Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Ооганстандагы эл аралык бейпилдик күчтөрүнө кол салынды.


Эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн Ооганстандагы базасына кечээ күнү жасалган чабуулдан жарадар болгон эки котормочу бүгүн дүйнөдөн кайтты. Бейпилдик күчтөрүнүн басма сөз катчысы, полковник Самет Оздун айтымында, котормочулар граната жарылуусунан каза тапты жана Франциядан келген дагы эки кызматкер жарат алды. Чабуул кылган адам өзү да колундагы башка граната жарылып кеткендиктен набыт болду. Мындан эки күн мурда да америкалык аскерлер бараткан машинеге граната ыргытылып, эки аскер жана айдоочу жарат алган.

XS
SM
MD
LG