Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

Инспекторлор Иракта


Эсенбай НУРУШЕВ. Багдадге келип түшкөн ООНдун 30га чукул адистери үчүн шейшемби толук жумушчу күн болду.Инспекторлордун башчысы Ханс Бликс ирак өкүлдөрү менен аскери инспекциянын практикалык өңүттөрүн талкуулады.Бул учурда Ирактын аскер күчтөрү өлкөнүн түндүгү менен түштүгүндөгү коопсуздук зонасында америкалык жана британдык согуш самолетторун аткылады. Кошмо Штаттары муну резолюциянын шарттарын бузган кадам деп атады,бирок азырынча маселени ООНдун коопсуздук кеңешине койбой тургандыгын ырасташты.

ООНдун курал-жарак инспекциясы боюнча комиссиясынын башчысы Ханс Бликс Багддад өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарын комментариялап,иштин башы жаман эмес дегендей кыяз кылды. «Менимче,биздин ишибиз илгерилей баштады»,-деп айтты ал журналисттерге.«Мен бу жерде 1991-жылы гана болгон элем,эми болсо жаңы мүмкүндүк- төр ачылды,бу жолку мүмкүндүктөр өтөлгөсүн берерине жана узактан бери келаткан санк- циялар алынарына,акыры жакынкы чыгышта массалык апаат салчу куралдардан арылган аймак түзүлөрүнө ишенебиз»,-деп айтты Бликс.Ирактын аскерий кампаларынан эчтеме кал- тырбай каркап текшерип чыгуу үчүн инспекторлорду,Бликстин айтымында,бардык өлкөлөр, анын ичинде Кошмо Штаттары чалгындоо маалыматтары менен камсыздоого тийиш.Бликс менен бирге Багдадда атом энергетикасы боюнча эл аралык мекеменин – МАГАТЭнин башчысы Мухаммед аль-Барадей да жүрөт.
Өз кезегинде Ирак бийликтери инспекторлорго бардык жактан көмөктөшкөнгө сөз бериш- ти.Революциячыл командалык кеңештин башчысына орунбасар Иззат Ибрагим Ирактын дүйнө коомчулугунан жашыра турган эчтемеси жок,ошол себептен Багдад ООН менен кыз- матташууну чечти,бирок зарылдыгы туулса ирактыктардын баары бир кишидей болуп өз мекенин коргойт деп билдирди.Эл аралык эксперттер менен ийиндешип иштегенге Багдад бийликтери кайрадан улуттук көзөмөл башкармасынын башчысы генерал Хусам Аминди бекитишти.Бу кызматка ал мурдагы инспекциянын башталышында,мындан он бир жылдай илгери дайындалган эле.Эл аралык инспекторлорду көлөкөдөй ээрчип,алардын кылт эткен ар бир кадамын кыя кетирбей акмалап турган жагынан анын чоң тажрыйбасы бар дешет. Бирок анын мындай кыраакылыгы бу жолу Багдаддын башына муш болуп тийиши ыктымал. ООНдун жаңы резолюциясы Иракка инспекторлорду жөнөтүү маселесине эмес,Иракты толук куралсыздандыруу ишине арналган документ экендигин Кошмо Штаттардын прези- денти Жорж Буш дүйшөмбү күнү дагы бир жолу эскертти.
Бул учурда ирактын армиясы өлкөнүн түндүгү менен түштүгүндөгү коопсуздук зонасын кайгоолдоп жүргөн америкалык жана британдык согуш самолетторун аткылады.Муну Вашингтондо ООНдун жаңы резолюциясын бузган кадам деп баалашты.”Кошмо Штаттары коопсуздук зонасында биздин жана британдык самолеттордун аткыланышын тийиштүү эрежелердин бузулушу деп эсептейт.ООНдун резолюциясына ылайык,эгер биз эп көрсөк маселени коопсуздук кеңешине койо алабыз”,деп билдирди Ак үйдүн басма сөз катчысынын орунбасары Скотт Макклиллан.
Багдад болсо Вашингтондун билдирүүсүнө тутулана жооп кайтарды.Ирак бийликтеринин ою боюнча,өлкөнүн түндүгү менен түштүгүндөгү коопсуздук зонасынын өзү эл аралык эре- желерге кайчы келет. «Вашингтондун акыркы апаздары ырастап тургандай,Кошмо Штатта- ры ООНдун резолюциясын Иракка каршы өзүнүн агрессивдүү пландарын актоо үчүн гана пайдалангысы келет»,-деп айтылат ырасмий Багдаддын билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG