Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:31

АКШнын РАКЕТАДАН КОРГОНУУ ДОЛБООРУНА КАРАТА ДҮЙНӨ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ПИКИРИ.


Кытай менен Орусия АКШнын ракетадан коргонуу долбооруна АКШнын бул коргонуу долбооруна каршы маанайларын ачык билдиришти. Жапония менен Түштүк Корея да бул жаңылыкка чочулоо менен мамиле жасоодо.

Кошмо Штаттар болжолдуу өзөктүк соккудан коргонуу үчүн 2004-жылдан тартып ракетага каршы атайын системаны орното баштамакчы. Бул кабарга Орусия өзүнүн өкүнгөнүн билдирди. Ал эми Бириккен Улуттардын Женевадагы кеңсесиндеги Кытайдын өкүлү Ша Жукаңг бейшембиде “Чайна дэйли” гезити үчүн курган маегинде расмий Бээжин АКШнын ракетадан коргонуу боюнча улуттук программасына каршы тураарын айтты. Ша Жукаңгдын оюнча, америкалык жаңы коргонуу долбоору дүйнөдөгү стратегиялык тең салмактуулукка жана туруктуулукка шек келтирет, ошондуктан Кытай өкмөтү бул анти-ракеталык калкан долбооруна каршы турат. Кытай элчиси өзөктүк куралдарды болочокто жайылтпоо үчүн коопсуздук боюнча эл аралык жана аймактык жагымдуу шарттарды мындан ары да чыңдоо абзел деп баса белгиледи.

Түштүк Корея менен Жапония АКШнын долбооруна кабатырлануу менен мамиле кылууда. Ал эми “Берлинер цайтунг” гезити АКШ долбоорунун максаты – Кошмо Штаттарга дүйнөлүк аскердик саясатын эч тоскоолсуз жүргүзүүгө мүмкүндүк жаратуу менен байланыштуу деп жазып чыкты. Испандык “Паис” гезити бул долбоор Европа үчүн алаамат алып келиши мүмкүн деп санайт. Гезиттин жазышынча, Маскөө менен Бээжин АКШ калканын өздөрүнүн ракеталарына каршы чара деп баалашы ыктымал, мындай шартта алар да жаңы согуштук куралдарды түзүүгө чакырык алганга тете болот. “Паис” гезитинин бул маанайын австриялык “Стандарт” гезити да бөлүшүүдө. Анын оюнча, болжолдуу душман оболу өзөктүк куралдары жок ракеталарды байма-бай учуруп, АКШнын абадан коргонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган соң, чыныгы өзөктүк соккусун жасашы деле ыктымал.

Декабрдын 17синде АКШ президенти Жорж Уокер Буш чыгып сүйлөп, Кошмо Штаттар 2004-жылдан тартып мерчемдүү жерлерге ракетадан коргонуу боюнча атайын жабдууларды орното баштаарын билдирген. Өлкөнүн коргоо катчысы Доналд Рамсфелд ошол эле күнү бул долбоор тууралуу мындайча билдирген: “Бул ракетадан коргонуу программасы жөнүндө мындайча аңдоо жөндүү: бул – эволюциялык бир программа. Ал тийешелүү мезгил ичинде өнүктүрүлүп-жүзөгө ашырылат”.

Рамсфелд мырза ракетаны учуп келе жаткан маалында таап, жок кылуу боюнча жүргүзүлгөн сегиз сыноонун үчөө ийгиликсиз аяктагандыгы тууралуу суроого жооп берип, аскердик технология ийгиликтерден эле эмес, мүчүлүштүктөрдөн да тийешелүү сабак алаарын эскертти.

Расмий Вашингтон Лондонду болжолдуу ракеталык соккунун алдын алуучу системага кошулууга чакырып жана андан Британия аймагына душмандык ракеталарды ойрон кылуучу атайын ракеталарды жайгаштырууга уруксат кылуусун өтүнүүдө.

Президент Бушту айрым сынчылары “жылдыздар согушунун демилгечиси” деп аташууда. Айтмакчы, ракетадан коргонуу үчүн калкан түзүү идеясы алгачкы жолу президент Роналд Рейгандын тушунда көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG