Жонатан Рэндал 90-жылдардын башталышында “Вашингтон пост” гезитинин Югославия боюнча кабарчысы болуп иштеген. 1993-жылы ал босниялык сербдердин ошо кездеги өкмөт башчысы Радослав Бржанинге жолугуп, маектешет.Анын негизинде макала жазып, гезитке басып чыгарат. Маектешүү маалында Бржанин эгер анын оюна койсо Баня Лука шаарын бөлөк-бөтөн калктардан түгөл тазалап, өңчөй серберди гана калтыргысы келгенин айткан экен. Бржанин кийин согуш кылмышкери деп табылып, ушу тапта Гаагадагы эл аралык трибуналда сурак берип жатат. Ага босния жериндеги кызыл кыргындарга катышкан, бери эле дегенде 100 миңге чукул мусулмандар менен хорваттарды Босниянын түндүк-батыш райондорунан кууп чыгарган деп айып тагылган. Муну тастыктаганы трибуналдын прокурорлору жакында “Вашингтон посттун” кабарчысын көрсөтмө бергенге сотко чакырышкан эле. Бирок Рэндал сотто күбө болуп катышкандан баш тартты. Мындай иш, Рэндалдын ишениминде, Балканда иштеп жаткан аскери кабарчыларды, аларды маалымат менен жабдып жаткан булактарды коркунучка кириптер кылат. Ошону үчүн ал өзүнүн жана кесиптештеринин укугун коргогону ишти трибуналдын апелляциялык палатасына ашырган эле.
Рэндалдын арызын карап, трибуналдын палатасы ишти кабарчынын пайдасына чечти. Сот, атап айтканда, Гаагадагы эл аралык трибунал сыяктуу инстанциялардагы процесстерде аскери кабарчылар кадимки күбөлөрдүн тизмесине киргизилбейт деп тапты. Апелляциялык палатанын чечимине ылайык, мындай күбөлөрдү чакыруу үчүн прокурорлор кабарчылардын көрсөтмөлөрү процессте өзгөчө жана чечүүчү мааниге ээ болорун сотко далилдеп берүүгө тийиш.
Апелляциялык палатанын бул чечими, байкоочулардын айтымында, жаңы өнөгө түзүшү ыктымал жана эл аралык сот ишине жаңы норма катары кирип калышы мүмкүн. Рэндалдын доо арызын маалымат каражаттары боюнча дүйнөдөгү отуздан ашуун абройлуу уюмдар колдоп чыгышты. Венада жайгашкан эл аралык басма сөз институтунун өкүлү Дэвид Дэдге бул ишти комментариялап: “Бу өтө кызык өнөгө болду, балким, ал келечекте башка соттордо колдоо таап, улуттук,атүгүл адам укуктары боюнча Европалык соттун практикасына кирип калышы ажеп эмес”,-деп билдирди.
Ошол эле учурда башка бир журналисттердин пикирлерине ылайык, Рэндал Гаагада көрсөтмө берүүгө тийиш эле. Быйыл августта, мисалы, Би-Би-Синин Белграддагы мурдагы кабарчысы Жеки Роуланд ошол эле трибуналда күбө катары сотко катышып, экс-президент Милошевичке каршы көрсөтмө берген эле.