Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Белгилүү миллионер Джордж Сорос Париж соту тарабынан ири айып төлөөгө кесилди.


Париж шаарынын соту бүгүн белгилүү миллионер Джордж Соросту эки миллион 200 миң евро өлчөмүндөгү айып төлөөгө кести. Соттун айтымында, 1988-жылы Сорос - "Сосьете Женераль" аттуу банкта боло турган текшерүү боюнча жашыруун маалыматты колдонуп, эки миллион доллар пайда тапкан. Сорос өзү сотко катышкан жок. "Форбс" журналынын маалыматтары боюнча, Джордж Сорос - дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири, анын жеке байлыгы жети миллиард доллардын тегерегинде.

XS
SM
MD
LG