БИШКЕК. 13-декабрда Кыргызстандын алгачкы акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу Жогорку Кеңештин кош палатасынын биргелешкен жыйынында Омбудсман милдетин мыйзам чегинде, адилеттүүлүк жана абийирдүүлүк менен аткарууга ант берди. Ант берүүдөн кийин Турсунбай Бакир уулун президент А. Акаевдин атынан мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, өкмөт башчысы Николай Танаев куттукташты. Ал эми парламент төрагалары Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев Акыйкатчынын ишине ийгилик каалашты. Кыргызстандын Акыйкатчысы 21-ноябрда шайланган. 11-декабрда Турсунбай Бакир уулу депутаттык ыйгарым укугун токтоткон.