Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

Ирак парламенти ООНдун резолюциясына каршы.


Улан Алымкул уулу. Шейшемби күнү Ирак парламенти бир добуштан ООНдун Коопсуздук кеңешинин өлкөгө аскерий инспекторлорду жиберүүнү караган жаңы резолюциясына каршылык билдирди. Бирок, бул маселе боюнча соңку чечим кабыл алууну президент Саддам Хусейнге калтырды.

Ирак парламентинин президент Саддам Хусейндин буйругуна ылайык чакыртылган чукул сессиясы дүйшөмбү күнү башталган эле. Багдад ООНдун Иракта эл аралык аскерий инспекция жүргүзүүнүн күчөтүлгөн режими каралаган соңку резолюциясынын шарттарына макул же макул эместиги жөнүндө Коопсуздук кеңешин алдыдагы жума күн же 15- ноябрга чейин расмий түрдө кабардар кылышы керек. Байкоочулар адатта Ирак парламенти ар убак президент Саддам Хусейн каалагандай добуш берээрин белгилеп жүрүшөт. Багдаддан түшкөн кабарларда айтылгандай, бул ирээт өлкө парламенти ООНдун резолюциясына бир добуштан каршы болду. Бирок, маселе боюнча соңку чечим кабыл алууну президент Саддам Хусейнге калтырды. Эми акыркы сөз Саддам Хусейн менен ал жетектеген Революциялык башкаруу кеңешинде.
Маалымат агенттиктери билдиргендей, талкуу башталгандан тарта парламентарийлер Улуттар уюмунун жаңы резолюциясынын талаптарын айыпташты. ООНдун Коопсуздук кеңешинин 1441-резолюциясын четке кагуу зарылдыгын алгачкылардан болуп парламенттин эл аралык жана араб иштери боюнча комитетинин төрагасы Салем аль- Кубейси айтып чыкты.
Ал эми өз сөзүндө ООНдун резолюциясын Иракты жана анын элин кемсинткен, согуш чыгарууну көздөгөн документ деп мүнөздөгөн парламент спикери Саадун Хаммади жыйында:
" Элдин эркин жана мыйзамдуу түзүлүштү чагылдырган Улуттук ассамблея улуттук көз карандысыздыкты жана атуулдардын ар намысын коргоо ишинин борборунда турушу, агрессияны жана коркутууну көздөгөн баардык аракеттерди четке кагышы керек. Адамдардын ар намысы менен мекендин көз карандысыздыгынан өйдө эч нерсе жок. Улуттук ассамблея бул резолюцияны адилетсиз деп баалайт, бул адилетсиздикти жана карасанатайлыкты толук четке кагат, ошондой эле президент Саддам Хусейинге колдоо билгизет ",- деп айтты. Ал эми президент Саддам Хусейндин улуу уулу Удайдын ООНдун резолюциясын жактыруу жөнүндөгү сунушун парламент бул ирээт эске алган жок.
Кандай болгон күндө да Ирак парламентинин чечими кайрылуу же сунуш ирээтинде гана чыкмак. Парламент Саддам Хусейндин эркинен тыш иш кыла алат, көз карандысыз орган деп айтуу мүмкүн эмес. "Парламент Саддам Хусейнден ал зарыл деп эсептеген кадамдарды жасоону өтүнөт жана анын кеменгер жетекчилигине толук колдоо көргөзөт ",- деп айтылат Ирак депутаттары шейшемби күнкү добуш берүүнүн соңунда кабыл алган билдирүүдө.
Аналитиктер бул ирээт Саддам Хусейн ООНдун резолюциясынын шарттарына көнүп, аскерий инспекторлорду өлкөгө киргизүүгө макул болот, анда мындан башка арга жок деп болжолдошууда. Резолюция Ирак бийликтеринен инспекторлорду зарыл деп эсептелген обьектилердин баарына, анын ичинде президенттик деп аталган сарайларга да эч чектөөсүз киргизүүнү талап кылат. Кокус резолюциянын шарттары аткарылбаса Багдад аскерий операцияга кабылышы толук ыктымал. АКШ президенти Жорж Буш дүйшөмбүдө ардагерлер күнүн белгилөө учурунда сүйлөгөн сөзүндө эгер Ирак массалык кыргын салуучу куралдардан арылуу жөнүндө талаптарда аткарбаса АКШ армиясынын бүткүл күч кубатын колдонууга даяр экенин кайрадан ырстап :
" АКШ Ирак элине дос бойдон калат. Алар көп жылдан бери өз бийликтеринин катаал репрессиясы менен ички террорун баштан кечирүүдө. Жаңы режим аларды мындан кутултмак ",- деп айтты.
Айтор, Иракта жооп берүү үчүн эки күн убакыт калды. Маалыматтарга караганда, эгер оң жооп түшсө ООНдун аскерий инспекторлорунун алгачкы тобу Багдадга 18- ноябрда барууга даяр.

XS
SM
MD
LG