Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:10

ИРАК ОППОЗИЦИЯСЫНЫН ЛОНДОН ЖЫЙЫНЫ


Президент Саддам Хуссейнден соңку Ирак өкмөтүн түзүү маселеси ишемби-жекшемби күндөрү Лондондо болгон Ирак оппозициясынын жыйынында талкууланды. Оппозициядагы партиялар Саддам Хуссейндин бийлигин эл аралык күчтөрдүн жардамы менен, болбосо, төңкөрүш уюштуруп алмаштыруу зарыл деген үмүттө.

Бириккен улуттар уюмунун каруу жарак инспекциясы Ирактын химиялык, биологиялык жана ядролук куралдарын издөөнү улантууда.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башкы директору Мохаммад Ел- Барадейдин жума күнкү билдирүүсүнө караганда, текшерүү канчага созулары беймаалым. «...Иракта биз эмнени көрөрүбүз, бизди эмне күтүп жатканы белгисиз... Текшерүү бир-эки айга же андан узакта бүтүшү мүмкүн... Биз бир бүтүм чыгарганча, бир жылдай убакыт өтөт деп ойлоймун», деп маалымдады Ел- Барадей.

Өлкөдө БУУ тыйуу салган азезил куралдар табылып калса, мүмкүн болчу АКШ чабуулунда Саддамдын режими кулатылат деген үмүттөгү Ирак оппозициясы 14-15-декбарда Лондондо жолугушту.

Жыйынды ачуу салтанатында Кошмо Штаттардын, Түркиянын, Британиянын, Кувейттин жана Ирандын дипломаттары болду.

АКШ президентинин Ирак оппозициясы боюнча элчиси Залмай Хализад жана башка АКШлык расмий адамдар жыйындын жабык эшик артында болгон сессияларына да катышты.

Сүргүндөгү алты топту бириктирген «Ирактагы демократия жана боштондук үчүн» шериктештиги уюштурган жыйында Түндүк Ирактан, Сириядан, Ирандан жана АКШдан келген 300дөй өкүл Иракта демократиялуу өкмөттү куруу маселесин талкуулашты.

«Бул куру кыял эмес. Бул диктатордук эзүүнүн запкысын көргөн элибиздин асыл максаты», деди Конституциялык монархия кыймылынын башчысы Шариф Хуссейн Ирактагы түрдүү элдер менен диний топтордун өкүлдөрү алдында сүйлөп.

Ассирииялык топтун өкүлү Эмануель Камбер Лондондогу жыйындын максаты жөнүндө: «... биз Саддам Хуссейнге каршы бириге турганыбызды жана Иракта көп маданияттуу, демократиялык жана адилет бийликти куруу үчүн чогуу аракет жасаарыбызды дүйнөгө көрсөтөбүз», дейт.

Ирак оппозициясы үчүн бийликти бөлүштүрүү өтө татаал маселе экенин жыйын айкын көрсөттү.

Күрддөр менен мусулман шийилердин өкүлдөрү өткөөл өкмөт боюнча АКШнын Мамлекеттик департаментинин арачылыгы менен иштелип чыккан 100 барактык сунуш-документ бизге берилбеди деп нааразылык билдиришти.

Күрд лидери Хошяр Зибаринин айтымында, жыйынды уюштурган 32 адам документти жыйынга чейин маалымат каражаттарына жарыялап жиберип, делегаттарга өз пикирлерин таңууламак болгон.

Долбоордо, Ассошиейтед пресс агенттигинин кабарлашынча, өкмөткө күрд азчылыгы менен сүргүндөгү ирактык арабдардын өкүлдөрү да кирсин, Саддамдын тандалма гвардиясы таркатылып, армиянын саны азыркы 400 миңден кыскартылсын деген сунуш айтылат.

Ирак оппозициясы чогулган мейманкананын сыртында ондогон ирактыктар, арабдар жана мусулмандар демонстрация өткөрүп, жыйынды Вашингтондун Иракка кол салуу акциясынын бир бөлүгү деп күнөөлөштү.

Бирок, Күрдистан демократиялык партиясынын төрагасы Жалал Талабанин пикиринче, «оппозиция тыш өлкөлөрдүн жардамына таянып, Саддамды бийликтен кетирсе уят иш болбойт».

Акыркы жылдары АКШ менен Британиянын калканчы астындагы ирак күрддөрүнүн келечек статусу боюнча сүргүндөгү Ирак партиялары арасында биримдик жок экенин Лондон жыйыны ашкере кылды.

Күрддөрдүн жетекчилери «келечекте Иракта федералдык башкаруу системасы киргизилип, күрддөрдүн автономиялык укугу кеңейтилсин» деген көз карашта. Түндүк Иракты контролдогон эки партиянын бири Күрдистан демократтык партиясынын башчысы Массуд Баразанинин айтышынча, «Федералдык система Ирак элинин биримдигин чыңдоонун бирден бир жолу».

Буга бирок сүргүндөгү Ирак партиялары макул эмес. «Элибизге боштондук алып бермейинче, биз эч кандай шашылыш чечим кабыл албашыбыз абзел. Соңку сөздү эл айтыш керек», деп билдирди Лондондогу жыйында араб мусулман шийилеринин пикирин генерал Хассан Накиб.

XS
SM
MD
LG