Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

КЫРГЫЗ ЖАНА МАДАНИЯТ ТАРЫХЫНАН


Кыргыздардын жазуусу туурасында сөз кылаар астында, адегенде «жазуу» деген эмне экендигин талдап алсак туура болот.

Жазма маданият бүткүл дүйнөлүк цивилизациянын негизи саналат. Ошондуктан байыркы жазуу системаларын чечмелеп окуу, өткөн тарыхты калыбына келтирүү милдети - азыркы илимдин актуалдуу проблемаларынын бири. Советтик мезгилде кыргыздардын тарыхын иликтөө багытында кыйла ийгиликтер жаралганы менен, анын айрым баскычтары элден ажыратылып, ал гана эмес эс-акылдан бөлүп салуу аракети жасалган өткөн доорду эске салсак, кыргыздар орто кылымда эле өнүккөн мамлекет түптөө менен бирге, цивилизациянын тээги саналган жазма маданият үлгүсүнө эгедер болушкан. Кыргыздардын жазуусу туурасында сөз кылаар астында, адегенде «жазуу» деген эмне экендигин талдап алсак.

Эгерде, биз адабият тарыхына көз чаптырсак, байыркы кишинин эки бутуна туруп, чарба күтүп, күнүмдүк турмуш-тиричилигин баштаган өмүр жолу эс–акылдын байышын, табиятка карата тажрыйбасынын топтолушун жана акыл калчап, ой жүгүртүү кеменгерлигинин жаралышына көмөк бергендигин аңдайбыз. Байыркы адамдардын аскага тарткан сүрөттөрү жана аң улоо системалары адегенде, маалыматты камтып, аны бөлөк адамдарга жеткирүү максатын көздөгөн.

Ошондуктан жазуу деген түшүнүккө, биринчиден, сүрөт тартуунун кеңири мааниси камтылса, экинчиден, кимдир бирөөгө маалыматты билдирүү милдети коюлган күндө, анда биз жазуу колдонулду деп эсептешибиз керек. Эми жазуунун түрлөрүнө кайрылсак.

Бу багытта, эң байыркы делип нерселик (предметтик) жазуу саналат. Мында буюмдардын түшүнүгү жана жалпы туюнтмасы окуя жөнүндө кабар бериши керек. Мисалга алсак, кыргыз эл жомогундагы каардуу ханга элчиликке барган бала жөнүндөгү окуяны эске салалы. Элчи бала өзү менен кошо төөнү, сакалы сеңселген эчкини алат эмеспи. Каарданган хан: «Эмне, элиңерде аксакал, акылдуу чоң кишилериңер жокпу?» - деп сураганда, бала: «Чоң десеңиз төө, сакалдуу десеңиз эчки менен сүйлөшүңүз. Эгерде сизге акылгөй жан керек болсо, анда мен сиздин эркиңиздемин», - деген. Мындай мисалдар, Перс падышасы Дарий менен сактардын ортосунда болгон сүйлөшүү жана бөлөк элдердин тарыхындагы окуяларда кеңири кездешет.

Жазуунун дагы бир түрү сүрөт жазуу деп аталат. Мындай ыкма пиктография жана идеография делип экиге бөлүнөт. Пиктография - сүрөт ошол буюмду туюнтат. Мисалы күндү нурун чачыратып тартуу бу белги сүрөт (пиктограмма). Эгерде анын идеясын түшүнгүбүз келсе ошол эле нур чачкан тегерек «ысык», «жылуу» деген идея - сүрөттү туюнтат, (идеограмма).

Байыркы египеттиктердин, шумерлердин клинопис жазуулары пиктограммалык ыкмада чиймеленген. Бу демек, сүрөттөр үнгө ыңгайлашып сүйлөнө баштаган.

Жазуунун кийинки өнүгүү этабы сөздүн муундук айкалышта өсүш дооруна туш келет. Бу катмарга кытайлар менен жапондордун иероглиф жазуулары кирет.

Жазма маданияттын өнүккөн түрү тамга өзүнчө тыбышты туюнтат жана окууга, түшүнүүгө жеңил жөнөкөйлүгү менен айрымаланат. Ал эми кыргыздар колдонгон жазуу болсо, анын эң жогорку баскынчындагы тамгалык жазуу ыкмасына кирет. Байыркы кыргыздар жана түрк, уйгурлар колдонгон жазууну илимпоздор «руникалык жазуу» деп атап жүрүшөт.

Жазуунун пайда болгон мекени жана убактысы боюнча суроо али ачык бойдон турат. Алардын байыркылары катары Талас (VI-VIIкк.) жана Энесай жазууларын айтсак болот. Ал эми Түрк каганаты менен Уйгур каганатынын эстеликтери VIII – IX кк. таандык. Асыресе, аталган мезгил Кыргыз, Түрк, Уйгур мамлекеттеринин тарыхый доору менен айкалашып, чөлкөмдүк турмушка дал келет.

Ташка жазылган эстеликтер миңдей жылдар бою ачык асманда тура берээр беле балким, 1719-1727жж. Даниель Готлиб Мессершмидт деген адам Сибирге карай сапар тартпаса, ташта белгисиз жазууларга көңүлү түшүп, элес албаганда. Кийин алардын үлгүсү алынып Екатерина II тушунда Европага тараган.

19-кылымдын башталышында Париждеги чыгыш таануучулар бу жазуулардын баалуулугун баамдашып, чечмелөөгө аракет кылышкан. Алардын катарына таанымал илимпоз А. Ремюза, Ю. Клапротторду кездештире алабыз. Бирок таш жазуулар оңой менен сырын ача койгон жок. Ошентип, мыктынын мыктыларынын тиши өтпөгөн соң, жазууларга болгон кызыгуу дагы кайтып, бара-бара унут калган.

1889-жылы Орус географиялык коомунун Чыгыш Сибирь бөлүмү Монголиянын Орхон дарыясын карай экспедиция уюштуруп, аны Н. М. Ядринцев жетектеген.

Экспедициянын шугулдануусунун натыйжасында орхон-енисей-жазуучуларынын үлгүлөрү алынып, Европанын илим борборуна таратылган. 1893-жылы даниялык окумуштуу В.Томсен эстелик жабууларын окуп чыккан. Ушул эле мезгилде орус окумуштуусу В.Радлов эстеликтердин чечмеленишин китеп кылып чыгарган.
XS
SM
MD
LG