Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

ЫСЫК КӨЛДӨГҮ ЭРКИН ГЕЗИТ ТЕРС КӨРҮНҮШТӨРДҮ СЫНГА АЛУУДА


Шейшекан Жаналиева, Каракол Ысык-Көл областындагы «Ысык-Көл үнү» эркин гезитинин башкы редактору Таалайбек Абдылдаев менен маек.

Областтагы «Ыссык-Көл үнү» аттуу жалгыз эркин газета жарык көргөн алгачкы күндөн баштап эле газетага укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик тарабынан кысым көрсөтмөйлөр, бут тосмойлор болууда. Анткени областагы жалгыз эркин газетанын тагдырын айрым бийлик төбөлдөрү өзүбүз чечебиз деген өңдүү бекем көз карашта тургандары да жашыруун эмес. Гезиттин башкы редактору Таалайбек Абдылдаев болсо басылма жабылып калса да трагедия эмес, анткени журналисттердин колундагы калемди тартып алуу мүмкүн эмес деп эсептейт.

- Таалайбек мырза Эгерде кысым көрсөтүүчүлүк күчөй бере турган болсо газета өзүнүн жүзүн жоготуп койбойбу?

- Саясий эркин газетасынын жарык көрүшү бир катар адамдарга коогалуу, кайгылуу, өктөлүү көрүнүш катары кабыланды. Бул газетанын чыгышын ачык тийип турган күндүн алдына кара булут орной түшкөндөй кабылдашкандар да жок эмес. Айрыкча алардын катарына укук коргоо органдары, бир катар бийлик төбөлдөрдүн өкүлдөрүн кошсок болот. Газета, биринчиден, коомчулук тарабынан баягы бөөдө мактануучулук эмес, жылуу пикирде кабыланууда. Аны бизге келген көптөгөн каттардан, өкүт-өксүктөр менен кайрылып жатышкан элдин агымынан өз ара байкап жатабыз. Алгачкы санында «Күнөөсүз күнөөлү» аттуу материал жарыяланат. Анда Ак-Суу айылында Канат Сыдыков кабатуу жигит киши өлтүрдү болуп күнөөлөнүп камакка тартылгандыгы жазылган. Алгачкы сотто бул процесс Канат Сыдыковго өлүм жазасын берүү менен аяктады. Бирок элдин пикиринде, бул адам күнөөлү эмес. Биздин көз карашыбыз да ушундай. Эми областтык сотто бул кайрадан бузулуу чегинде турат. «Ак ийилет, бирок сынбайт» деген ойдобуз.
Газетаны жабууга бүгүнкү күндө аракеттер бар, бирок газетаны жабылышын трагедия катарында кабылдабайбыз. Эң негизгиси - биздин газета жабылган күндө дагы калемди тартып алуучу эч кандай күч жок. Бирок биз газетаны жаптырбаска жана да өзүбүздүн чындыгыбыз үчүн турууга ар качан аракеттенебиз».

- Дегеле областка эркин газета керекпи? Эгерде керек болсо анын орду жана ролу кандай болуш керек?

- «Эркин газета» дегенден мурда эркиндик дегенди туура түшүнүшүбүз керек. Эркиндикке, демократияга жамынып алып эле газетанын өтүмдүүлүгүн көксөп, газетаны шоу-бизнеске айландыруу максат эмес, биздики. Маркстын тили менен айтканда, эркиндик деген - иштин жайын түшүнүү менен чечим кабыл алууга жөндөмдүүлүк. Биз ошон үчүн ар кандай окуяны жазууда жалаң гана эркиндикке таянбастан, ошол жагдайды билүү менен лоомдо ал пикир кандай кабылданат, ошол принципке туруп иш алып барабыз.

Бүгүнкү күндө газета эркин жана ведомство болуп экиге бөлүнүп турган чак. Ошондой болгон күндө да бул ведомстволук газеталар кайсы бир органдарынын же бир жекече көз караштагы адамдардын, жекече кызматындагы кызматын өтөп турган газета өңдөнүп турат. Бул эми атаандаштык жагдайындабы же рыноктук жагдайда газетанын өтүмдүүлүгүнө бут коючулукбу же болбосо жекече эле ички таарыныштары барбы? Бүгүнкү күндө бизде областтык «Ысык-Көл кабарлары» газетасынын терс көз караштары жарыялана баштады. Областтык мамлекеттик администрациясынын башчысынын басма сөз башчысы Эгемберди Садабаев «бизге бул газета дегеле коомчулукка керек эмес. Ээрге мингенде эле кыйшык минген» деген көз карашта ачык терс көз карашын билдирген. Бирок биз кандай болгон күндө дагы баардыгыбыз журналистбиз, бир акырдан жем жейбиз мындай айтканда. Максатыбыз бир, көркөм ой жүгүртүүбүз бир, сапарыбыз бир. Кайсы бир жыйындарда чогу болобуз. Ошол себептерден биз кандай гана шартта болбосун: бийликтин ырын ырдайбызбы, же болбосо башкача өзүбүздүн ырыбызды ырдайбызбы, негизинен биз өзүбүздүн журналисттик этикабызды терең сактап жүрсөк, бири-бирибизди ошол бир жип көркөм дүйнө, журналистика деген байланыштырып тургандыгын туура кабылдай билсек деген ойдомун».
XS
SM
MD
LG