"Дүйнө сулуусу" сынагынын катышуучулары Нигерияга мындан эки аптача мурда эле чогулушкан. Алар сынактын 7- декабрга белгиленген финалдык бөлүгүнө даярдануу менен бирге түрдүү шоу программаларына, кайрымдуулук иш чараларына катышып жатышкан. Бирок, өткөн аптанын акыркы төрт күнүндө Нигериянын мусулмандар басымдуулук кылган түндүк тарабында жана өлкө борбору Абужада орун алган баш аламандыктарга байланыштуу сынак өткөрүлүүчү жерди чукул өзгөртүүгө туура келди. Сынактын уюштуруучулары менен өлкө бийликтери бул дүйнөлүк маданий иш чаранын үзгүлтүккө учурашы үчүн жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарын айыпташты. Нигерия бийликтеринин пикиринде, мында британ маалымат каражаттарынын салымы чоң.
Алар атайлап эле дүйнөлүк сулуулар сынагы африкалык өлкөдө өтүшүн көздөгөн жок. Анткен менен Нигериянын маалымат министри Жерри Гана жергиликтүү "This Day" гезитинде жарыяланган макалалардын бири жүздөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген чатактын тутанышына түздөн - түз өбөлгө бергенинин моюнга алды. Аталган басылмадагы макалада эгер Мухаммед пайгамбар сулуулар сынагын көрсө анын катышуучуларынын бирине үйлөнмөк деп айтылган эле.Ушундай мүнөздөгү макала жарыялангандан көп өтпөй эле жергиликтүү мусулман радикалдары өлкөнүн түндүгүндөгү Кадуна шаарында гезиттин редакциясына кол салган. Ошондон тартып бул окуя массалык баш -аламандыкка айланып кетти. Эл аралык Кызыл чырым уюмунун ырастоосуна караганда, мусулмандар менен христиандар ортосундагы кагылыштардан эң көп запкы тарткан ошол Кадуна шаарында кеминде 215 тей адам мерт болгон, дагы 500 дөй киши жаракат алды. 4- 5 миңдей киши үй –жайын таштап качып кетүүгө аргасыз болгон. Мындан сырткары бир топ материалдык зыян келтирилди. Турак үйлөр, дүкөндөр,мечиттер менен чиркөөлөр, автоунаалар өрттөлүп, талкаланды. Кагылышуу аскерлердин кийлигишүүсү менен гана токтолду.
Нигериядан түшкөн кабарларда айтылгандай, жергиликтүү мусулман уюмдары менен алардын лидерлери, дүйнөнүн сулуулук сынагынын иш чаралары мусулмандар үчүн ыйык Рамазан айынын учурунда өткөрүлүп жатышына да нааразы болушкан эле. Ал эми сынактын финалдык бөлүгү Рамазан айы аякташына утурлай белгиленип олтурат. Ушундан улам сулуулук сынагына каршы чакырыктар Нигериянын мусулман мечиттеринде кагылыштар башталаар алдында эле айтылып жаткан.
Нигериялык мусулмандар да биз үчүн сулуулук сынагы ылайыксыз, анда кыз - келиндердин денесин ачык көргөзүшү мусулманчылыкка жатпайт деп эсептешет. Андыктан, жогорудагыдай жагдайларда Мухаммед пайгамбар сулуулук сынагына катышкан кыздардын бирине үйлөнмөк деген мазмуундагы макаланын жарыяланышы, отко май тамызгандай эле болду. "This Day" гезитинде жарыяланган ал макаланын автору менен гезит редактору камакка алынган.
Айтор, уюштуруучулар сынактын Лондонго которулушу Нигериянын жана сынактын катышуучуларынын жалпы кызыкчылыктарын эске алуу менен жасалганын белгилешти. Дүйнө сулуусу уюмунун президенти Жулия Морли Нигериядан кабарчыларга :
" Эгер,биз азыр көрсөк дүйнөнүн кайсыл жеринде зомбулук болсо биз ал жакка бара албайбыз. Биз баарыбыз үйдө калабыз деп айтмакпыз. Биз жасай турган иш болуп жаткан зомбулукту токтотуу эле ", - деди Дүйнө сулуусу уюмунун президенти Жулия Морли.
Эсиңиздерге сала кетели, былтыр дүйнөнүн сулуулар сынагында баш байгени Нигериянын өкүлү жеңип алган эле.
Нигерия - Африканын мунайга бай өлкөсү. Өлкөдө христиандар менен мусулмандардын саны тең чамалаш. Алардын ортосунда кагылыш быйыл биринчи эле жолу болгон жок.