Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

АЛКАИДА ДҮЙНӨГӨ ЖЕЛЕ ТАРТУУДА.


Амирбек Азам уулу (Прага) Өткөн аптада израилдик туристтерге каршы Кенияда болгон кош катар чабуул үчүн жоопкерчиликти Палестин уюму деп аталган топ өзүнө алды. Ага карабай, терроризм боюнча адисттер Израилге караштуу мейманкана жанында болгон жардыруунун жана 260 жүргүнчүлүү самолетту ракетадан аткылоонун артында Алкаида уюму турат деген ишенимде.

Өткөн аптада израилдик туристтерге каршы Кенияда болгон кош катар чабуул үчүн жоопкерчиликти Палестин уюму деп аталган топ өзүнө алды. Ага карабай, терроризм боюнча адисттер Израилге караштуу мейманкана жанында болгон жардыруунун жана 260 жүргүнчүлүү самолетту ракетадан аткылоонун артында Алкаида уюму турат деген ишенимде.

Content: Израилдик туристтерге каршы Кенияда болгон кош кабат чабуулду Алкаида уюму уюштурду деген ишенимде көпчүлүк эксперттер. Кения жана Израил өкмөттөрү да чабуулдан кийин террордук акция үчүн Алкаида уюмун күнөөлөгөн. Кениянын Израилдеги элчиси, генерал-лейтенант Жон Соу: “Алкаиданын бул чабуулду уюштурганынан мен күмөн санабайм. Себеби,... биздин өлкөдө террорчулар жок,... коңшу мамлекеттер менен да биздин эч кандай жөндөлбөгөн проблемабыз жок”,- деп билдирген Момбаса шаарында жардыруу болгон 28-ноябрь күнү.


Израилдин коммуникация министри Рювен Ривлин да элчинин сөзүн коштой: “Чабуулду Алкаиданын адамдары уюштурганына биз ишенебиз... Биз терроризм жөнүндө кеп кылганда, бутага Израил, жөөт эли алынганын билебиз жана ислам фундаменталисттери Израилге, дүйнөдөгү жөөттөргө каршы аракеттенгени дагы бир ирет бизге айкын болду”,- деген билдирүү жасаган.


Алкаида Кениянын байтакты Найробиде жана көбүн эсе мусулмандар жашаган Момбасада өз бөлүмдөрүн 90- жылдардын башында ачкан. 1998-жылдын август айында Найробидеги, удаа эле Танзаниядагы АКШ элчиканалыктарында болгон жардырууларды Алкаидачылар уюштурган жана алар толук талкаланган эмес.


Алкаиданын Сомалидеги машыгуу борборун 90-жылдардын аягына чейин тейлеген Ал-Иттихад ал-Исламия тобу азыр региондо өтө активдүү.


Кениядагы кош кабат чабуул Индонезиянын Бали курортундагы 200-дөй адамдын өмүрүн алган жардыруудан кийин эксперттер айткан тыянактарды ырастады. 11-сентябрь чабуулунан соң аба жолдорун күзөтүү күчөтүлгөндөн улам Алкаида иш усулун өзгөртүп, операция масштабын кеңейтти,- дейт америкалык эксперт Жонатан Стивенсон.


Германиялык туристерге Тунисте, француз инженерлерине Пакистанда, Франциялык мунай тартуучу кемеге Йеменде жана АКШлык деңиз аскерлерине Кувейтте болгон кол салуулар террорчулар сокку мизин Батыш христиандары мене жөөттөргө каршы бурганын күбөлөйт.


Эксперттердин айтымында, Кениядагы чабуулдун стратегиялык максаты Палестиналык террорчуларды шыктандырып, аларды келечекте Алкаида менен жакындатууну көздөгөн.


Алкаиданын жетекчилиги террордук операцияларды Интернет жана башка алдыңкы технологияны пайдаланып ишке ашыргандыктан, аларга коопсуз имарат бомба жасоо жана каруу жарак сактоо үчүн гана керек.

Мындай шартта, Батыштын чалгындоо кызматтары менен коопсуздук агенттиктери биринчи кезекте контртеррордук иштерди, анын ичинде Алкаиданын мүчөлөрү топтолгон жайлар менен террорчулар бутага алчу жайларды аныктоого, тектеш кызматтар менен маалымат алмашууну тереңдетиши абзел.


Батыштын чалгындоо кызматы террорчулар бар өлкөлөрдө эркин аракеттенүүсүнө жана жергиликтүү өкмөттөрдөн түз жардам алуусуна жетишүү зарыл,- деп жазат “Wall Street Journal” гезити соңку санындагы баш макалада.


Бали чабуулунан кийин Малайзия өз байтакты Куала-Лумпурда 2003-жылы терроризмге каршы күрөшүү борборун ачууга АКШга уруксат берди. Европа союзу болсо Индонезияга чек араны күзөтүүнү жакшыртууга көмөктөшүүнү тездетип, Австралия менен террорчулукка каршы байланышты чыңдамак болду. Австралия, өз кезегинде, учурдан пайдаланып, Жакартада чалгындоо маалыматтарын алмашуу боюнча кеңсесин ачты жана Индонезия, Таиланд жана Филиппин менен коопсуздук келишимин түздү. Ага ылайык, Австралия бул өлкөлөрдөгү контртеррордук операцияларга түздөн-түз катыша алат.


Алкаида Чыгыш Африкада өтө жанданып бараткандыктан, бул чөлкөмдө да терроризмге каршы Түштүк Чыгыш Азиядагыдай коллективдүү аракеттенүү зарыл дешет Батыштык адистер.

XS
SM
MD
LG