Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:00

Аксы окуясы боюнча күнөөлөнүп жаткан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жеңилдетилген айыптар коюлду.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. Бир нече күнгө созулган кошумча тергөөнүн натыйжасында Аксы окуясы боюнча күнөөлөнүп жаткан жергиликтүү бийлик жетекчилерине мурда коюлгандан башкача айып тагылды. Бул тууралуу жума күнү «Азаттык» радиосунун кабарчысына берген интервьюсунда республиканын Башкы прокуратурасынын Улуттук коопсуздук органдарындагы тергөөгө көзөмөл жүргүзүүчү бөлүмүнүн башчысы Эшперов Марат маалымдады. Анын айтымына караганда, буга чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнун баарына Кылмыш Кодексинин 305-беренесинин негизинде айып тагылса, эми кошумча тергөөнүн натыйжасында Аксы районун мурдагы акими Шермамат Осмоновго, аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Данияр Кулиевге, Жалал-Абад областынын ички иштер башкармалыгынын мурдагы орун басарлары Абдимитал Калбаев менен Алик Ракишевге Кылмыш Кодексинин 148 –беренеси боюнча «жарандардын тынч митинг, чогулуш, жөө-жүрүштөрдү өткөрүүсүнө тоскоолдук кылган» деген айып тагылды. Ал эми Жалал-Абад областынын ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Кубаныч Токобаевге, аталган областтын мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергеновго жана Аксы районунун мурдагы прокурору Абдыкалык Калдаровго Кылмыш Кодексинин 305- жана 148-беренелери боюнча айып коюлду. Мыйзамчы депутат Азимбек Бекназаровдун пикиринде, кыргыз бийлиги Аксы окуясында күнөөлүү деп табылган жергиликтүү бийлик кызматкерлеринин күнөөсүн жеңилдетип, аларды республикада кабыл алынган «мунапыс мыйзамы» менен актоону көздөөдө. Ош аскердик сотунун башчысы Бакыт Арабаевдин айтымында, Аксы окуясында күнөөлүү деп табылгандардын үстүнөн сот жараяны 24-декабрда Майлуу-Суу шаарында улантылат.

XS
SM
MD
LG