Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

БОРБОРАЗИЯЛЫК ӨЛКӨЛӨР ЖАНА НАТО САММИТИ


Эсенбай НУРУШЕВ НАТОнун Прагадагы саммитине борборазиядан үч президент келишти.Жы- йында негизинен альянсты кеңейтүү проблемасы талкууланат,буга карабастан региондун өкүлдөрү саммитти НАТО менен байланышын жана кызматташтыгын чыңдоо үчүн оңтой- луу мүмкүндүк катары эсептешүүдө.

НАТОнун Прагадагы саммитинде борборазиядан үч президент - Казакстандан Нур султан Назарбаев, Өзбекстандан Ислам Каримов жана Тажикстандан Имамали Рахмо- нов болушат.Кыргызстан менен Түркмөнстан болсо Прагага коргоо жана тышкы иштер ми- нистрлерин жөнөтүштү.Региондун өкүлдөрү жыйындын күн тартибиндеги талкуу-таңаштар- га катышпайт,андай болсо саммиттен алар кандай нап табышат? НАТОнун өкүлү Ив Бро- дердин сөздөрү боюнча,борборазиялык өлкөлөр бул саммитти өздөрү үчүн оңтойлуу жы- йын катары кабыл алышты,региондун өкүлдөрү бул жерде НАТОлук өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары менен жолугушат,региондун коопсуздук проблемаларын талкуула- шат.Мындан тышкары алар НАТОдон эмнелерди күтүшөт,альянс аларга кандай жардам- дарды көрсөтө алат,бу жагынан өздөрүнүн көз караштарын айта алышат.Бул жыйын чы- нында эле пикир алмашуу форуму болот, мунун арты болсо кызматташтык программалары- нын жаралышына алып келет.Андыктан Прага,Бродердин ишениминде,борборазиялыктар үчүн маанилүү болмокчу.
Борборазиядагы бардык беш өлкө тең НАТОнун “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасы- на катышат.Тажикстандын Бельгиядагы элчиси Шариф Рахимовдун айтымында,бу програ- мма терроризмге каршы күрөштө жана чукул кырдаалдарда өтө майнаптуу болуп жатат. Тажикстан жыл сайын күчтүү зилзаладан,суу ташкындардан жабыр тартат.Мындан тышка- ры өлкөнүн аймагын жер миналарынан тазалоо ишиндеги кызматташтык да үзүрлүү болууда. Ал эми Лондондук эксперт Алекс Ватанканын болжолунда Прага саммитинин күн тартибинде негизинен Кошмо Штаттары менен Европанын ортосундагы финансы жана кыз- матташтык маселелери үстөмдүк кылат,андыктан борборазиянын проблемаларына көңүл деле бурулбайт.Чоң талкуу Вашингтон менен анын НАТО боюнча союздаштарынын коргоо чыгымдарына,ошондой эле Европа Вашингтонго көмөктөшүүдө кандай ролу ойной алат,ушул маселелердин тегерегинде болот.Андыктан НАТО менен Борборазиянын мами- лелерине саммитке катышкандардын,менимче,чолоосу деле тийбейт деп эсептейт Алекс Ватанка.
Борборазиялык өлкөлөр былтыркы жылдын 11-сентябрынан кийин антитеррордук согуш- та Кошмо Штаттардын өнөктөшүнө айланды.Азыр региондо америкалык жана НАТОлук өлкөлөрдүн контингенттери турат.Эл аралык укук коргоочу уюмдар дал ушул окуялардан кийин региондо адам укуктарынын абалы кескин мечөөлөп кеткендигин белгилеп,альянстан иштин ушул өңүтүнө көңүл бурууну талап кылышууда.Бирок НАТО Прага саммитинде бор- боразиялык өлкөлөргө бу жагынан кандайдыр бир кеп-кеңештерди айтууну ниет кылып жат- кан жок.Өзбекстандык белгилүү диссидент Мухаммад Салихтын пикири боюнча,борбора- зиядагы,өзгөчө Өзбекстандагы азыркы режимдер калктын жада калса эң негизги талап- тарына деле көңүл бурбайт.Тескерисинче,өзбек диссидентинин баасында,элге каршы сая- сат жүргүзүп жатышат.Буга карабастан демократиялык оппозиция региондун эл аралык жа- маат менен тыгыз кызматташуусун жактайт.Ошону менен бирге демоппозиция “региондогу режимдер терроризмди жана стабилдүүлүктү шылтоолоп,репрессиялык саясатын күчөтүп жатышканына да Батыштын назарын буруп турмакчы”.НАТОнун өкүлү Бродер альянс региондогу өлкөлөр менен бул тармакта да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келатканын белгилеп, бирок демократиялык өзгөрүүлөрдүн үзүрүнө жетүү үчүн кыйла жыл керек болот мүмкүн деп эсептейт.Ал эми америкалык профессор Стефан Блактын көз карашында,НАТО кризи- стерди жөнгө салуу жана коллективдүү коопсуздук уюмуна айланып баратканы калетсиз, мындан болсо Борборазиялык өлкөлөр чоң пайда-бата көрө алат.Бирок НАТО регион ме- нен тыгыз мамиле түзө алса,анда Евросоюз сыяктуу эле жергиликтүү өкмөттөрдөн көп иш- терди өзгөртүүнү талап кыла алмак,деп ойлойт Блак.

XS
SM
MD
LG