Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

НАТО эмнеге муктаж?


Улан Алымкул уулу Келерки аптада Прагада НАТОнун кезектеги саммити өтөт. Жогорку деңгээлдеги бул жыйында Түндүк -атлантикалык союзду кеңейтүү маселеси менен бирге, уюмдун коргонуу жөндөмдүүлүгүн жакшыртууга багытталган иш чаралар тууралуу да сөз болоору күтүлүүдө. НАТО уюму аскерий мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн эмнелерге муктаж?

21-22- ноябрь күндөрү Чехия баш калаасы Прагада өтүүчү саммитке НАТОго мүчө он тогуз өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары чогулат. Ушундай эле деңгээлдеги делегациялар уюмга кирүүгө талапкер өлкөлөрдөн да келмекчи. Жыйынга НАТОго өнөктөш өлкөлөрдүн өкүлдөрү да катышат.НАТОлук расмий адамдардын айтымында, Прага саммити учурунда уюмдун аскерий жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн багытталган жаңы демилгелер жөнүндө да сөз болмокчу. НАТО - дүйнөнүн эң кубаттуу бирикмеси болгону менен ага мүчө өлкөлөр алдыда турган жаңы коркунучтар менен чакырыктарга жооп бериш үчүн дагы чыңдалуу зарылдыгын моюнга алат.
Маселен, мындан үч жыл мурун, 1999-жылы Вашингтондо өткөн саммитте Коргонуу мүмкүнчүлүктөрүнүн демилгелери деген документ кабыл алынган. Бирок, коргонуу маселерине адистешкен британдык "Jane's " изилдөө борборунун жазганына караганда, анда белгиленгендердин көпчүлүгү азырынча аткарылбаган бойдон калууда.
АКШ менен анын НАТОдогу европалык өнөктөштөрүнүн аскерий мүмкүнчүлүктөрү ортосунда чоң айрыма бар экени белгилүү. Вашингтон бул ажырымды жою үчүн европалык өнөктөштөрүн коргонуу тармагына ажыратылган каражаттардын өлчөмүн жогорулатууга чакырып жүрөт. Ал эми европалыктар АКШ өзүнүн аскерий технологиясын өнөктөштөрү менен бөлүшүүгө макул болушу керек деп эсептейт. НАТО баш катчысы Жорж Робертсон өткөн айда Вашингтондо болгон учурунда :
"Эгер АКШ европалыктар бүгүнкү коркунучтардан чыгып жаткан жоопкерчиликтер менен тобокелчиликтерди чогуу бөлүшүүсүн кааласа, Европанын армиясын модернизациялоо үчүн зарыл технологияларды берүүгө даяр болушу керек ",- деп билдирген.
Британдык "Jane's " изилдөө борбору жарыялаган маалыматтар боюнча, НАТОнун жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча Прага саммитинде каралчу сегиз демилге мындан үч жыл мурун Вашингтондо кабыл алынган документте камтылган. Ошондой эле алар НАТОнун 20 миң аскерден турган Тез аракеттенүүчү көп улуттуу күчтөрүн түзүү жөнүндөгү АКШнын сунушуна үндөш. Белгиленген планга ылайык НАТОнун Тез аракетенүүчү күчтөрүнүн курамындагы аскерлер жана алар колдонгон курал жарактар жана жабдуулар ар бир өлкөнүн өзүндө турушу керек. Бирок, дүйнөнүн кайсыл бир бурчунда чатак чыккан учурда алар жети күндөн отуз күнгө чейинки убакыттын ичинде чогуу жайгашууга жөндөмдүү болушу зарыл. "Jane's " изилдөө борборунун жазганына караганда, Прага саммитинде АКШнын бул сунушу колдоо табаары күтүлүүдө. Мындан сырткары "Jane's " изилдөө борбору саммити утурлай жарыялаган баяндамасында Европалык өлкөлөр октябрь айынын соңунда коргоо министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде өткөн жыйында НАТОнун аскерий жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган милдеттерди ишке ашыра баштоо үчүн айрым макулдашууларга жетишкенин белгилейт. Алдыда ал макулдашуу кабыл алынган соң, парламенттер тарабынан ратификацитяланышы керек. Ага ылайык Германия, Испания жана Голландия өз тарабынан НАТОнун жөндөмдүүлүгүн көтөрүүгө багытталган иштердин үчөөсүн жетектөөгө макул болду.
Маселен, Германия өтө оор салмактагы жүк көтөрүчү "Боинг С-17" же Антонов АН –124 үлгүсүндөгү учактардан сегизден он бешке чейинкини ижарага алуу ишин уюштурат.
Ал эми Испания 2005- жылга чейин талап кылынган 48 танкер учакты сатып алуу же ижаралоо ишин жетектейт. Танкер учактар аскерий учактарга абадан май кую үчүн талап кылынат.
Голландияга болсо так багыттагы ок- дарыларды сатып алууну уюштуруу иши жүктөлүүдө. Бул ишке Голландиядан тышккары Дания, Греция, Норвегия жана Португалия тартылат. Алар өзүлөрүнүн Ф-16 үлгүсүндөгү учактары үчүн ок- дары сатып алууну көздөөдө. "Jane's " изилдөө борбору белгилегендей, АКШнын экспорт мыйзамдары андай курал жарактар менен ок дарылардын жаңы түрлөрүн четке сатууга тыю салат жана учурда Голландия өкмөтү бул маселе боюнча Вашингтон менен сүйлөшүү жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG