Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:04

НАТОнун Баш Катчысы Москва-Брюссель ортосундагы кызматташууну кеңейтүүгө чакырды.


НАТО жана Орусия эл аралык терроризмге каршы күрөштө өз ара кызматташуусун дагы кеңейтиши абзел, деди НАТОнун Баш Катчысы Жорж Робертсон Москвада ачылган терроризмге каршы конференцияда сүйлөгөн сөзүндө.
Робертсондун айтымында, НАТО жана Орусия нукура өнөктөштөр катары коопсуздуктун чыныгы коалициясын түзүшү абзел.
Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов НАТО менен кызматташуу Москва үчүн маанилүү экенин моюнга алып, бирок, кызматташуунун конкреттүү формасы жөнүндө кеп кылуу эрте деди.
«Мени аскер министри катары, НАТОнун кеңейүүсүнүн бир жагы - Балтика мамлекеттеринин НАТОго кошулуусу тынчсыздандырат. Биз алардын альянска кошулуусуна каршы эмеспиз. Бул эркин өлкөлөрдүн эрки. Балтика боюндагы үч мамлекеттин бири да Аскерлерди контролдоо жөнүндөгү жалпы европалык келишимге кол кое элек. Бул жагдай мени өзгөчө кооптонтот», деди Орусиянын коргоо министри Иванов жыйында.

XS
SM
MD
LG