Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

ТҮРКИЯ: ПРЕЗИДЕНТ МЕНЕН ПАРЛАМЕНТТИН ЭГЕШИ.


Түркиядагы башкаруучу Адилет жана өнүгүү партиясы президент Ахмед Сезер вето салган мыйзамды парламентте кайра колдоп, мамлекет башчысына жөнөтө тургандыгын ырастады. Конституцияга ылайык, президент ага же кол коюушу керек, болбосо конституциялык соттун кароосуна берүүгө тийиш. Мындан тышкары мамлекет башчысы бу мыйзамды элдик референдумга да кое алат.

Декабрдын башында түрк парламенти башкы мыйзамга үч түзөтүү киргизген эле. Алардын баары азыркы башкаруучу партиянын лидери Режеп Тайип Эрдоганга премьер-министрлик кызматты ээлегенге жол ачмак. Бирок бейшемби күнү президент Ахмед Сезер конституциялык толуктоолорго вето койду. Президент алардын баары бир адамга – Эрдоганга гана арналып түзүлгөн нормалар деп эсептейт.

Эрдоганды бийликтер диний негизде араздашуу тутантканга аракет жасады деген айып менен мындан үч жыл мурда соттошкон. Сот аны парламентке депутат болуу же кандайдыр бир ырасмий кызматтарга туруу укугунан ажыраткан. Буга кошо анын мурдагы исламчыл Фазилиет партиясына да тыюу салынган. Кийин фазилиетчилер саясий платформасын өзгөртүшүп, азыркы Адилет жана өнүгүү партиясын түзүшкөн. Бул партия быйыл ноябрдын башталышындагы шайлоодо парламенттеги көпчүлүк мандаттарды жеңип алды. Адатта мындай партиянын лидери автоматтык түрдө өкмөт башына келмек, бирок Эрдогандын мойнунда соттолгон деген айып илинип турганда ал премьер-министрлик кызматты ээлей албайт. Ошондуктан Адилет партиясынын депутаттары ага жол тоскон конституциялык нормаларды алып салууну чечкен эле.

Айтмакчы, президент Сезер иштин ушундай болорун ноябрдын башталышындагы шайлоодон кийин эле боолгологон болчу. Жалгыз адамдын кызыкчылыгын көздөгөн конституциялык түзөтүүлөргө кол кое албайм, деп эскерткен ал. Эми ошо сөзүн бышыктады. Президенттин кеңсеси конституциялык түзөтүүлөр жөнүндөгү мыйзамды парламентке кайтарып берди жана кайра колго салууну табыштады. Эрдогандын партиясы болсо президенттин ветосун жеңип чыгарына бекем ишенет. Мыйзам баары бир президентке кайтарыла тургандыгын партиянын өкүлдөрү ошол эле күнү билдиришти.

Бирок президенттин колунда башка да механизмдер бар. Эгер парламент мыйзамды экинчи ирет жактырса, Сезер аны конституциялык соттун кароосуна бере алат же болбосо референдумга кое алат. Акыркы вариант Эрдогандын тарапкерлерине майдай жакмак, аларга мындан эки айдай мурда эле колдоо көрсөткөн шайлоочулардын көпчүлүгү бул партиянын таламын көздөгөн конституциялык өзгөртүүлөрдү да референдумда жактап бериши мүмкүн. Ошондуктан жергиликтүү байкоочулар президент ишти конституциялык сотко ашырат болуу керек деп болжолдошот.

XS
SM
MD
LG