Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

ТОНИ БЛЭРДИН СУНУШУН ПАЛЕСТИН ЛИДЕРИ ЯСИР АРАФАТ ШЫР КОЛДОДУ


Британиянын премьер-министри Тони Блэр Палестин жетекчилигин январда Лондондо өтчү Жакынкы Чыгыш боюнча талкууга чакырганы, Палестиналыктардын лидери Ясир Арафат үчүн оң келди иш болду. Христмас майрамына Бетелехем шаарына баруусуна Израил бийликтери тарабынан тыюу салынган Арафат сунушту шып илип, «Палестин делегациясы Лондондогу жыйынга барат», деп билдирди.

«Палестин автономиясынын жетекчилигиндеги реформаны талкуулого арналып, январь айында Лондондо болчу жыйынга Палестинанын жетекчилиги, ошондой эле, Европа Биримдигинин, Орусиянын, Кошмо Штаттардын жана Улуттар Уюмунун өкүлдөрү чакырылды», деп жарыя кылды премьер-министр Тони Блэр дүйшөмбү күнү Британиянын парламентине.

ЕБ, Орусия, АКШ жана БУУ - Израиль менен Палестинанын тынчтык сүйлөшүүлөрүн алга жылдыруучу ыктыярдуу төртилтиктин мүчөлөрү.

Т. Блэр билдирүүнү Сириянын президенти Башар Ал-Асад менен кездешкенден кийин жасады. Андан мурда, Ал-Асад менен жолугушуудан соң, Британ өкмөтү жайгашкан Доунстрит 10-до өткөн пресс-конференцияда Т. Блэр, «биз, биз баарыбыз, Жакынкы Чыгыш процесси израилдиктер менен палестиналыктар эриш аркак, биримдикте тынч жашагандай чечилүүсүн каалайбыз...», деп билдирген болчу.

Доунстриттин өкүлүнүн маалымдашынча, Палестин автономиясындагы реформа талкуулануучу жыйынга Мисирдин, Сауд Аравиясынын жана Иорданиянын өкүлдөрү да чакырылып, бирок, Израил чакырылбайт.

Жыйынга Палестин лидери Яссер Арафат катышабы же башка бирөө келеби – аны Т. Блэр так айткан жок. Я. Арафаттын Палестин өкмөтүнүн төрагалыгынан кетирилишин Вашингтон менен Израиль жайдан бери талап кылып жүрөт.

Израил бийликтери, ал турсун, Арафатты Рамалладагы кеңсесине камап, Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилөөчү Кристмас майрамында Бетлехем шаарына баруусуна тыйуу салып койду. «Ал Бетлехемге келсе дагы, майрам учурунда бейкуттук жана тынчтык болушуна салым кошот деп ойлобоймун. Моралдык жактан алып караганда да, анын Бетелехемде болууга укугу жок», деп билдирди Израилдин премьер-министринин өкүлү Раанан Гиссин дүйшөмбү күнү Арафатка ишаарат кылып.

Израилдик аскерлер Бетлехемди үч жума мурда-Бетлехемдик жанкечти жардырган бомбадан Иерусалимде 11 адам өлгөндөн кийин кайра басып алышкан.

Төрага Я. Арафат Британ премьеринин сунушуна шыр эле оң жооп берди. «Мырза Я. Арафат, ошондой эле, төртилтиктин мүчөлөрүнө кайрылып, тынчтык процессин саалгытпай кайра улантуу үчүн бар мүмкүнчүлүктөрүн жасоону өтүндү», деп кабарлады тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү Палестиналык делегациянын жетекчиси Саеб Еракат.

Төртилтиктин мүчөлөрү жума күнү Вашингтондо кездешип, Жакынкы Чыгыш чатагын жөндөөнүн жолдорун, анын ичинде 2005-жылга эгемен Палестин мамлекетин түзүү маселесин талкуулашат.

«Израилдин чабуулун, үйлөрдү кыйратууну, адамдарды өлтүрүүнү жана баскынчылыкты ылдам токтотуу үчүн жана президенттик жана жалпы элдик шайлоону өткөрүү үчүн төртилтик ыкчам аракеттениши керек», дейт Еракат.

Шайлоо 20-январга мерчемделген. Бирок, «Франс-Пресс» жана башка маалымат булактары Батыш Иордандын көпчүлүк бөлүгү Израилдик күчтөрдүн ээлигинде болгондуктан, шайлоо өз мөөнөтүндө өтпөй калышы ыктымал деп түкшүмөлдөшөт.

Израил тынчтык сүйлөшүүлөрүн уланткандан мурда Палестин тараптын алдына эки шарт койууда.

Биринчи шарт боюнча, Палестин жетекчилиги, АКШ президенти Жорж Буш 24-июндагы сөзүндө айткандай, алмаштырылышы же шайланышы же жаңыланышы керек. Экинчи талапка жараша, Палестин бийликтери террорчулукка каршы күрөштү натыйжалуу жүргүзүшү шарт. Бул эки шартты Израилдин коргоо министри Шаул Мофас дүйшөмбү күнү Вашингтондо Мамлекеттик Катчы Колин Пауэлл менен болгон сүйлөшүүдөн кийин жарыя кылды.

Пауэлл өзү да өткөн жумада Я. Арафат Жакынкы Чыгыштын саясый майданынан кетчү мезил жеткенин, палестиналыктарды «жаңы жана мурдакыдан бөлөк жетекчилерди» шайлоого чакырганда кыйытып айткан.

XS
SM
MD
LG