Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:23

АКШ СЕНАТОРУ АЙЫПКА КАБЫЛДЫ.


Улан Алымкул уулу, Прага АКШ Сенатындагы республикачылардын лидери, Трент Лотт расалык маанайдагы сөздөрдү айтканы үчүн жергиликтүү саясатчылар менен коомчулуктун сынына кабылды. Президент Жорж Буш баш болгон бийлик өкүлдөрү да сенатор Трент Лоттун билдирүүсүн айыпташты. Эми анын маселеси Сенаттагы республикачылардын жаңы жылдан кийинки жыйынында каралган жатат.

Коомчулукту кабатырланган сөздөрдү сенатор Трент Лотт кесиптеши жана партиялашы, АКШнын эң кары сенатору, Стром Термонддун 100 жылдык тоюнда айтыптыр. Ал мааракеге арналган салтанатта сүйлөгөн сөзүндө, сенатор Лотт өзүнүн кичи мекени болгон Миссисипи штаты кезинде өлкөнүн президенттиги үчүн Стром Термондду колдоп добуш бергенин айтып, “эгер америкалыктар ошондо Термондду мамлекет башчысы кылып шайлаганда, азыр туш болуп жаткан проблемаларга кабылмак эмес”, деп белгилеген. Учурда саясаттын ардагерине айланган Стром Термонд мындан туура жарым кылым мурда, 1948-жылкы президенттик шайлоого өлкөнүн түштүктөгү штаттарынан көз карандысыз талапкер ирээтинде катышып, утулуп калган. Термонд анда адамдардын граждандык укуктарын чектөөнүн жана расалык ажырымдын сакталышын жактаган саясатчы эле. Өз шайлоо кампаниясы учурунда жогорудагыдай чакырыктар менен чыккан. Андыктан сенатор Трент Лоттун кесиптеши жана партиялашы Стром Термонддун мааракесинде айткан сөздөрүн алардын саясий атаандаштары дароо эле АКШ Сенатындагы республикачылардын лидери адамдардын расалык бөлүнүүсүн жактайт экен деп баалашты. Ал турсун Трент Лотту Сенаттагы лидерлик кызматынан кетирүү талаптары айтылды. АКШ басылмалары болсо сенатор Лотт ушундай эле мүнөздөгү сөздөрдү 80-жылдарда айтканын жазып чыгышты.

Трент Лотт сынга кабылгандан кийин туура эмес сөздөрдү айтып алганын моюнга алып, коомчулуктан жана партиялаштарынан кечирим сурады. Бирок, маселе кечирим менен эле бүтө калчудай эмес. Лоттун сөздөрүн АКШ президенти Жорж Буш, мамлекеттик катчы Колин Пауэл да айыптады. Маселен, президент Буш «Кошмо Штаттары үчүн мурдагы расалык бөлүнүүчүлүк ылайыктуу, пайдалуу деген сунуштардын баары - мазактоо жана жаңылыш. Сенатор Лоттун соңку билдирүүсү биздин өлкөнүн маанайын чагылдырбайт», - деп айтты.

Жаңы жылдын алгачкы аптасында, 7-январда АКШ Конгрессинин жаңы курамы өзүнүн алгачкы жыйынына чогулат. Сенаттагы республикачылар болсо мунун алдында Трент Лоттун маселеси боюнча өзүнчө жыйын өткөрүүнү пландоодо. Анда Лотту Сенаттагы лидерлик кызматында калтыруу же бошотуу жөнүндө сөз болмокчу. Лотт өзү кабарчылар менен болгон маегинде, партиялаштары анын капыстан жаңылыш айтып алган сөздөрүн түшүнүүчүлүк менен кабыл алганын жана Сенаттагы лидерлигин уланта берерине ишенээрин белгиледи. Сенаттагы республикачылардын бир тобу, анын ичинде ардагерлер саясатчылар да, Лотту колдоорун билдиришти. Бирок, ал республикачылар ичинен да атаандаштардан куру эмес. Ушундан улам АКШ басма сөзүндө Трент Лотту Сенаттагы лидерлик кызматында алмаштырууга жөндөмдүү саясатчылардын ысымдары аталууда. Маселе республикачылардын 6-январдагы жыйынында чечилиш керек. Ал эми байкоочулардын пикиринде, кандай болгон күндө да сенатор Лоттун сөздөрү президент Буштун Республикачыл партиясынын беделине доо кетиргендей болду. Себеби, республикачылар алдыдагы шайлоолордо АКШнын кара түстүү калкынын добушуна көбүрөөк ээ болууга аракеттенип жатышкан эле. Американын саясий тарыхында салтка айлангандай, кара түстүүлөр көбүнесе демократтарды колдоп келген.

XS
SM
MD
LG