Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

ПРЕЗИДЕНТ А. АКАЕВ ОШ ШААРЫНДА БОЛДУ.


Кожогелди Култегин. (Ош) Кыргызстандын Түштүк борборунда Аскар Акаев өзүнүн президенттик доорунда мамлекет үчүн кылган урунтуу иштеринин маани-маңызын чечмелеп түшүндүрдү.

3-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Аскар Акаев Ош областынын активи менен жоолугушуп, узун сабак сөз сүйлөдү. Аскар Акаев а дегенде өзүнүн президенттик доорунда Кыргызстан үчүн урунтуу иштеринин баардыгынын маани-маңызын чечмелеп түшүндүрдү. Айрыкча Кыргызстандын улуттук валютасынын туруктуу кармалып турушун, инвестициялардын көп тартылышын, Ош-3000 мааракесинин, Эл аралык Тоо саммитинин өткөрүлүшүн, донор өлкөлөрдүн консультативдик кеңешинин Кыргызстанда уюштурулушун, акырында инфляциянын кыскартылышын канагатануу менен белгиледи. Сөз тизгинин Аксы окуясынан кийинки мамлекеттик иш-чараларга буруп, «Аксы окуяларынан ачуу сабак алып, өкмөтүбүз бир топ чара көрүп жатат» деди мамлекет башчысы.

Өз сөзүндө президент оппозицияга айрыкча нааразы болду. «Азыр мына оппозиция өз чегинен өтүп кетти. Алар айтып атышат, биз ушу адамдардын укугун коргоо үчүн көтөрүлүп атабыз, адамдардын укугун коргоо үчүн аракеттенип жатабыз деп. Анда мен айттым: анда эмесе биргелешип эле коргойлу деп. Мен ошол үчүн улуттук идея көтөрүп чыктым, Кыргызстан адамдардын укугун сыйлаган, урматтаган өлкө, биргелешип ушуну ишке ашыралы деп, парламенттин алдында сүйлөдүм. Ошондон бери мына жарым жыл өттү, жарым жылдан бери бири келип «урматтуу президент биз мындай идея көтөрүп, же момундай иш жасайлы» деп сунуш жасаган жок. «Полномочиебиз жетишпей атат» деп парламентте отурган оппозициялык депутаттар айтат. «Жакшы болот, анда мен Конституциялык кеңешке чакырайын, бийликти бөлүштүргүлө» десем, бардыгы чуркап келишет. «Адамдардын укугун коргойлу, келгиле», десем бири келбейт жарым жылдан бери. Оппозицияны эмне кызыктырып атат? Эгер ошо адамдардын укугу кызыктырса анда келет эле го сунушун көтөрүп алып. Тескерисинче мына Исмаил Исаков, Ишенбай Карыбеков, Адахан Мадумаров үчөө баш болуп «Президентти отставкага!» кетирүү деген кыймыл уюштуруп алышты» деп айтып өттү Аскар Акаев.

Президенттин сөзү боюнча оппозиционер Исмаил Исаков 1999-жылы террористтер Баткенге кирип келгенде, аларга туруштук бере албай армияны таштап кетип калган. «Мүмкүн жанагы кыргыздар айткандай «үйдө баатыр жоодо жок» деген Исаковго тиешелүү болуп жүрбөсүн? Ишенбай Кадырбеков деген бийликке таарынгандарды бийликке каршы болгондорду ардайым чогултуп, аны адат кылып алды. Адахан Мадумаров деген ким? Бир көзгө көрүнөөр иш жасаган жигитпи бул. Үсөн Сыдыков… Ушул жерден айта кетейин: мына Оштогу каргашалуу окуялардан кийин ушу Апсамат Масалиев баш болгон компартия кызматтан кетирген 90-жылдары. Мына мен Үсөн Сыдыковду ошондон бери, он жылдан бери кызматта кармап келе жатам. Ал киши атайы ушундай провокация чыгарыш үчүн барды. Башынан эле ушундай ал киши. Опозиция чектен чыкты. Азыр өкмөт тарабынан мыйзамга ылайык бардык чараларды көрүп, алардын аракеттерин токтотобуз» деди мамлекет башчысы өз сөзүндө.

XS
SM
MD
LG