Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:04

КЫРГЫЗСТАНДА ОРУСИЯНЫН АСКЕРДИК АБА КҮЧТӨРҮНҮН БАЗАСЫ ЖАЙГАША БАШТАДЫ.


Бакыт Аманбаев Кыргызстандын аймагына буга чейин эл аралык терроризм менен күрөшүү максатында Америка Кошмо Штаттары башында болгон өлкөлөрдүн аскердик күчтөру жайгаштырылса, эми Орусия жетектеген Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн аскердик базасы жайгаша баштады.

30-ноябрдан баштап Кыргызстандын аймагына Орусиянын аскердик аба күчтөрүнүн базасы жайгаша баштады. Кыргызстандын коргоо министири Эсен Топоевдин айтымында, Бишкектен 20 чакырым алыстыкта жайгашкан «Кант» аэропортуна өткөн жуманын соңунда Орусиядан оор жүк ташуучу ИЛ-76 маркасындагы аскердик эки учак келип конду. Ал эми 2-декабрда абадан чабуул коючу СУ-27 жана СУ-25 маркасындагы учактардын келиши күтүлүүдө.

Коргоо министиринин айтымында, мындай иш-чаралар Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын чечимине ылайык ишке ашырылууда. Аталган базада келишимге кирген өлкөлөрдүн аскердик күчтөрү көп жылдык мөөнөткө жайгаштырылат. Алгачкы мезгилде келишимге кирген өлкөлөрдүн аскердик техникалары чогуу-чаран пайдаланылат. Анын ичинде Кыргызстанга тишелүү төрт Л-39, күтүүсүз кырдаалдарда колдонулуучу эки тик учма жана бир жүк ташуучу Ан-26 учагы колдонулат.

Учурда Орусиядан келген 70 ке жакын эксперттер «Кант» аэропортунунун инфраструктурасын иликтешүүдө. Алар жакынкы күндөрдүн ичинде тиешелүү маалыматтарды даярдап, жогорку бийлик жетекчилерине сунушташат. Анын негизинде, келечекте Кыргызстанга канча аскер жана канча аскердик техника жайгаша тургандыгы келишимге кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын 2003-жылдын апрель айында боло турган жолугушуусунда такталат.

«Мындай аракеттердин зарылчылыгы, Борбордук Азия чөлкөмүнө болгон коркунучтан улам пайда болууда. Андыктан мындай көрүнүштү, аталган аймактагы Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн, ыкчам аракетке келүүчү аскердик күчтөрүнүн кеңейиши катары кароого болот. Базадагы бириккен күчтөр эки милдетти аткарат. Алар абадан коргонуу, ал эми керек болгон учурда жөө аскерлерди камсыздоо максатында колдонулат»- деп билдирди Эсен Топоев.

Ал эми кандай зарылчылыктан улам Кыргызстанда Орусиялык аскерлер жайгаштырылууда деген суроого Эсен Топоев, мындай чечим аймактагы өлкөлөрдүн коопсуздугун биргелешип сактоо максатында кабыл алынды деп түшүндүрдү.

Ошентип, Кыргызстандын аймагына буга чейин эл аралык терроризм менен күрөшүү максатында Америка Кошмо Штаттары башында болгон өлкөлөрдүн аскердик күчтөру жайгаштырылса, эми Орусия жетектеген Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн аскердик базасы жайгаша баштады.Мындан сырткары, курамына Кытай мамлекети кирген Шанхай кызматташтык уюму да терроризмге каршы күрөшүүчү борборун Бишкекке жайгаштыруу тууралуу чечим кабыл алган.

Адаттагыдай эле Орусиянын аскерлеринин Кыргызстанга жайгаштырылышы тууралуу кыргыз саясатчыларынын арасында түрдүү пикирлер орун алууда.

Маселен, Жогорку кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынын эл аралык байланыштар боюнча комитетинин башчысы Алишер Абдымомуновдун пикиринде, дүйнөдө эң күчтүү аскердик техникасы бар Америка Кошмо Штаттары баш болгон өлкөлөрдүн аскерлери Кыргызстанда турганда, республика үчүн эл аралык терроризм коркунучу жок. Жогорудагыдай чечимди кыргыз бийлиги жөн гана геосаясатта тең салмактуулукту сактоо үчүн кабыл алды. Ошондой эле Алишер Абдымомуновдун пикиринде, түрдүү максаттагы, дүйнөлүк биринчиликке умтулган өлкөлөрдүн аскерлеринин жайгашышы келечекте Кыргызстан үчүн кооптуу. «Келечеги мындайча айтканда абдан кооптуу. Анткени, геосаясаттагы максаттары түрдүү уюмдар, түрдүү мамлекеттер жайгашууда. Маселен, Шанхай уюму менен Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген өлкөлөр, анын ичинде, Орусия, Кытай, Америка жана башка батыш мамлекеттери келечекте канчалык даражада тынч иштеп, тынч жашаары күмөн» -дейт мыйзамчы депутат Алишер Абдымомунов.

XS
SM
MD
LG