Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:55

КОЛИН ПАУЭЛЛ: “ИРАКТЫН ОТЧЕТУ НЕ ТАК, НЕ ТОЛУК ЭМЕС”.


Кошмо Штаттары эл аралык коомчулук Ирактын куралсызданышын серептеп күтүп отура албайт деп эсептейт. Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл Ирактын отчетун эскирген маалыматтардын жыйындысы деп атады жана ООНду инспекция режимин күчөтүүгө чакырды. Эл аралык инспекциянын башчысы Ханс Бликс да Ирактын декларациясында жаңы маалыматтар жоктугун ырастады.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Ирактын отчетунда ала калган жерлер абдан арбын экендигин белгиледи. Атап айтканда, Багдад 1998-жылы эл аралык инспекторлорду өлкөдөн чыгарып жибергенден бери кадик калган көптөгөн суроолорго жооп берген эмес. Отчет иш жүзүндө, мамлекеттик катчынын баасында, эски маалыматтардын жыйындысынан түзүлгөн. Эксперттер 12 миң беттен турган документте жадесе мурдагы инспекция маалында айкындалган химиялык жана биологиялык куралдардын запастары, алардын компоненттери эмне болгону жөнүндө ныпым сөз жок дешет. Пауэллдин кеби боюнча, бул отчетту не так, не толук деп айтканга болбойт. Эгер Ирак эл аралык жамаатты алдаганын уланта берсе, анда, мамлекеттик катчынын сөздөрүнө ылайык, проблема жайчылык жол менен чечилбейт. Ошондуктан ал инспекция ишин күчөткөнгө чакырды. Бул иште Пауэлл илимпоздор менен башка да тийиштүү кишилерди Багдаддан четирээк жерлерде сурак-сопкутка алуу зарыл деп эсептейт, анткени алар мындай шартта ачылып, эркин сүйлөй алат эле. Мамлекеттик катчы резолюциянын талаптары боюнча Ирак мындай кишилерди инспекторлор менен жолуктурганга милдеткер экендигин эске салды.

Ушундай эле маанидеги пикирлерин Кошмо Штаттардын ООНдогу туруктуу өкүлү Жон Негропонте, британ элчиси Жереми Гринсток да билдиришти. Эл аралык инспекторлордун башчысы Ханс Бликстин айтымында, Ирактын отчетунда массалык кыргын салчу куралдарга тиешеси жок маалыматтар оголе көп, а бирок курал-жарак программасына байланыштуу жаңы эчтеме жок. Анын ою боюнча, көп таныктарды декларацияда көрсөткөнгө мүмкүндүк бар эле, бирок бул пайдаланылган жок. Мындай маалыматтарды эми деле бергенге кеч эмес. Бликс муну алар жакын арада жасайт деп үмүттөнөт. Атом энергетикасы боюнча эл аралык мекеменин башчысы Мохамед ал-Барадейдин кептерине караганда, иштин ток этер өңүтү жагынан испекторлор Ирактын дагы активдүү кызматташтыгына муктаж. Ал Ирак инспекторлорго каалгасын ачып, бардык жайларга тоскоолдуксуз киргенге мүмкүндүк түзүп жатканын белгиледи. Бирок эксперттер кошумча танык-тастыктарды убагында ала албай жатышат. Барадей эксперттер командасы Ирактын отчетун ийне-жибине чейин иликтеп, таптиштеп чыгарын айтты. Ал ошондой эле Иракка кайтып барып, Багдад жетекчилерине көптөгөн суроо-сопкуттарды коерун жана аларга жооп аларына, кошумча таныктар да колго тиерине үмүт кылып жаткандыгын белгиледи.

Ирактын өкүлдөрү болсо азырынча өздөрүн калбаат кармаганга аракет кылышууда. Президент Хусейндин илимий иштер боюнча кеңешчиси Амир ал-Саадинин айтымында, отчетто камтылган техникалык маалыматтардын көбү али арапчадан которулуп бүтө элек. “Анын үстүнө биздин корко турган эч кандай жөнүбүз жок, - деп кошумчалады ал.- Корксо бизди айыптаганга эчтеме таба албай калган тарап коркуп жатат”.

Иракта жума күнү инспекция иши улантылды. Эл аралык эксперттер Багдаддан 25 чакырым алыстагы атомдук борборду кайрадан текшерип чыгышты. Бул жерде азыр бир нече тонна байытылбаган уран сакталат. МАГАТЭнин адистери андан ядролук курал жасоо өтө татаал, дээрлик колдон келбес иш дешет.

XS
SM
MD
LG