Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

АКШнын КОРГОНУУ СТРАТЕГИЯСЫ


Кокус Кошмо Штаттарына каршы массалык кыргын салуучу куралдар колдонула турган болсо Вашингтон коргонуу максатында өзүнүн бардык аскерий арсеналдарын, анын ичинде атомдук дүрмөттөрүн да пайдаланат. Бул тууралуу Ак Үй жарыялаган документте айтылат.

Документ «Президенттин улуттук коопсуздук боюнча 17-директивасы» деп аталат. Анын кыскартылган, алты беттен турган варианты журналисттерге таркатылды. Директивада дүйнөдөгү кооптуу режимдерге жана террористтерге массалык кыргын салуучу куралдар менен Кошмо Штаттарын опузалап,ага сес көрсөткөнгө Вашингтон администрациясы жол койбойт деп айтылат. Документте терроризмди колдогон бир катар режимдер өздөрүнүн апааттуу арсеналдарын арттырып, аны опузалоо каражаты, атүгүл финансылык «бөлкөнтай» өндүрүп алуунун механизми кылып алганы да көрсөтүлөт. Президент Буш «ушул өңдүү өлкөлөр жана террористтердин көмөкчүлөрү балакеттин уюткусун түзөрүн, алар дүйнөдөгү тынчтыкка коркунуч келтиргени куралданып жатышканын» баса белгиледи.

Ак Үйдүн өкүлү Ари Флейшердин түшүндүрмөсү боюнча, жаңы документ дал ушундай өлкөлөр менен террористтик уюмдарга багышталган ачык эскертүү болуп саналат. Биринчиден, кара санатай күчтөр массалык кыргын салуучу куралдарды огожо көрбөшү керек, экинчиден аларды Кошмо Штаттарына, анын тургундарына, досторуна жана союздаштарына каршы колдонуу планынан караманча баш тартууга тийиш. А кокус ушундай кадамга батына тургандар табылса, токтоосуз катыгын алат: Кошмо Штаттары аларга каршы бардык аскери арсеналын, атүгүл ядролук дүрмөттөрүнө чейин бүткүл күч-кубатын колдонот.

Директивада конкреттүү өлкөлөр аталган эмес, бирок Ак үйдөгү айрым маалымдар адамдардын айтымында, Вашингтон мындай режимдердин тизмесине Иран, Сирия, Түндүк Корея жана Ливия өңдүү өлкөлөрдү киргизген. Администрациянын өкүлдөрү «Вашингтон пост» гезитине билдиришкендей, мунун өзү президент Буш конкреттүү кайсыдыр бир режимдерге күч колдонгусу же аларга атайын диверсанттарды жибергиси келип жаткандыгын билдирбейт. Директиванын башкы максаты жоопкерчиликти билбеген режимдерди массалык кыргын салуучу куралдарды өркүндөтүүдөн сактандырууда турат.

Ак үйдүн өкүлдөрү 17-директивада принциптүү эч кандай деле жаңылык жок дешет. Атап айтканда, мындан бир нече жыл илгери эле Билл Клинтон коргонуу чөйрөсүндө акыркы аскерий чара катары куралдардын эң апааттуу түрлөрүн колдонуу мүмкүндүгүн караган атайын директивага кол койгон. Ошентсе да республикачыл партиянын мүчөсү, сенатор Чак Хагел президент Буштун тушунда атомдук дүрмөттөрдү колдонуу идеясы өтө көп айтыла баштаганына көңүл бурду. Бир жыл мурда, мисалы, Пентагон чакан дүрмөттөгү ядролук бомбаларды түзүүнү сунуш кылган эле. Оппоненттер мындай бомба жасалган соң аны колдонуу мүмкүндүгү да көбөйөт деп эсептешет. Сенатор Хагел атүгүл президент Буш ядролук куралдарды жайылтпоо жагынан соңку жарым кылымда жасалган иштердин кайырын чайыр кылып алышы ыктымал деп бүшүркөйт. Анын болжолунда, «мунун арты ооздуктай алгыс аракеттерге алып келиши ажеп эмес». Сенатор баарыдан мурда ядролук дүрмөтү бар Кытай, Орусия, Израиль, Пакистан, Индия, Түндүк Корея да өздөрү үчүн ушундай маанидеги улуттук коргонуу стратегиясын аныктап алышы мүмкүн деп кооптонот. Буштун жаңы директивасын мурдагы вице-президент Альберт Гор да сынга алды.

XS
SM
MD
LG