык мекемелерди ал өз колуна ийгиликтүү алып койгонун жана коомдук турмуш бүтүндөй анын эркинде экенин көрөбүз”.

Жети жыл мурдакы шайлоодогудай эле, бийликтердин 100 проценттик добуш берүүгө жетишүүсүнө социалдык купондор менен диссидент деген кара тизмеге кирип калуудан коркуусу өбөлгө болду, -дейт Лондон университетинин илимий кызматкери, белгилүү адис Фалех Жабар.

Ирак 10 жылдан бери ООНдун экономикалык санкциясынан улам тышкы рынокко мунайды эркин сата албайт. Өлкөдө каатчылык: азык түлүк купон менен бөлүнөт. Ошондуктан шайлоого катышпай үй-бүлөсүн ачка калтырууну же эл душманы болууну эч ким каалабайт.

Бийликтер президент Жорж Буштун Саддам өз ыктыяры менен массалык кыргын салчу куралдарын жок кылбаса, Иракка сокку уруу зарыл деп дембе- дем опурулуусун да, карапайым элдин аң-сезимин манупиляциялоо үчүн оңдуу пайдаланды.

Ирак төбөлдөрү АКШны өлкөнүн ашынган жоосу деп, ага каршы элди кайраган менен, америкалык Whitney Houstonдун ирктыктар сүйө уккан “Мен сени дайыма сүйөм” деген ырын шайлоонун музыкалык коштоочусу катары тандашкан.
Көпчүлүк бул ыр менен “Телохранитель” деген фильм аркылуу тааныш.
Ырасмий пропаганда да, калк биримдигин көрсөтүп өлкөнүн күнкорсуздугун сактап калат деп, шайлоо алдында тынбай ташбыйкаттап жатты.

Саддамдын мураскер уулу Удайдын ээлигиндеги “Бабел” гезити “Кошмо штаттарынын эпсиз текеберденүүсүнө цивилизациялуу жооп кайтаруунун бир жолу бул. Ирактыктар бир жакадан баш бир жеңден кол чыгарып өлкө башчысы, даанышман, ойчул, демилгечи жана эл символу Саддам Хуссейн үчүн тарыхтагы эң чоң “Ооба” деген сөзүн айтуусу” маанилүү экенин элге баса эскерткен.

Ирак телевиденисесинин көрсөтүүлөрүнө караганда, массалык оюн-зоок таң эртең шайлоо учаскалары ачылгандан башталып, кеч шамга чейин уланды. Тоталитардык же коммунисттик тушоодон жаңы бошонуп, бирок мурдакы саясый калыптан чыга албаган өлкөлөрдөгүдөй, чиновниктер мектеп окуучуларынын Саддам Хуссейнге болгон сүйүүсүн жана өздөрүнүн кул пейилин “Буш жакшылап угуп ал: Биз баарыбыз Саддам Хуссейнди сүйөбүз” деген ураан чакыртып билдиришти.
Саддам акыркы 23 жылда түзгөн тоталитардык режим армия менен полициянын айбатына жана президенттин Тикрирлик жакындарына таянып өлкөнү тескеп, маалымат каражаттары жеке өкмөт колунда турган кырдаалда; президенттикке жалгыз Саддам көрсөтүлгөн шартта: добуш берүүнүн жыйынтыгы башкача болушу жана шайлоо эркин өтүшү да мүмкүн эмес.

Ирак кризиси күч колдонулбай чечилеби, бул маселени ООНдун Коопсуздук кеңеши бүгүн -эртең кайра талкууламакчы.

АКШ менен Британиянын сунушу боюнча, Ирак өз эрки менен куралсызданбаса, ага каршы күч колдонууга Коопсуздук кеңеши уруксат бериш керек. Бу пикирге Кеңештин вето укугуна ээ мүчөлөрү Франция, Россия, Кытай каршы.

XS
SM
MD
LG