Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Түркиянын жаңы өкмөтү өлкөнү экономикалык кризистен алып чыгат


Байян Жумакадыр кызы 19-чу ноябрьда Түркияда жаңы премьер министр Абдулла Гүл ишке киришти. Жаңы өкмөттүн алдында Европа союзуна кирүү үчүн зарыл реформаларды ишке ашырууга жана АКШнын Иракка каршы ыктымал сокку уруусуна айланышкан проблемалардын чечүүгө тийиш. Бирок жаңы өкмөт башчысы өлкөнүн ички маселелерин чечүүгө да олутуу көңүл буруулга тийиш экенин билдирди.

19-чу ноябрьда Түркияда жаңы премьер министр Абдулла Гүл ишке киришти. Жаңы өкмөттүн алдында Европа союзуна кирүү үчүн зарыл реформаларды ишке ашырууга жана АКШнын Иракка каршы ыктымал сокку уруусуна айланышкан проблемалардын чечүүгө тийиш. Бирок жаңы өкмөт башчысы өлкөнүн ички маселелерин чечүүгө да олутуу көңүл буруулга тийиш экенин билдирди.
Ушул жуманын башында Түркиянын жаңы дайындалган өкмөт башчысы Абдуллах Гүл жаңы кабинет азыркы экономикалык кыйынчылыктардын кесепеттерин жеңилдетүү максатында социалдык реформаларды жүргүзүүгө убада кылган. 1950- жылы Андолунун Кайзери шаарында төрөлгөн Гүл, Сауд Арабияда жана Британияда билим алган. Билими боюнча экономист.Мурдагы Рифак партиясынын мүчөсү катары эки жолу парлементке депутат болуп шайланып, Эрбакандын кабинетинде жооптуу кызматтарды аткарган.
Түркиянын кызматтан кеткен премьер-министри Булент Эжевиттин Демократиялык Солчулдар партиясы өткөн парламенттик шайлоодо чоң моралдык жоготууга учурады. Анын партиясынан парламентке бир да депутат өтө алган жок. Бирок инсандык жана саясий абройуна олуттуу шек келгенине ыза болгонун билдирбегенге аракеттенген Эжевит, жаңы өкмөт башчысына ийгилик каалады. "Урматтуу Гүл мырза абройлуу жана тажрыйбалуу саясатчы. Мен анын бул кызматты ийгиликтүү аткарарына ишенем жана ишине ийгилик каалайм",- деп билдирди Эжевит.
Абдулла Гүл Түркиянын 58-өкмөтүнүн башчысы. Жаңы өкмөт заман бап "Адилет жана өнүгүү" партиясынын өкүлдөрүнөн куралды. Партия 3-ноябрьда өткөн кезексиз парламенттик шайлоодо бүткүл өлкө боюнча жеңишке ээ болду. Парламентке түрк коомуна бейтааныш көптөгөн жаңы саясатчылар шайланды. 550 орундуу түрк парламентинин 363 орду- "Адилет жана өнүгүү" партиясынын энчисине тийип, өлкөдө 1987- жылдан бери биринчи жолу жалгыз партиянын өкүлдөрүнөн турган кабинет түзүлдү. Ага 24- министр кирди, бул Эжевиттин коалициялык кабинетиндегиге караганда 10 министрге аздык кылат.
Тыйуу салынган Фазилет партиясынан Стамбулдун мурдагы шаар акими Режеп Тайып Эрдогандын жетекчилиги астында 2001-жылы бөлүнүп чыккан бул партия замап бап исламчыл партия болуп эсептелет, түрктөр ал партиянын көз карашын "Саясий Ислам" деген аталыш менен сыпатташат. Түркиянын экспремьери Нежметдин Эрбакандын партиясынан бөлүнүп чыккан адилетчилер өзүлөрүн радикалдуу исламдан оолак кармоого аракеттенишет. Бирок байкоочулар алардын Фазилет партиясынан бөлүнүп чыгуусуна идеологиялык келишпестиктер эмес, партиянын ичинде демократиянын жоктугу себеп болгонун айтышат. "Исламчыл партиялардын аракетенүүсүнө тыйуу салган мыйзамдарга каршы жаңы премьердин азырынча ооз ачпаганы мына ушуну менен түшүндүрүлөт", - дешет алар. Ошентсе да жаңы премьер исламдык партиялдардын ишин чектеген мыйзамдардын жойулуусун колдой тургандыгын жашырбайт. Америкалык журналист менен болгон маегинде ал аялдардын мамлекеттик мекемелерге жоолук салынып баруу укугун калыбына келтирмекчи экенин айткан. 80-жылдарда киргизилген бул мыйзам аялдарга мамлекеттик мекемелерде жоолук салынып жүрүүгө тыйуу салат, жана коомчулук муну секуляристтердин исламчыларга өчүккөндөн кабыл алган мыйзамы деп сыпатташат.
Башка бир байкоочулар Эрбакандан айырмаланып жаңы премьер Европа Союзуна кыйла жумшак мамиле жасай турганын, ал "Адилет жана өнүгүү" партиясына-Түркияда, Христиан демократтарга- Батыш Европада энчиленгендей, олуттуу орун берилүүсүн көздөп жатканын белгилешет.Партия бийликке келсе, Түркиянын Евросоюзга кабыл алынуусун тышкы саясаттын негизги максаты кыла турганын убада кылган. Убадасынын өтөлүнө чыга турганын ырастап, партиянын жетекчиси Режеп Тайып Эрдоган азыр Европа өлкөлөрүн кыдырып, өлкөдөгү адам укуктарынын абалы менен Кипр проблемасына камтама болуп жаткан Натолук шериктерин жооткотконго аракеттенип жатат. Түркия Евросоюзга кирүүгө 1987-жылы арыз берген. Бирок алдыда аталган проблемалар Түркиянын уюмга кабыл алынуусун улам артка тартып келет.
Гүл баштаган өкмөт коррупция жана Түркияны экономикалык кризистен чыгаруу маселесин эң маанилүүлөрдүн катарында атап, өлкөнү кризистен алып чыгуунун программасын жарыялады. Анда салык реформасын жүргүзүү, коомдук сарптоолорду кескин кыскартуу жана менчиктештирүүнү ыкчамдаттуу пландаштырылган. Байкоочулар долбор өлкөнү кризистен куткаруу программасын каржылап жаткан Эл Аралык Валюта Корунун колдоосуна ээ боло турганын божомолдошот. Кор өлкөгө быйыл эле 16 миллиард доллар бөлгөн. Анкара менен кордун сүйлөшүүлөрүнүн келерки айланпасы январ айында болот.

XS
SM
MD
LG