Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

ТҮШТҮК КОРЕЯДА ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТ ШАЙЛАНДЫ


Улан Алымкул уулу, Прага Бейшемби күнү Түштүк Кореяда болгон президенттик шайлоодо өкмөтчүл, либералдык нуктагы партиянын талапкери, Ро Му Хен жеңишке жетишти. Ал эми шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө тышкы саясаттын маселелери басымдуулук кылган эле.

Түштүк Кореянын кезектеги президенттик шайлоосунда алты талапкер катталганы менен байкоочулар жана баяндамачылар жеңишти мурдатан эле атаандаштардын негизги экөөсү, Ро Му Хен менен Ли Хве Чхандын бирине ыйгарып жатышкан. Ро Му Хен башкаруучу либералдык партиянын, Ли Хве Чхан оппозициядагы консервативдик партиянын талапкери. Ро Му Хендин саясий уюму, расмий түрдө Жаңы миң жылдыктын Демократиялык партиясы, Ли Хве Чхандыкы Улуу өлкөнүн консервативдик партиясы деп аталат. Шайлоонун баштапкы жыйынтыктары өкмөтчүл, либералдык нуктагы партиянын талапкери Ро Му Хен алдыга озуп чыкканын көргөздү. Алгачкы маалыматтар боюнча Ро Му Хен атаандашы Ли Хве Чхандан 2% дай көп добуш топтогон . Шайлоодо жеңишке жетишкенин Ро Му Хен өзү да ырастады.

Өлкөнүн кызмат мөөнөтү аяктоо алдында турган азыркы президенти Ким Де Чжун бейшемби күнү добуш берүүдөн соң кабарчылар менен болгон маегинде быйылкы шайлоону «бул жерде мыйзамсыз акча менен бийлик өкүлдөрүнүн кийлигишүүсү болгон жок, шайлоо адилет башкарылды. Бул - биздин тарыхыбыздагы алгачкы адилет шайлоо», деп мүнөздөдү.

Ал эми шайлоо кампаниясы учурунда , өлкөнүн ички проблемаларына караганда тышкы саясаттын маселелери басымдуулук кылган эле. Алардын эң башкысы - жакынкы коңшу, Түндүк Корея менен болгон мамиле.

Маселен, мурда өлкөнүн Жогорку Сотунун судьясы болуп иштеген , алтымыш жети жаштагы консерватор Ли Хве Чхан Түндүк Кореяга карата катаал саясаттын жактоочусу жана шайлоо кампаниясы учурунда, эгер бийликке келсе бул коңшу өлкөгө берилип жүргөн экономикалык жардамдардын келечеги Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар программасы жаатындагы саясатына жараша болоорун билдирген. Башкача айтканда, эгер Түндүк Корея өзөктүк куралдар программасын токтотпосо, экономикалык жардам кыскартылаарын ачыктаган эле. Ли Хве Чхан президенттик шайлоого экинчи ирээт катышты. 1997- жылы да ал аз добуш менен азыркы мамлекет башчы Ким Де Чжунга утулуп калган болчу. Сеулдан түшкөн кабарларда айтылгандай, консерватор Ли Хве Чханды орто жашап калган жана улгайган адамдар көбүрөөк колдойт. Ал эми мурда укук коргоочу-адвокат болуп иштеген, 56 жаштагы Ро Му Хен өз партиялашы, азыркы президент Ким Де Чжундун саясатын улантып, Түндүк Корея менен жакындашууга умтулаарын билдирип келди. Анын жаштар жана калктын либералдык маанайды карманган бөлүгү арасында аброю жогору.

Түштүк Корея шайлоочуларынын чечимине, президенттикке талапкерлердин өлкөнүн союздашы катары эсептелген, АКШ боюнча туруму да таасир бериши мүмкүн. Жакында, Түштүк Кореяда антиамерикалык чоң толкундоо болгон эле. Буга жергиликтүү соттун жол кырсыгында эки өспүрүмдү мерт кылып алган АКШлык аскер кызматчыларды актап жибергени өбөлгө берди. «Нью-Йорк Таймс» гезитинин жазганына караганда, америкалык, түштүк кореялык эксперттер да либерал Ро Му Хендин жеңиши, АКШ -Түштүк Корея алакаларына түзөтүүлөрдү алып келет деген ишенимде.

Албетте, шайлоо кампаниясы учурунда эки талапкер тең АКШ менен өнөктөштүк, чөлкөмдүк коопсуздук үчүн зарыл экенин ырасташкан. Бирок, Түндүк Корея маселесине келгенде консерватор Ли Чхан АКШнын турумун колдосо, либерал Ро Му Хен Вашингтондон көз карандысыз саясат жүргүзүүнү көздөйт. Анын мындай көз карашы жаштар арасындагы беделин көтөрсө, айрым саясий өнөктөштөрүнүн нааразылыгын да жаратты. Ал эми АКШ Түндүк Корея боюнча саясатында такай Түштүк Корея жана Жапония менен кеңешип келгени белгилүү. Азыр Түштүк Кореяда АКШнын 37 миңдей аскери бар.

XS
SM
MD
LG