Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:00

Днестровье курал менен кош айтышкысы келбейт


Россия президенти Владимир Путиндин сөзүнө караганда, өзүн Молдовадан күнкорсуз деп жарыялаган Днестровьенин жетекчилиги, региондон Россиялык күчтөр менен аскерий техниканы чыгарып кетүүгө тоскоолдук кылууда. 1999- жылы Ыстамбулда кол коюлган келишим боюнча, Россия региондо мурдакы Советтер союзунан калган каруу жарактар менен аскерлерди үстүбүздөгү жылдан кечиктирбей чыгарып кетиши шарт.

Президент Владимир Путин дүйшөмбү күнү Брюсселде журналистер менен болгон кездешүүдө Днестровье чөлкөмүнүн жетекчилигин, аймактан россиялык күчтөрдү жана каруу жаракты чыгарып кетүүгө каршылык көрсөтүүдө деп күнөөлөдү.

Калкынын көбү орус тилдүү Днестровье Молдова коңшулаш Румыния менен кошулуп кетмек болууда деген шылтого жамынып, 1990- жылы өзүн Кишиневдон күнкорсуз деп жарыялаган. Молдова 1992- жылы чөлкөмдү күчкө салып баш ийдирүүгө аракет жасап, уруш орус аскерлеринин арачылыгы менен токтотулган.

ОБСЕнин маалымдашынча, Днестровьеде 2 200 аскер жана 100-дөй вагонго жүктөлгөн жөнөтүүгө даяр 40 миң тоннага жакын курал жарак бар.

Совет заманынан калган аскерий техниканы чыгарып кетүүгө Кремль кызыкдар экенин Владимир Путин 11-ноябрда тастыктады, бирок, алар качан чыгарылып бүтөрүн так айтпады. “Биз өз милдеттенмебизден качпайбыз жана аскерлерди Днестровьеден чыгарып кетүүгө кызыкдарбыз. Тилекке каршы, чөлкөмдүн жетекчилиги менен бул маселени чечүү өтө татаал болууда. Алардын өз кызыкчылыгы жана улуттук кызыкчылык жөнүндө өз түшүнүгү бар. Алар жаңылыш көз карашта экенине ишнем. Биз алар менен бул маселени талкуулоону улантабыз”, - деп маалым кылды Путин кабарчыларга.


Днестровьелик жикчилердин көздөгөнү- Молдова менен конфердерация түзүү. Кишинев чөлкөмгө автономиялык укук бергенге макул. Ушундай келишпестиктин айынан ОБСЕ, Россия жана Украинанын арачылыгы астындагы Кишинев- Тирасполь ортосундагы сүйлөшүүлөр ара-чолодо токтоп турат.

ОБСЕнин Молдовадагы миссиясынын башчысы Дэвид Шварцтын өткөн жумада билдиришинче, Днестровьеден аскерий техниканы чыгарып кетүү жөнүндө 1999- жылы Ыстамбулда кол коюлган келишим мөөнөтүндө аткарылбаса, ал үчүн Москва жооптуу болот. “Келишимдин мөөнөтү боюнча суроого Россиянын саясый жетекчилиги жооп бериши абзел. Бирок, проблеманын чечилиши, бир жагынан Днестровье чатагынын саясый жөндөлүшүнө, экинчи жактан, Европадагы аскерий күчтөр жөнүндөгү келишимге байланыштуу. Чатакты саясый жол менен чечүүнү, Европалык аскерий келишимди жана Ыстамбулда берилген убадаларды кантип байланыштырса болот? Суроого жоопту ОБСЕнин декбарда Португалияда болчу саммити берет” ,- деген ишеничте Шварц.

Россия газ үчүн төлөнбөй жүргөн Днестровьенин 100 миллион доллар борчун кечкенден кийин, маселе бир аз алдыга жылгандай болгон жана үч эшелеон курал жарак Россияга жөнөтүлгөн.

Курал жарактын, маң заттарынын жана мунайдын аткезчилигине, жумушчу күчүн жана сойкуларды сырт өлкөлөргө жөнөтүүгө негизделген чөлкөм экономикасын сепартачы-лидер Смирнов менен анын өнөктөрү контролдойт. Мыйзамсыз бизнес, эксперттердин эсеби боюнча, сепартчы-лидерлерге жылына 1 миллиард доллар киреше берет.

ОБСЕге мүчө өлкөлөр чөлкөмдү аскерий техникадан тазалоо үчүн атайын корду да түзүшкөн. Каруу жарак чыгарылып кетер замат, кордун эсебинен 2 миллион долларлык көчмө конструкцияларды жасоочу ишкананы курууну сунуш кылганда, ырасмий Тираспол шартка көнбөй койгон.

Дэвид Шварцтын пикиринче, Порто шаарында 6-7- декабрда болчу саммитте, ОБСЕнин өкүлдөрү Днестровьеден курал жаракты чыгарып кетүүгө байланыштуу үч маселени такташы керек. Тактап айтканда:

“Биринчиси, келишим мөөнөтү артка жылдырылбашы абзел. Себеби, келишимди аткарууга бөлүнгөн каражаттын калган суммасын донор өлкөлөргө кайтарып беришибиз шарт. Экинчиси, мурда чектелген мөөнөт кандай жол менен болсо да узартылат. Үчүнчүсү, 31-декабрга белгиленген мөөнөт узартылбайт, бирок, каруу жаракты чыгарып кетүүнү каржылоо келишимде көрсөтүлгөн түрдүү форманын бирине ылайык улантыла берет. Ушул үчөөнүн бири тандалыш керек”,- дейт ОБСЕнин Молдовадагы миссиясынын башчысы Дэвид Шварц.

XS
SM
MD
LG