Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

КЫРГЫЗСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ ӨЛКӨНҮН ОППОЗИЦИЯСЫН КЕСКИН СЫНГА АЛДЫ.


Айданбек Акматов, Бишкек 21-декабрда Өкмөт Үйүндө Коопсуздук Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда өлкөдөгү кырдаал талкууга алынды.

Эртең мененки саат 10 до башталган Коопсуздук Кеңешинин кезектеги жыйынында негизинен өлкөдөгү ички кырдаал талкууга алынды. Президент Аскар Акаев коопсуздук маселеси боюнча сөз сүйлөп, Кыргызстанга коркунуч сырттан эмес, ичтен келип жатканын билдирди. Президенттин айтымында, өлкөнүн сырткы коопсуздугу, биринчиден, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши, экинчиден, Антиттеррордук Коалицияга мүчөлүгү, үчүнчүдөн Шанхай Кызматташуу Уюму жана Коллективдүү Коопсуздук Келишими менен кызматташуу , төртүнчүдөн Орусия менен жакын өнөктөш болуу аркылуу бекемделди.

«Жакшы көрүнүп турат, тышкы коопсуздугубуз ички коопсуздукка караганда бир топ жогору камсыздалган. Биз мына ушул система түзүүчү эки факторду теңдей алабызбы? Биз ага жарайбыз деп ишенимдүү айта алам. Жогорку Кеңеш, өкмөт, губернаторлор, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери жана коомдогу саламаттуу күчтөр бул ишке активдүү киришиши керек»,- дейт президент Акаев. «Келишпес оппозиция өзүнүн кыңыр максатын көздөп, кайрадан өзүнүн козутуу иштерин күчөтүп, мамлекеттин конституциялык негизин бошоңдотуу аракетин жасап, бийликтин бекемдигин текшерүүдө. Алар большевиктердин ураандарын көтөрүп чыгышууда. Булардын баары биздин четтеги өнөктөштөрүбүзгө да таптакыр түшүнүксүз. Мындай көгөргөн, жоопкерчиликсиз аракеттер КМШы мамлекеттериндеги бир да оппозициялык күчтөр тарабынан жасалганы байкалбайт», - деген президент Акаев, оппозициянын коомчулукту туруксуздаштыруу аракетене жол берилбесин белгиледи.

Аксы окуясына токтолгон президент, 22-майда өткөн Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Аксы трагедиясы абдан катуу жана терең иликтенгенин , кан төгүүгө жол берилгендиги үчүн өкмөттүн кызматтан кеткенин, каза болгондордун жакындарына жардам көрсөтүлгөнүн белгилеп, жакында эле тергөө ишинин жүрүшүнө жеткиликтүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн Чубак Абышкаев Башкы Прокурорлуктан бошотулганын эскерүү менен, «Аксы окуясы боюнча козголгон кылмыш иштер соттун чечими менен жыйынтыкталыш керек» деди. Президенттин сөзү боюнча, Аксы окуясынын кесепеттерин келишкис оппозициянын катарына кирген , Аксы окуясынын алдында элди козутуу менен чатакты курчутуп, аны менен адамдарды тартип бузууга түрткөн күчтөр трагедиядан тийиштүү сабак алса гана нейтралдаштырууга болот. Президент коомчулукту тынчтыкты сактоого, экстремисстик күчтөрдүн чакырыгын колдобоого чакырды. Президенттен кийин сөз сүйлөгөн коопсуздук кеңештин мүчөлөрү оппозицияны кескин айыптап, аларга каршы чара көрүү керектигин белгилешкен.

Белгилей кете турган нерсе, 21-декабрда болгон Коопсуздук Кеңешинин жыйынына «Азаттык» радиосунун кабарчысынын катышуусуна мүмкүнчүлүк берилген жок. Кечке жуук гана президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчысынын Коопсуздук Кеңешиндеги сүйлөгөн сөзү жазылган кагазды тапшырды.

XS
SM
MD
LG