Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

БИШКЕКТЕ КООПСУЗДУК БОЮНЧА МААНИЛҮҮ МАСЕЛЕЛЕР ТАЛКУУЛАНУУДА


Бакыт Аманбаев, Бишкек Шейшемби күнү Бишкекте Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин бешинчи отуруму өз ишин баштады.

«2002-жыл Коллективдүү коопсуздук келишиминин өнүгүшүндөгү бурулуш этап болду»-деп маалымдады президент Аскар Акаев шейшемби күнү аталган уюмдун коопсуздук кеңешинин катчылары менен жолугушкан учурда.

Жогорудагыдай пикирин бекемдөө үчүн мамлекет башчы үстүбүздөгү жылы Коллективдүү Коопсуздук Келишимине эл аралык статус берилгендигин, соңку жарым жылдын ичинде аталган келишимге кирген өлкөлөр сөздөн ишке өтүп бир катар биргелешкен иш чараларды өткөрдүгүн белгиледи.

«Барынан мурда, соңку жарым жылдын ичинде өтө маанилүү иш-чаралар өткөрүлдү. Маселен, үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген өлкөлөрдүн тез аракетке келүүчү күчтөрүнүн штабдык, аскердик машыгуулары абдан ийгиликтүү өттү», деди Аскар Акаев.

Ошондой эле президент аталган аскердик бирикменин Борбордук Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниси чоң экендигин да айтып өттү. 1999-2000-жылдары мына ушул Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген өлкөлөрдүн жардамы менен Кыргызстандын түштүгүнө басып кирген террористердин мизи ийгиликтүү майтарылгандыгын эске салды. Мындан сырткары, Аскар Акаев жакында «Кант» аэропортунда Орусиянын аскер-аба күчтөрүнүн бөлүгүнүн жайгаштырылышы, аталган келишимдин келечекте дагы чындалышына өбөлго түзөөрүн жана «мындай аскердик бирикме аймактагы өлкөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл» деген оюн ортого салды.

Андан соң Аскар Акаевдин орусиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Владимир Рушайло менен жолугушуусу жабык эшик артында өттү.

Жыйынга Белоруссия, Армения, Казахстан, Орусия, Тажикстан өлкөлөрүн коопсуздук кеңештеринин катчылары келишти. Кыргызстандан отурумга Коопсуздук Кенешинин катчысынын орун басары Аскербек Мамеев катышты. Мындан сырткары, отурумга байкоочу катары, Азербайжан, Грузия, Молдова, Украина өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышты. Жыйынды ачып жаткан сөзүндө Аскарбек Мамеев, Ооганстандагы эл аралык терроризм менен күрөш жакында бүтпөй тургандыгын, ал жерде дүйнө коомчулугу үчүн коркунуч көп жылдарга чейин сакталаарын белгиледи.

«Ооганстандагы эл аралык террористер менен күрөш жакын арада бүтпөйт. Бул көп жылдарга созулат. Алар Борбордук Азияга, анын ичинде Кыргызстанга көп жылдарга чейин коркунуч болот», деп белгиледи.

Аскарбек Мамеевдин жогорудагыдай пикирин андан кийин сөз алган Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Владимир Рушайло улады. Өз сөзүндө Рушайло соңку жарым жыл ичинде эл аралык мамилелерде көп өзгөрүүлөр орун алгандыгын, анын ичинде, Орусия менен НАТО нун, Европа Биримдигинин, Орусия менен Көз каранды эмес Өлкөлөр Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана эл аралык коомчулуктун Ирак мамлекетине карата болгон мамилелеринде бир катар өзгөрүүлөр болгондугун маалымдады. Мындай пикирин билдирүү менен Владимир Рушайло жалгыз өлкө эл аралык терроризм менен күрөшө албасын айтып, бул максаттка жетүү үчүн өз ара биригүү керек деген оюн ортого салды. «Кандай күчтүү болсо да бир мамлекет эл аралык терроизм менен ийгиликтүү күрөшө албайт. Ошондуктан, тынчтыкты каалаган, демократия жана адам укуктарын баалаган өлкөлөр өз ара биригиши керек», деди Рушайло.

Отурумдун кийинки бөлүгүнө журналистер катыштырылган жок. Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, жыйын шаршемби күнү аяктайт. Отурумда карала тураган башкы маселе - аталган уюмдун Ирак мамлекетине байланыштуу мамилесин тактоо. Жыйындын соңунда биргелешкен документке кол коюлары күтүлүүдө. Бирок кандай документ экендиги азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG