Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:18

Журналисттер эмне ойдо?


Бекташ Шамшиев Апта бою Кыргызстандын расмий бийлигинин тынчын алган Бишкек жүрүшү карапайым калк менен тартип сактоо органдарынын ортосундагы күч сыноо мелдешине айланып баратат. Өкмөт нааразы болгондорго эч кандай күч колдонбогонун жарыялап, байма-бай маалымат жыйындарын өткөрүүдө. Ага улай азыркы бийликти жактоочулардын көрсөтмөлүү жыйыны Жогорку Кеңеш имаратынын алдында уюштурулду. Саясий жагдай маалымдоо каражаттарында бул ирет деле кош жактуу чагылдырылууда.

Маалымат майданындагы экиачакейликтин себеп-жөнү деле белгилүү. Республикада болуп аткан окуяларды бийлик чокусунда отургандардын көңүлүн оорутпай, көбүнесе ийгилик менен жетишкендиктерди көкөлөтө мактап туруунун кыныгын алган "алтын калам" маалымдоо каражаттары акыйкат издеп Бишкекке келгендерди калемпир сынга алып, аларды оппозициянын айткан-дегенинен чыкпаган жетеленме калк катары сындоого үлгүрүштү. Болуп аткан окуяларды жасап-түзөбөй ачык чагылдырчулардын саны чакталуу эле. Бишкекте эмне болду, ага кимдер келди, аларды кантип тосуп алганы, кайра үйүнө узатуу жөрөлгөсү кантип жасалганын карапайым эл гезиттен окуп, үналгы-сыналгыдан уга албаса окуяга катышкандардын өзүнөн сурамжылап билери турган иш. Сөз арасында айтып койчу бир жагдай, бул өзү азыркы кыргыз бийлигинин нака жүзүн тасырайтып ачып койгон көрсөтмөлүү окуя болду. Ал тууралуу пикирин билмекке айрым журналисттерге кайрылдык. Замира Кожобаева Аксы трагедиясын, акыйкаттык издеп ал жагы - Ошко, бул жагы Бишкекке чейин жөө- машине жүрүш уюштургандардын суроо-талабын жакшы билет. Замира Кожобаева аксылык пикетчилер менен жөө жүрүштө бирге болгон. "Алар эч качан мыйзамды бузушпайт,- дейт журналист.- Мыйзамды аларга каршы жыйындарды уюшутуруп аткандар бузушууда".Экинчи маектешибиз - "Вечерний Бишкек" гезитинин кабарчысы Алмаз Рысалиевдин пикиринче, ушу тапта нааразы болгон саясатчылардын жакындары пикет, митинг уюштурууну адатка айландырып алышты. "Пикет, митингдер көбөйүп кетти, - дейт Алмаз Рысалиев.- Бишкекке келгендерди бийликке умтулган оппозициялык депутаттар уюштурушту". Базарбай Буканбеков "Аалам" гезитинин башкы редактору, улуттук каада-салт, баалуулуктар тууралуу көп жазган калемгер . Анын пикиринче, айылдан келгендердин пикирин бийлик угушу керек эле. Аларды зордоп артка жөнөтүп ийүү менен азыркы бийлик чолок саясат жүргүзөнүн көрсөтүп койду. Шаарга келгендер партизандардай жашырынбай, саясий акцияны ачык өткөрүшү керек эле.

Тартип сактоо кызматкерлеринин өкүмзордугу менен нааразылык билдиргени келгендердин аракет-кыймылынын партизандык өң-түспөл алганы өзүнчө кеп.

XS
SM
MD
LG