Түркиядагы Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери Режеп Тайип Эрдоганды Вашингтондо президент Жорж Буш өзү кабыл алып, бир катар проблемаларды талкуулады. Анын ичинде Түркиянын Европа Биримдигине кошулуу планы сөз болду. «Биз силердин Евробиримдикке мүчө болуу жөнүндөгү мүдөөңөрдү кош колдоп жактайбыз», деп айтты президент Буш.
Баяндамачылар белгилешкендей, Вашингтондо Түркияны Батыш менен ислам дүйнөсүн туташтырган «стратегиялык көпүрө» деп санашат. Анан калса Түркия америкалыктарга жалпы мусулман жамаатынын ичинен демократиялык реформаларды өткөргөнгө аздыр-көптүр көрөңгөсү бар,ага кошумча эл аралык, асыресе, исламчыл террористтерге каршы күрөштө ишенимдүү өнөктөш боло ала турган жападан-жалгыз өлкөдөй көрүнөт. Ак Үйдүн өкүлү Ари Флейшердин сөздөрү боюнча, «президент Буш Европа Биримдиги Түркияны мусулман демократиясы, оожалып, ооматы көтөрүлүп келаткан, Европага кошулуу жолунда көзгө толумдуу кадамдарды жасаган, ачыктыгы жана айкындыгы жагынан Европанын шартына чукулдап калган өлкө катары караганын өтө маанилүү деп эсептейт».
Вашингтондун позициясын шаршемби күнү расмий Лондон колдоп чыкты. Британ тышкы иштер министри Жек Стронун айтымында, азыркы кырдаалда Түркия менен кызматташуу өзгөчө зарыл. «Түркия рынок экономикасын түптөөдө, адам укуктарын жана мыйзамдуулукту чыңдоодо олуттуу прогресске жетишти», деп билдирди британ министри. Ал эми Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер болсо Анкара менен расмий сүйлөшүүлөр 2005-жылы барып гана башталышы мүмкүн, ага чейин Түркияда адам укуктарынын абалы түп-тамырынан бери жакшырууга тийиш деп эсептейт. Мындай позицияны Биримдиктин жетекчилери Копенгагенде башталган саммитте да бышыкташат дешет. Түркия болсо сүйлөшүүлөрдү эмдиги жылдан калтырбай баштоо талабын коюп жатат. «Бул бизге демократия жолунда чоң секирик жасаганга, аны өркүндөткөнгө демөөр бермек. Ошондуктан ушул апта биз үчүн өтө маанилүү, ал чынында эле биздин тарыхтагы бурулуш учур болот», деп билдирди Түркиянын башкаруучу партиясынын лидери Режеп Тайип Эрдоган. Вашингтонго келерден мурда ал кокус Копенгагенде Европа Биримдиги Түркия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо мөөнөтүн атабаса, анда Анкара өзүнүн өнүгүү багытын өзгөрткөнгө аргасыз болорун эскерткен эле. Муну көпчүлүк байкоочулар Түркия Европа Биримдигине алынбаса, анда исламдашуу жолуна түшөт дегендей маанидеги опуза катары түшүнүштү.
Эрдоган ашкере исламчылдыгы үчүн мындан эки-үч жылдай мурда эле түркиялык аскерий төбөлдөрдүн куугунтугуна калып, расмий кызматтарга шайлануу укугунан ажыраган эле. Азыр деле анын мамлекеттик эч кандай мансап-мартабасы жок, атүгүл жыл башында Вашингтондо болуп, америкалык бир дагы расмий өкүлдүн ыкыласына арзыган эмес. Эрдогандын жаңыланган партиясы кеч күздөгү шайлоодо жеңишке жетишти, андыктан Иракка каршы болжолдонуп жаткан аскерий кампанияда Түркиянын Кошмо Штаттарга активдүү тарапкер болорун эми көп жагынан «экс-исламисттин» парламенттеги көпчүлүктү түзгөн фракциясы чечет. Кокус бул согушта Вашингтонго өнөктөш болсо, Анкара өзү үчүн Европа Биримдигине даңгыр жол тапкандан тышкары бир катар башка иштерде, анын ичинде Кипр талашын чечүүдө Кошмо Штаттардын колдоосуна үмүт кыла алат. Мындан тышкары, Түркияны кооптонткон Түндүк Ирактагы күрддөрдүн проблемасы да Вашингтондун позициясына жараша болот. Акырында алдыдагы беш жыл ичинде Вашингтон Анкарага төрт миллиард доллар өлчөмүндө финансылык жана аскерий көмөк көрсөтүшү мүмкүн. Бу сумманы Түркия азырынча аз деп эсептейт. Иракка каршы киргизилген эл аралык санкциялардын айынан он жыл ичинде тарткан чыгымын Түркия кырк миллиард долларга баалап жүрөт.