Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:24

ПАЛЕСТИНАДАГЫ КЫРГЫН


Нарын АЙЫП, Прага Орозо-Айт күнү палестиналыктарга каршы Израил тарабынан жасалган чабуулду эл аралык коомчулук катуу сынга алууда. Танкилер жана тик учмалар менен коштолгон ал чабуул учурунда жөөт аскерлери Газа тилкесиндеги Буредж айылында 10 адамды өлтүргөн, алардын экөө - Бириккен улуттар уюму үчүн иштегендер болуп чыкты.

Бириккен улуттардын башкы катчысы Кофи Аннан 6-декабр күнү - Палестинадагы кыргын боюнча ал абдан тынчсызданганын билдирип, Израил жетекчилигин сабырдуулук көрсөтүүгө чакырды. Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку адиси Хавье Солана: жөөт аскерлери чегинен ашкан күч колдонгон, - деп айтты, Европа Биримдигинин учурдагы төрагасы Даниянын тышкы иштер министри Пер Стиг Мөллер болсо: Израил тарабынан ашыкча күч колдонуунун аягы жаман болушу мүмкүн, - деп жарыялады. АКШ тышкы иштер министирлигинин басма сөз катчысы Ричард Баучер дагы Израилдин аракеттерин сынга алды, бирок: өз коопсуздугун коргоого анын укугу бар, - деп кошумчалады.

6-декабр күнү таң эрте менен Израил аскерлери - 25 танк жана бир нече тик учманын коштоосу менен Газа тилкесиндеги Буредж аттуу качкындар айылына кол салган, натыйжада, он адам курман болуп, алардын экөө - айылда иштеген Бириккен улуттардын өкүлдөрү болуп чыккан. Палестиналыктардын айтымында, үч адам дароо - тик учмадан атылган ракетадан каза тапты, өлгөндөрдүн көпчүлүгү - жоокерлер эмес, карапайым адамдар.

Палестина-Израил сүйлөшүүлөрүндө Палестина өкүлчүлүгүн жетектеген Саеб Эракат кыргын үчүн бардык күнөөнү Израил өкмөтүнө жүктөдү: "Бул кылмыш жана анын кесепеттери үчүн бүткүл жоопкерчиликти Израил өкмөтү тартууга тийиш. Биз сүйлөшүү жүргүзүп, ок атышууну токтогууга жетишип жатканда премьер Ариэл Шарондун өкмөтү, менин оюмча, абалды курчутууну чечти. Израил өкмөтү өзүнүн мындай аракеттери менен бүткүл тынчтык жараянына шек келтирүүдө".

Жөөт аскерлеринин Газа тилкесиндеги башчысы Йизраел Зивдин айтымында, аскерлер Буредж айылына - жакында бир нече израилдик танкты жардырган террорчулардын изин кууп кирген, бирок аскерлерге куралдуу каршылык көрсөтүлгөндүктөн, ок атышуу башталган.

Израил премьер-министри Ариэль Шарон жакында басма сөз каражаттарынын редакторлору менен жолугуп: "Аль-Каида" уюмунун мүчөлөрү Газа тилкесине келгендиги тууралуу маалымат бар. Биз билебиз, алар азыр Ливанда жана "Хезболла" уюму менен кызматташууда, - деп жарыялаган. Жыйынды Шарон - мындан бир апта мурда Африканын Кения мамлекетиндеги Израилге таандык мейманкана террорчулар тарабынан жардырылып, он кениялык жана үч израилдик жаран курман болгонуна байланыштуу өткөргөн.

"Хезболла" уюму андай күнөөлөрдү дароо чекте какты. Иран жана Сирия тарабынан колдоого алынган бул шии мусулмандар уюму - Ливандын түштүк аймактарын израилдик оккупациядан бошотуу үчүн күрөшөт. Ливан президенти Эмиле Лахуд дагы Шарондун сөздөрүн "митаамдык" деп сыпаттады. Анын айтымында, Ливан аймагында эч кандай "Аль Каида" мүчөлөрү жок жана аны менен сырттан да эч кандай байланыш түзүлгөн эмес.

Палестина жетекчиси Яссир Арафат 6-декабрдагы жөөт чабуулун: жаш балдар, аялдар жана башка карапайым адамдарга каршы багытталган Израилдин террору, - деп сыпаттап, - Израилдин башка дагы күнүмдүк аракеттерин 'терроризм' деп атаса болот, - деп жарыялады.

Жакынкы Чыгышта эгемендүү Палестина мамлекетин түзүү идеясы Израилдин катуу каршылыгына дуушар болгондуктан 2000-жылдын сентябр айында Палестинада "интифада" деп аталган көтөрүлүш чыккандан бери, куралдуу кагылышууларда 1700-гө жакын палестин жана 700-дөй жөөт курман болду.

XS
SM
MD
LG