Бүгүн Тбилиси шаарында Грузия менен Орусиянын тышкы жана коргоо министирлеринин эки күндүк жолугушуусу башталат. Алар - Грузияда калган эки орус аскерий базаны жабуу маселелерин талкуулайт. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун ортомчулугу менен 1999-жылы түзүлгөн келишим боюнча, Грузиядагы бардык төрт аскерий база 2001-жылдын июл айына чейин жабылууга тийиш болчу, бирок Орусия алардын экөөнү гана - Абхазиядыгы Гудаута жана Тбилисинин алдындагы Вазиани базаларын жаап, калган Ахалкалади менен Батуми базаларын көчүрүп кетүү үчүн 11 жыл сураган. Өткөн жылдын июл айынан бери бул маселе боюнча сүйлөшүү болгон эмес.