Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

КЫРГЫЗСТАН ОРУСИЯНЫН БОРБОР АЗИЯДАГЫ ТАЯНЫЧЫНА АЙЛАНУУДА


Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун айтымында, «Манас» аба майданында жайгашкан антитеррордук күчтөр мындан бир жыл илгери түзүлгөн келишимге ылайык Ооганстандагы тынчтыкты калыбына келтирүү багытында гана кыска мөөнөттүү иш алып барат. Ал эми Кыргызстан менен Орусиянын коопсуздук багытындагы тыгыз кызматташтыгынын башталышы башка өкөлөрдүн кызыкчылыктарына кайчы келбейт.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган иш сапарынын учурундагы сүйлөшүүлөр эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын форматын биротоло аныктады. Бул тууралуу дүйшөмбүдө В. Путиндин иш сапарына байланыштуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана коргоо министри Эсен Топоев билдиришти.

Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган 5-декабрдагы алгачкы расмий сапарынын учурунда тараптар негизги үч маселеге – атап айтканда, Кыргызстандын Орусияга карыздарын реструктризациялоого, Орусиядагы эмгек мигранттарынын укуктарын кеңейтүүгө жана коопсуздук маселелерине көңүл бурушту. Дүйшөмбүдө визиттин жыйынтыгы боюнча билдирүү жасаган тышкы иштер министри Аскар Айтматов коопсуздук маселеси жаңы макулдашуулардын негизгиси экенин белгиледи. Анын айтымында, «сүйлөшүүлөр учурунда кызматташтыктын жана өнөктөтүктүн форматы биротоло аныкталды. Башкача айтканда, Кыргызстан Орусия Федерациясынын Борбор Азиядагы стратегиялык таяныч өлкөсү болуп калды».

Ушул эле маалымат жыйынында коргоо министри Эсен Топоев эки өлкө президенттери кол койгон коопсуздук макулдашуусунун мазмунуна токтолуп, «коопсуздук боюнча макулдашуу биз бардык багыттар боюнча бүгүн чечип жаткан, келечекте чече турган милдеттерди камтыйт. Анын катарында атайын кызматтарга, тартип коргоо органдарына, аскерий коопсуздукка байланышкан милдеттер бар», деп белгиледи.

Аскерий коопсуздукка байланыштуу кызматташтыктын бир багыты катары коргоо министри Орусияга таандык аскерий аба учактарынын Кант аскерий аба майданында жайгашышын белгиледи. Анын айтымында, бул маселе Коллективдүү кооопсуздук кызматташтык уюмунун алкагында апрель-май айларында биротоло чечилиши күтүлүүдө. Тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун билдиришинче, «Кант» аба майданына жайгашуусу күтүлүп жаткан Коллективдүү коопсуздук күчтөрүнүн жана былтыр «Манас» аба майданына жайгашкан эл аралык антитеррордук күчтөрдүн аба-аскерий контингенттеринин айырмаланып турат. «Ганси атындагы базадан айырмасы - анын негизги максаты - узак мөөнөткө Борбор Азия регионунда стабилдүүлүктү жана коопсуздукту сактоо. Бул жерде ар бир базанын өзүнчө милдеттери бар», деп белгиледи Айтматов.

Министрдин айтымында «Манас» аба майданында жайгашкан антитеррордук күчтөр мындан бир жыл илгери түзүлгөн келишимге ылайык Ооганстанда тынчтыкты калыбына келтирүү багытында гана кыска мөөнөттүү иш алып барат. Ал эми Кыргызстан менен Орусиянын коопсуздук багытында тыгыз кызматташа башташы башка өкөлөрдүн кызыкчылыктарына кайчы келбейт. «Биздин Орусия Федерациясы менен аскерий-саясий кызматташтыгыбыздын тереңдеши эч качан башка өлкөлөр менен, анын ичинде НАТОго кирген өлкөлөр менен болгон аскерий-саясий кызматташтыкка кайчы келбейт» дейт Айтматов.

Кыргызстандын тышкы саясат тармагынын башчысы өзүнүн мындай жообун эл аралык терроризм менен байланыштырды. Министрлер ошондой эле Кант аба майданында жайгаша турган тез аракеттенүүчү күчтөдүн аба-аскерий компоненттери үчүнчү өлкөгө багытталбай тургандыгын белгилешти. Ал эми кокус Ирак боюнча маселе көтөрүлө турган болсо Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерине ылайык иш жүргүзөөрүн айткан Аскар Айтматов «биз көптөгөн башка мамлекеттер сыяктуу эле Иракка карата күч колдонуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү санкциясы керек деп эсептейбиз. Кокус ушундай жагдай түзүлүп, бизге кайрылышса, биз ушул негизге таянып иш алып барабыз» деп белгиледи.

В. Путиндин иш сапарынын учурунда кабыл алынган эмгек миграциясына жана карыздарды реструктризациялоого байланышкан макулдашуулар да кыргыз бийлиги тарабынан олуттуу документтер катары бааланууда. Кыргызстан быйыл төлөй турган карызын жаңы макулдашууга ылайык беш жылдан кийин төлөй баштайт жана ал 20 жылдык мөөнөттү камтыйт. Айрым аналитиктер Кант аба майданына Коллективдүү коопсуздук күчтөрүнүн тутумунда Орусиянын аскерий аба күчтөрүнүн жайгашышын Кыргызстандын карыздары менен да байланыштырышууда. Ал эми мыйзамчы депутат, «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын лидери Азимбек Бекназаров болсо мындай кадамды карыз менен байланыштыруунун кажети жок деп эсептейт. «Карыз өңдүү нерселер экинчи орунда турат. Кытайга деле карызыбыз жок эле да. Кытайлар сурап атпайбы, чоң мамлекет экен деп деле жерибизди берип жатпайбызбы. Кептин баары өзүбүздө, өзүбүздүн туруктуу саясатыбыздын жоктугунда», деп өкүндү А. Бекназаров.

Ал эми коргоо министри Эсен Топоевдин айтымында, «Кантта жайгашып жаткан тез аракеттенүүчү күчтөдүн авициялык компоненти региондун эле эмес, биздин өлкөнүн коопсуздугун да камсыз кылат». Мындай камсыздоо өлкө ичинде экономикалык жана социалдык багытта коогасыз өнүгүүнү ыңгайлаштырат, дейт коргоо министри.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG