Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Натого жаңы мүчөлөр чакырылды


Байян Жумакадыр кызы 21- ноябрьда Чехиянын баш калаасы Прага шаарында НАТО өлкөлөрүнүн саммити өз ишин баштады. Саммиттин эртең мененки жыйналышында Натонун баш катчысы Джордж Робертсон уюмга кирүүгө чакыруу алышкан жети өлкөнүн аттарын атады.

" Мен бул жерден Нато өлкөлөрүнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын жыйынында биз Натого Болгария, Эстония, Латвия, Литва, Румыния, Словакия жана Словенияны чакырганыбызды салтанаттуу жарыялайм. Түндүк Атлантика Кеңеши ушундай чечим чыгарды", – деди Робертсон.
Катчынын бул билдирүүсүн Саммитин катышуучулары кол чабуулар менен кубатташты. Акшынын президенти Джордж Буш: "Америка бул чечимге өтө курсант. Бул биздин эң маанилүү өнөктөштүгү- аскердик альянс үчүн өтө маанилүү. Арабызга жети өлкөнү чакыруу менен биз аскердик жөндөмүбүздү эле бекемдебестен, улуу демократиялык альянстын рухун жаңыртып жатабыз", – деп билдирди.
Натонун кеңейишин Чех республикасынын жана Польшанын мамлекет башчылары Вацлав Гавел менен Александр Квашневский кубатташты. Президент Квашневский бүгүнкү күн Натонун 53 жылдык тарыхына өзгөчө күн катары кире турганын баса белгиледи.
1949- жылы түзүлгөн Түндүк Атлантика Аскердик блогу жарым кылымдан ашуун убакыттын ичинде төрт жолу кеңейген жана бул жолу уюмга эң көп өлкө чакырылып отурат. Алгачында Белгия, Британия, Канада, Дания, Франция, Исландия, Италия, Люксембург, Голландия, Португалия жана Акш кирген уюмга 1952 жылы Греция менен Түркия, 55- жылы Германия, 82- жылы Испания жана 99 жылы Чехия, Польша, жана Мажарстан киришкен. Натого жаңы чакырылган өлкөлөр 2003-жылы жазында Натого мүчө болуу жөнүндөгү протоколго кол койушуп, өз мамлекеттеринде протоколду ратификациялоо жараянын башташат. Ошону менен катар Натого азыр мүчө 19 өлкө да алардын мүчөлүгүн расмий кубаттоого тийиш. Бул жараяндардын 2004-жылдын жай айларында боло турган Нато саммиттине чейин аякташы күтүлөт.
Прагада өтүп жаткан саммитте Ирак маселеси жана Натонун ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүн түзүү планы талкууга алынат. 20 миң кишиден турган ыкчам аскерлер дүйнөнүн кайсы болбосун жагында ыктымал пайда боло турган согуштук жагдайда ылдам аракеттенүүгө кудуреттүү болууга тийиш. Буга байланыштуу Натонун баш катчысы Робертсон менен президент Буш Натонун Европадагы мүчөлөрү менен Канадага кысым көрсөтүп, өлкөлөрдү коргоо бюджеттерин олуттуу көбөйтүүгө көндүрмөкчү. Бул каражаттар Натонун аскердик авиациясын жаңы үлгүдөгү учактар менен жабдуу, абада май куйуучу учактардын паркын заманга ылайык келтирүү, телекоммунициялык жабдуулар жана жер үстүндөгү тейлөө кызматтарын жакшыртуу, химиялык жана биолгиялык куралдардан сактануу жана элитардык оперативдик аскердик бөлүктөрдү түзүүгө керек болот. Саммитте ошондой эле душман массалык кыруучу куралдарды пайдаланган учурда, же альянстын шаарларына капилет чабуул жасалган учурда контрчара көрө ала турган аскердик бөлүктөрдү түзүү жөнүндө чечим чыгарылат.
Нато саммитти күчөтүлгөн коопсуздук чаралары көрүлгөн шартта өтүүдө. Праганын аба мейкиндигин АКШнын Ф-15, Ф-16 учактары, Чехиянын МИ-24 тик учактары жана АВАКС радарлары күзөтүп жатышат. Көчөлөрдө 16 миң полиция менен солдат жайгаштырылды.

XS
SM
MD
LG