Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Лондондун метросунда теракт жасалмакпы?


Улан Алымкул уулу Британияда, Лондон шаарынын метросунда террордук акт жасоого ниеттенген деген шек менен үч адам камакка алынганы белгилүү болду. Айрым британ гезиттеринин жазганына караганда, камалгандар "Аль-кайида" уюму менен байланышта турган топтун мүчөлөрү жана метро жүргүнчүлөрүн газ менен ууландырууну көздөшкөн.

Британ полициясы камакка алгандан кийин террорчулук боюнча расмий айып койгон үч адам тең дүйшөмбү күнү сотто сурак берээри күтүлүүдө. Камакка алынган Рабах Чекат Байс, Карим Кадури, Рабах Кадрисдин курагы жыйырма- отуздун тегерегинде. Алар Британияда туруктуу жашап, бирок ишсиз жүрүшкөн. Жергиликтүү "Sunday Times " гезити ырастагандай, шектүү террорчулар теги боюнча тунистик жана мароколуктар. Ошондой эле алар Усама бин- Ладендин "Аль-Кайида " террордук түйүнү менен байланышта турган кайсыл бир топтун мүчөлөрү. Британияга химиялык заттарды алып келип, "газ бомбасын " жасоону пландашкан.
Мындан сырткары "Sunday Times " гезитинин маалыматына караганда, камакка алынгандар Лондон шаарынын метросунда жүргүнчүлөрдү дал ушул газды колдонуу менен ууландырууну көздөшкөн. Британиялык расмий өкүлдөр жергиликтүү басма сөздүн жогорудагыдай маалыматтарын комментарийлешкен жок. Полиция болгону үч адам камакка алынып, аларга өлкөнүн антитеррордук мыйзамдары боюнча " террордук актыларды даярдоодо, аткарууда колдонулуучу заттарга ээлик кылганы үчүн " деген расмий айып коюлганын гана билдирди. Мындан башка түшүндүрмө берилбеди. Британ коомчулугуна да шектүү террорчулар камалганы тууралуу кабар кечирээк белгилүү болду. Айрым маалыматтарга караганда, алар 9- ноябрда эле камакка алынган.
Айтор, соңку окуя бир жагынан британ премьер- министри Тони Блэрдин жакындагы эскертүүлөрүн ырастагандай болду. Өткөн дүйшөмбү күнү жыл сайын Лондондун мэри уюштуруучу салтанаттуу кабыл алууда сүйлөгөн сөзүндө Блэр терроризм азыр чек араны тааныбай калганына токтолуп, британдыктарды кыраакы жана сак болууга чакырган эле. Ал эми терроризмге каршы жүргүзүлүп жаткан глобалдык согушка кайрылып, британ премьери:
" Баардык согуштардай эле, бул биздин күрөшүү жөндөмдүүлүгүбүздү эле эмес, биздин мүнөзүбүздү, биздин бекемдигибизди, биздин турмуш жолубузга карата ишенимибизди сынайт. Мен толук ырастай алам, бул согушту биз жеңебиз, бирок ал залакасыз жана кунсуз болбойт ",- деп билдирген. Расмий өкүлдөр анда өкмөт башчысынын сөздөрү жалпы мүнөздө экенин, кандайдыр бир конкреттүү коркунучка байланышпанганын айтышкан.Бул ирээт полиция өкүлдөрү да премьер-министрдин сөзү менен соңку окуянын байланышы жок экенин белгилешти. " Эгер өкмөт жана полиция тигил же бул коркунуч анын ичинде метро боюнча да калкты эскертүү керек деп эсептесе, бул иши эч токтоосуз жасалат ",- деп айтты британ ички иштер министрлигинин өкүлү.
Лондондун метросу дүйнөнүн эң эски метролорунун бири, каттоо багыттары да арбын. Буга чейин кандайдыр бир террордук коркунучка кабылган эмес. Бирок соңку окуя мындан мындан жети жыл мурун Токио шаарынын метросунда жасалган террордук актыны эске салат. Анда жергиликтүү диний экстремист метрого зарин газын коё бергенде 12 адам өлүп, 5000 миңдей киши ууланган.
Кошумчалай кетчи дагы бир маалымат азыркы окуядан бир нече күн мурда эле Италиянын ликёр чыгаруучу ишканасы Лондондун метросунда белгилеген рекламалык кампаниясын токтоткон эле. Италиялык ликёрчулар Лондон метросунун кээ бир станцияларына айтылуу "Амаретто " ликёрун белгилүү кылган бадамдын жытын себүүнү пландашкан. Мындай иш чара жүргүнчүлөрдү кызыктыруу максатында жасалмак. Адистердин айтымында, бадамдыкы уулуу цианид затынын жытына окшош. Андыктан, италиялык ликёр өндүрүүчүлөр жогорудагыдай рекламалык кампания азыркы коопсуздук жагдайларына ылайык эмес, кайра жүргүнчүлөр арасында кооптонууларды көбөйтүшү ыктымал деген жыйынтыкка келди.

XS
SM
MD
LG