Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

Израил батыш жеекте дагы бир ири аскердик рейдти баштады.


Байян Жумакадыр кызы 12- ноябрьда Израилдин армиясы палестиндердин Иордандын батыш жеегиндеги Тулькарем шаарынын айланасында рейд өткөрдү. Израилдик аскерлер бул рейд куралчан палестиндердин жекшемби күнү кечинде жасалган кол салуусуна кайтарган жообу болгонун билдирүүдө.

Жекшемби күнү кечинде куралчан палестиндер жөөттөрдүн Мецер деген кыштагына кирип, беш жөөттү, анын ичинде, бир аялды жана анын беш жана төрт жашар эки баласын өлтүрүп кеткен болчу. Жекшемби күнкү кол салуунун жоопкерчилигин Ал-Акша бригадалар тобу өзүнө алган. Израилдик жетекчилик болсо, бул кандуу кол салуунун жоопкерчилигин, палестин лидери Ясыр Арафаттын Фатах кыймылына жүктөп, палестин көтөрүлүшчүлөрүн тынчытууга алы жетпеген Арафаттын кызматтан кетүүсүн талап кылды. Фатах кыймылы бул айыптоолорду четке кагууда. Кыймылдын аты аталбаган жетекчилеринин бири: "Бул кол салууга биздин тийешебиз жок. Биз Ал-Акша менен да эч кандай байланышыбыз жок жана болгон да эмес", -деп билдирди. Ясыр Арафат болсо жөөт кыштагына жасалган кандуу кол салууну кескин сынга алып, анын "артында тургандар жоопкерчиликке тартылууга тийиш"-деп талап кылды. Курман болгон жөөттөрдүн тажыясына Израилдин жаңы коргоо министри Шауль Мофаз жана палестин жетекчилигинин өкүлдөрү катышты. Байкочулар, палесмтин жетекчилиги муну менен абийири таза экенин бышыктагысы келгенин айтышат.
Палестин булактарынын маалымдашынча шейшембиде түнкү саат үчтөн өткөндө 20- 30дай танкалардын коштоосунда Батыш жеектеги Тулкарем шаарынын жанында жайгашкан Ишвейкке е кирип келген Израилдик аскерлер тынч жаткан палестиндердин үйлөрүн тинтип, Мецер кыштагына кол салган топтун жетекчилеринин бири делинген Мухаммет Нэфанын үйүн сүрдүрүп салышты. Башка жоготуулар жөнүндө азырынча так маалымат жок. Ошону менен катар жөөт аскерлеринин Иордандын батыш жеегиндеги Наблус жана Тулкарем деген шаарларына ири масштабтуу рейд жасашы күтүлүп жатат. Аталган чөлкөмгө бир миңге жакын солдат жана оор техника тартылды. Байкоочулар "куралчан палестиндердин уйугу" деп эсептелген жерлерге жакында Дженинге жасалгандай ири чабуул болоорун божомолдошот. Тулкаремге түн жамынып кирген израилдик аскерлер тургундарды үйлөрүнөн чыкпоону, болбосо атып салышаарын радио аркылуу эскертишкен.
Ал эми Дженинде болсо израилдик аскерлердин 17 күндөн берки аскердик рейди соңуна чыккансыйт. Жекшемби күндөн бери израилдик аскерлер ал жерден кете баштады. Кабар агенттиктери рейдтин жүрүшүндө Джыхат исламдык кыймылынын регионалдык жетекчиси жок кылынып, 200 куралчан палестин колго түшүрүлгөнүн баяндашууда.
Шейшембидеги рейд жаалданган улутчул Ариэль Шарондун жаңы курамдагы өкмөтүнүн буйругу боюнча жасалган алгачкы ири аскердик чабуул болду. Жөөт аскерлери учурда Газа тилкесинин айрым бөлүктөрүн жана Иордандын батыш жеегиндеги 5 шаарды көзөмөлдөп турушат. Дүйшөмбү күнү Газа тилкесинде израилдик солдаттар топ ойноп жаткан эки жашар палестин баланы атып салышкан. Израилдик тарап бала жаңылыш атылган октон өлгөнүн айтат.
Байкоочулар бул жолку рейдте жөөт аскерлери Тулкарем менен Наблус шаарларын койон жатагына чейин тинтип, шектүү обьектилерди бутага алаарын божомолдоп жатышат. Израилдин жаңы коргоо министри Мофаз дүйшөмбүдө : "Биз киши өлтүргүчтөрдүн сазайын колуна бермейин, тынчыбайбыз",- деп кесенген. Айрым байкоочулар "Иракка даярдалып жаткан аскердик соккуга Израил шыкакчы болууда"- деген кепке калып, араб дүйнөсүн ого бетер өчүктүрүүдөн чочулап турган Шарон жаңы министрди "ооздуктаганга" аракеттенип жатканын айтышат. Бирок алдыдагы аскердик рейдке карата көрүлүп жаткан ири даярдыктар,- мындай божомол курулай кеп экенин айгинелөөдө. Болбосо, Дженин менен Наблуска оор техника менен куралданган миңдеген жөөт аскерлер тартылбас эле...

XS
SM
MD
LG