Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

АНТИТЕРРОРДУК КОАЛИЦИЯ КҮЧТӨРҮНҮН «МАНАС» АБА МАЙДАНЫНДА ЖАЙГАШУУСУНАН КЫРГЫЗСТАН ИРИ ЭКОНОМИКАЛЫК ПАЙДА КӨРҮҮДӨ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 2001-жылдын декабрынан 2002-жылдын августь айына чейин чет элдик аскер күчтөрүнүн өкүлдөрү жердеги ар кандай кызмат көрсөтүүлөр үчүн Кыргызстанга 5 миллион 889 миң 451 доллар, ижара үчүн 1 миллион 65 миң 245 доллар төлөгөн. Ошентип, жалпысынан мамлекеттин эсебине 6 миллион 955 миң, 245 доллар киреше түшкөн.

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары дүйшөмбү күнү «Манас» аба майданында жайгашкан эл аралык күчтөрдүн аракеттерин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышы тууралуу өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматын укту.

«Манас» аба майданына Америка Кошмо Штаттары баш болгон бир катар өлкөлөрдүн аскердик күчтөрү эл аралык терроризм менен күрөшүү максатында, 2001-жылдын декабрь айындагы эки тараптуу келишимдин негизинде жайгаштырылган. Дүйшөмбү күнү депутаттар мына ошол эл аралык күчтөрдүн өкүлчүлүгүнөн бир жылдын ичинде Кыргызстанга канча акчалай каражат түштү жана келечекте бириккен күчтөр республикадан кетеби жокпу деген суроолорго жооп алышты. Адегенде, эл өкүлдөрүнө Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министири Кубанычбек Жумалиев, андан соң коргоо министри Эсен Топоев маалымат беришти. К. Жумалиевдин маалыматына караганда, 2001-жылдын биринчи январынан 2002-жылдын 31-октябрына чейин «Манас» аба майданындагы эл аралык күчтөрдүн учактары 3681 жолу учуп, конгон. Натыйжада, 2001-жылдын декабрынан 2002-жылдын августь айына чейин чет элдик аскер күчтөрүнүн өкүлдөрү жердеги көрсөтүлгөн ар кандай кызматтар үчүн Кыргызстанга 5 миллион 889 миң 451 доллар, ижара үчүн 1 миллион 65 миң 245 доллар төлөгөн. Ошентип, жалпысынан мамлекеттин эсебине 6 миллион 955 миң, 245 доллар киреше түшкөн.

Жогорудагыдай каражаттардын эсебинен Япония өкмөтүнөн алынган 1 миллион 54 миң 117 доллар өлчөмүндөгү кредит жана «Манас» аэропортун реконструкциялоого жумшалган Япониянын «Экономикалык кызматташуу фондунан» алынган 1 миллион 155 миң 629 доллар өлчөмүндөгү кредит төлөнгөн. Ошондой эле түшкөн каражаттын эсебинен мамлекеттик бюджетке салык түрүндө 5 миллион 74 миң 125 сом которулган. Мындан сырткары Жумалиев эл аралык күчтөрдүн учактары үчүн канча күйүүчү май жумшала тургандыгына токтолду. Анын айтымында, алар үчүн жалпысынан алганда бир айда үч миң тоннага жакын күйүүчү май керектелет. Аны мына ошол эл аралык коалиция күчтөрү тарабынан жарыяланган тендерде утуп алган америкалык компания менен бирге Кыргызстандык «Манас интернешнл сервис» жана «Аалам сервис» ишканалары камсыздай тургандыгын маалымдады. Депутаттардын «аталган фирмалар кимге тиешелүү?» деген суроолору жоопсуз калды. Айрым эркин жергиликтүү басма сөз каражаттарынын маалымдоосуна караганда, аталган ишканалардын бири президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Эдил Тойгонбаевге, экинчиси президенттин өз баласы Айдар Акаевге тиешелүү.

Ошондой эле суроо-жооп учурунда депуттар «Жогорудагыдай фирмалардын майынын тазалыгы ким тарабына көзөмөлгө алынат? Эмне үчүн аталган фирмалардан май куюлган, Орусия президенти Владимир Путинди коштоп жүргөн эки учак Казакстанга аргасыз конууга мажбур болду?» деген суроолорду беришти. К. Жумалиевдин маалыматына караганда, учурда ал окуя боюнча Орусиядан атайын адистер келип, «Күйүүчү майда суу барбы, жокпу, ошол учактын жана учактардын чыпкасынын абалы кандай?» деген суроолор боюнча иликтөө жүргүзүүдө. «Биринчи жана экинчи маселе боюнча бүгүн жыйынтык белгилүү болду. Май куйган «Манас Интернешнл сервис» компаниясынын күнөөсү жок экендиги аныкталды. Ал эми үчүнчү маселе боюнча, май куйган жердеги чыпкаларды аныктоо үчүн көп убакыт талап кылынат экен. Натыйжада комиссия ошол чыпкаларды Москвага жөнөттү»-деди Кубанычбек Жумалиев. Андан соң К. Жумалиев президент Аскар Акаевдин сөзүнө шилтеме келтирип, «Манас» аэропортундагы эл аралык күчтөр эл аралык терроризм менен күрөшүүгө канча убакыт талап кылынса, ошончо убакыт болоорун маалымдады.

Суроо жооп учурунда депуттардын көпчүлүгү «Манас» аба майданындагы эл аралык күчтөрдүн аскердик техникаларынын учуп-конуусунан айлана чөйрөгө зыян болуп жаткандыгын айтышып, тынчсызданышты. Мындай суроолорго Кубанычбек Жумалиев жакын арада өлкөнүн экология жана күтүүсүз кырдаалдар министирлигинен жана атайын экспертерден кошумча маалымат алып, кат жүзүндө депуттарга маалымдарын убада кылды.

XS
SM
MD
LG