Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

ИРАК СОГУШУНА ДАЯРДЫКТАР


Нарын АЙЫП, Прага 8-декабрга чейин Ирак Бириккен улуттар уюмуна - өзүнүн аскерий программалары тууралуу декларация тапшырууга тийиш. Багдаддын айтымында, ал декларация 7-декабр күнү тапшырылат жана анда: Иракта эч кандай кеңири кыруучу курал өндүрүлбөйт, - деп айтылып, өлкөдө текшерилүүгө тийиш аскерий мекеме-өндүрүштөрдүн көлөмдүү тизмеси келтирилет. Бирок Америка кошмо штаттары: Иракта кеңири кыруучу курал бар, - деп, согушка даярданууда.

1991-жылдагы Перс булуңундагы согуштан тартып, 1998-жылы эл аралык текшерүүчүлөр Ирактан кууп чыгарылганга чейин дагы, андай кийин жана азыр дагы Багдад: бизде эч кандай кеңири кыруучу курал жок, - дейт. "Кеңири кыруучу курал" деп химиялык, биологиялык жана өзөктүк курал аталат жана Ирак химиялык менен биологиялык куралды бир нече жолу колдонгон. Андан тышкары, Ирак - алыскы буталарга жетчү ракеталарды өндүргөнү да белгилүү, андай ракеталар болсо, өзөктүк курал үчүн пайдаланылат.

Анткен менен, Ирак: бизде андай курал жок, ишенбесеңер, текшерип таап алгыла, - деп улам кайталоодо, бирок Иракка болгон ишенбөөчүлүк өтө жогору. АКШ өкмөтүнүн басма сөз катчысы Ари Фляйшер 5-декабр күнү Вошингтондо журналисттер менен жолугуп, ал тууралуу ачык эле айтты: "Иракта кеңири кыруучу курал бар, - деп президент Буш айтууда. Ал тууралуу Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр да айтып жатат. Коргоо министри Дональд Рамсфелд да ошондой пикирде. Бириккен улуттардын инспекторлорунун мурдагы жетекчиси Ричард Батлер да ошентип айтат. Бириккен улуттар да ошондой пикирде. Башка экперттер дагы: курал бар, - дешет, Ирак кана: бизде курал жок, - дейт. Кимге ишенээрди өзүңөр тандап алгыла".

Бирок маселе - жалаң гана ишенген-ишенбегенде эмес, ошондуктан, Америка кошмо штаттарынын катуу турумун дүйнө мамлекеттери баары бирдей колдогон жок. Өткөн сентябр айында Алманиянын канцлери болуп кайра шайланган Герхард Шрөдер, мисал үчүн, өзүнүн шайлоо өнөктүгү учурунда Иракка каршы мүмкүн боло турган согушту катуу сындаган. Азыр дагы Алмания: биз өз аскерий базаларыбызды жана аба мейкиндигибизди пайдаланууга беребиз, бирок Иракка аскер жибербейбиз, - деген турумда.

Франциянын коргоо министри Мишель Альо-Мари айым жакында: эгер АКШ Иракка өз алдынча сокку урса, ал - Батыш бүткүл араб дүйнөсүнө чабуул жасаган сыяктуу болуп кабыл алынат, - деди. Дания, Италия, Канада, Кытай, Норвегия жана Орусия - Ирак маселесинин Бириккен улуттардын Коопсуздук кеңешинде гана чечилишин каалайт. Грекия болсо, Бириккен улуттардын жактыруусу менен дагы боло турган согушка каршы.

АКШ коргоо министринин орун басары Пол Вольфовиц жакында Түркияда болуп, өлкө жетекчилери менен Ирак маселесин талкуулап кетти, бирок аларды Ирак согушуна катышууга ынандыра алган жок. Президент Джордж Буш андан кийин Түркиянын жаңы премьер-министри Режеп Тайып Эрдоганды Вошингтонго чакырды. Жакынкы Чыгышта такай АКШнын саясатын колдоп келген Йордания менен Мисир дагы Ирак согушуна катышууну каалабайт, Сауд Арабия болсо, өз аймагындагы аскерий базаларды пайдаланууга берүүдөн баш тартты.

АКШны такай колдоп келген Улуу Британия деле азырынча - Иракка канча аскер жибере турганын айта элек, Австралия болсо, Иракка - Ооганстанга жиберген 150-дөй аскер бөлүп берүүгө даяр экенин айтты.

Анткен менен, АКШ - Перс булуңундагы Катар мамлекетинде - Иракка каршы боло турган согуштун башкаруу ордосун түзө баштады, азыр Катарда төрт миңдей америкалык аскер бар жана дагы бир миң адам жакында келип, 9-16-декабрда Катарда аскерий машыгуу өткөрөт.

XS
SM
MD
LG