Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:30

РАДУЕВДИ КИМ ӨЛТҮРДҮ?


Чечен адабатчыларынын белгилүү командири Салман Радуевдун сөөгү жерге көмүлгөнүн Орусиянын юстиция министринин орунбасары ырастады. С. Радуев өткөн жумада түрмөдө каза болгон эле. Расмий билдирүүлөрдө ал ички органдарынан кан кетип өлгөнү айтылат, ал эми айрым журналисттер С. Радуев өзүн-өзү тындым кылган болушу да мүмкүн дешет. Бирок анын туугандары менен чечен лидерлери «С. Радуев орусиялык атайын кызматтардын колунан мерт болду» деп эсептешет.

Салман Радуевди орусиялык коопсуздук кызматтары 2000-жылы мартта кармашкан. Ал мындан бир жыл мурда соттун өкүмү менен өмүр бою түрмөгө кесилген. Аны 1996-жылы Кизлярдагы, андан соң Первомайскидеги кандуу калаймандар, ошондой эле Пятигорскинин темир жол вокзалындагы террордук иштер үчүн күнөөлүү деп табышкан. Өткөн аптада Радуев Пермь областындагы Соликамск шаарындагы абак лагеринде каза болду. Орусиянын юстиция министринин орунбасары Юрий Калинин абак жайдын кызматкерлери анын сөөгүн жерге көмүшкөнүн ырастады. Анын айтымында, туугандары С. Радуевдин жасатын алып кеткенге келишкен жок. Радуевдин каерге көмүлгөнү айтылбады. Ю.Калининдин сөзү боюнча, ал ичинен кан өтүп, ошондон өлдү. Абак жайдын администрациясы ырастагандай, С. Радуев отуз күн орозо кармаган экен. Дарыгерлер анын ички органдарынын өнөкөт оорусу ушундан улам козголуп, өтүшүп кеткен дешет.

Бирок Салман Радуевдин аялы Лида мындай бүтүмдөрдү карандай калп деп эсептейт. Мындан эки айдай мурда эле ал түрмөгө барып, күйөөсү менен жолуккан экен. «Мунун баары орус бийликтери менен атайын кызматтардын кезектеги жалганчылыгы», деп айтты ал «Азаттыктын» кабарчысына. «Радуев ден соолугуна дегеле даттанган эмес, болгону 1996-жылы маңдайына ок тийип, жарадар болгон эле. Аны орустар өздөрү эле өлтүрүп салышты».

Орусиялык айрым гезиттердин кабарлары боюнча, Радуев каза болордон эки-үч күн мурда эле дагы бир чечен ишмери Ахмед Закаевге каршы көрсөтмө берген экен. С. Радуев, арийне, чечен жериндеги иштерден өтө маалымдар, алардын аки-чүкүсүн абдан жакшы билген адамдардын бири эле. Бирок анын орус тергөөчүлөрүнө эмнелерди айтканы эми биротоло белгисиз бойдон калат. Ахмед Закаев болсо С. Радуевди орустар тындым кылып салганынан дегеле шек кылбайт. «Чеченстанда экинчи аскери кампания башталгандан бери бу биринчи жолу болуп отурган иш эмес», деп айтты ал телефон аркылуу берген интервьюсунда. «Чечен мамлекетинин бир нече расмий жетекчилери ушундай эле жол менен жок кылынды». Айрым учурда орус бийликтери атүгүл Атгериев же Радуев өңдөнтүп сот оюнун деле уюштурушкан жок. «Чечен парламентинин спикери Алихадзиевди, мисалы, түн ортосунда үйүнөн чакырып кетишип, ошондон бери дайынын чыгарбай салышты», деп айтты А. Закаев. Чечен лидерлери орус коопсуздук кызматтары Алихадзиевди мындан эки жылдай илгери Лефортово түрмөсүндө токмоктоп жатып өлтүрүп салышкан деп эсептешет. Ал эми Атгериев болсо Екатеринбург шаарындагы түрмөдө жатып өлдү. Анын кандай себептен өлгөнү да табышмак бойдон калды. «С. Радуев, балким, бар билген маалыматтардын баарын айтып берген соң коопсуздук кызматтарына анчейин зарыл болбой калса керек», деп жазат орусиялык «Время новостей» гезити.

XS
SM
MD
LG