Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

АКШнын аскердик жаңы бюджети бекитилди.


Улан Алымкул уулу Президент Жорж Буш АКШнын аскердик жаңы бюджетин бекитти. Адистердин эсебинде, Вашингтон коргонуу тармагына жумшай турган каражат Орусияныкынан алты эсеге көптүк кылат. Бул АКШнын тарыхында аскерий чөйрөгө каражат эң көп ажыратылган учур.

АКШ Конгрессинин эки палатасында тең колдоо табып, президент Буш бекиткен аскердик жаңы бюджетке ылайык быйыл 1- октябрдан тарта башталган каржы жылында коргонуу тармагына 355 миллиард доллар акча бөлүнө турган болду. Бул былтыр аскерий чөйрөгө ажыратылган каражаттан 34 миллиард долларга көп, бирок президент Буш алгач белгилеген өлчөмдөн 12 миллиардга аз. Буш аскердик бюджет жөнүндөгү негизги документке кошумча, аскердик курулушту каржылоону караган өзүнчө мыйзамга да кол койду. АКШ мамлекет башчысынын айтымында, коргонуу тармагына каражаттын арбын ажыратылышы терроризмге каршы эл аралык согушту үзүрлүү жүргзүү үчүн зарыл :
"Бул мыйзамдардын эки партиядан тең колдоо табышы Американын биримдигин, Америка кубаттуу экенин жана кубаттуу бойдон калаарын көргөзгөн белги",-деди АКШ президенти Жорж Буш.
Бюджетте каралагандай, аскердик тармакка ажыратылып жаткан каражаттын 7 миллиард доллары ракетадан коргонуу боюнча улуттук системаны түзүү багытындагы иштерди өркүндөтүүгө, бул чөйрөдөгү иликтөөөлөргө, сыноолорду өткөрүүгө сарпталат. Вашингтондун ракетадан коргонуу боюнча жаңы система түзүү планына Орусия, Кытай жана айрым европалык өлкөлөр каршы болуп жүргөнү маалым.
Мындан сырткары ал каражаттан 3,3 миллиард транспорттук учактарды тейлөөгө, 3,2 миллиард аскер-деңиз авиациясына, 3,5 миллиард ок атуучу реактивдүү учактарды жасоого, 249 миллион доллар Перси булуңундагы согуш учурунда көп пайдаланылган канаттуу ракеталар үчүн бөлүнөт.
Адистердин айтымында, АКШнын аскердик бюджети башка өлкөлөрдүкүнөн бир топко көптүк кылат. Көз карандысыз уюм - Коргонуу маалыматтары боюнча Вашингтондогу борбордун эсебинде, маселен Британия аскерий тармакка эң көп каражатты 2001- жылы, 34 миллиард доллар өлчөмүндө ажыратты. Ал эми Франция өткөн жылы 25,3 миллиард доллар бөлдү.
Аскерий тармакка АКШдан кийин эле көп каражат сарптаган өлкө- Орусия. Бирок, Орусиянын коргонуу бюджетинин чоо-жайы коомчулука ачык жарыя кылынбайт. Кооргонуу малыматтары боюнча Вашингтон борборунун адистери эң соңку белгилүү кабар катары 2000- жылдын бюджетине кайрылып, Орусия анда аскерий чөйрөгө 60 миллиард доллар жумшаган болушу керек деген ишенимде. Бул АКШ быйыл ажыратып жаткан каражаттын алты эсеге аздык кылат. Борбордун аналитиги Кристофер Хеллмандын айтымында, кансыз согуш жылдары АКШ менен ал кездеги СССРдин аскердик бюджеттери бирдей эле:
"Кансыз согуш доорунда дайыма алар да аскердик тармакка өз ресурстарынын биздикиндей өлчөмүн жумшап келгени жөнүндө божомолдор болгон ",- дейт Вашингтондук аналитик Кристофер Хеллман.
АКШнын аскердик бюджети азыркыга чейин, 1981- жылы бийликке президент Рейган келген учурда бир топко көбөйтүлгөн эле. Азыр көпчүлүк байкоочулар мындай кадам ал кездеги АКШ бийликтеринин коммунизмдин кулашына жардам бердирүү максатындагы тактикасы болгонун айтышат.

XS
SM
MD
LG