Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

КЫРГЫЗСТАНГА ОРУСИЯНЫН КОРГОО МИНИСТРИ СЕРГЕЙ ИВАНОВ КЕЛДИ.


«Борбор Азияда, кырдаал тилекке каршы, толук стабилдүүлүккө жетишүүдөн алыс. Маселе Ооганстанда эле эмес. Албетте, ал жерде оор процесстер жүрүп жатат. Азаптуу бул жерде терроризмдин очогун жок кылуу иштери бүтө элек, узак убакытка чейин бүтпөйт дагы. Ошондуктан, келечекте бул жерде тез аракеттенүүчү коллективдүү күчтөрдүн алкагында аскерий аба күчтөрүнүн жайгашышы биздин жана биздин мамлекеттердин элдеринин бейкуттук болоруна көбүрөөк ишенишин шарттайт жана биз ар кандай кол салуулардын, анын ичинде капыстан кол салуулардын мизин кайтарууга даярбыз.» деди Орусиянын коргоо министри.

Россиянын коргоо министри Сергей Иванов иш сапары менен Бишкекке 4-декабрда кечинде келди. «Манас» аба майданында ал журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Орусиянын коргоо министри Сергей Ивановдун Кыргызстанга быйыл төртүнчү ирет келиши жана бул жолку иш сапары деле мурдагыдай эле пландуу сапар. Бул тууралуу Иванов Кыргызстанга келери менен «Манас» аба майданында журналисттерге билдирди. Анын айтымында Орусия менен Кыргызстандын аскерий тармактары аскерий, аскерий-техникалык, аскерий- саясий кызматташтык багытында байма-бай кеңештеш болуп келатышат. Коргоо министр кызматташтыктын башкы элементи Борбор Азия аймагында коопсуздукту камсыз кылуу экендигин белгиледи.

Бул жолку келишинде болсо Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев менен боло турган сүйлөшүүнүн мазмунун Иванов мындай деп түшүндүрдү: «Бул жолу аталган тармактар боюнча дагы тыкысыраак кызматташтык тууралуу сөз болот. Анын ичинде Бишкекте жайгашкан биздин тез аракеттенүүчү күчтөрдүн ыкчамдыгын, аскерий кубаттуулугун арттыруу жана абадан колдоо көрсөтүү маселесин талкуулайбыз».

Орусия корго министри 5-декабрда Канттагы аскерий аба майданына барат. Иванов Кыргызстанга келээрден бир нече саат мурда Канттагы аба майданына Оренбург шаарынан СУ-27 үлгүсүндөгү үч, Тажикстандан СУ-25 үлгүсүндөгү эки истребитель-учактар конгон. Ал эми өткөн ишембиде ИЛ-76 үлгүсүндөгү жүк ташуучу эки учак келген. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, бул учактар коллективдүү коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн макулдашуусуна ылайык убактылуу жайгашууда. Ивановдун «Манас» аба майданында билдиришинче, аларды туруктуу жайгаштыруу маселеси боюнча чечимди апрель-майда боло турган уюмдун кезектеги отурумунда президенттер кабыл алышат. Келерки жылдын ортосунда маселе биротоло чечилет.

Ал эми учурда Кыргызстанга келген аскерий учактар эки-үч күн аралыгында кайра кайтышат. Айрым Орусиялык маалымат каражаттарынын билдиришинче, Кыргызстанга туруктуу жайгашуу үчүн тиешелүү документ кабыл алынган соң, Тажикстанда жайгашкан 201-дивизиясынын тутумундагы 9 чабуулчу учак Канттагы аба майданына которулушу ыктымал.

Ал эми Тажикстандан Кыргызстанга аскерий учактардын алынып келиниши тууралуу берилген суроого ылайык Ивановдун жообуна караганда, бул иш өз ара макулдашууларга ылайык Кант аба майданын тез аракеттенүүчү коллективдүү күчтөр үчүн абадан коргонууга пайдалануучу жай катары өздөштүрүү максатында жасалууда. «Борбор Азияда кырдаал тилекке каршы толук стабилдүүлүккө жетишүүдөн алыс. Маселе Ооганстанда эле эмес. Албетте, ал жерде оор процесстер жүрүп жатат. Азаптуу бул жерде терроризмдин очогун жок кылуу иштери бүтө элек, узак убакытка чейин бүтпөйт дагы. Ошондуктан, келечекте бул жерде тез аракеттенүүчү коллективдүү күчтөрдүн алкагында аскерий аба күчтөрүнүн жайгашышы биздин жана биздин мамлекеттердин элдеринин бейкут болоруна көбүрөөк ишенишин шарттайт. Биз ар кандай кол салуулардын, анын ичинде капыстан кол салуулардын мизин кайтарууга даярбыз.» деди С. Иванов.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG