Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Я. АРАФАТ ЖӨӨТ ӨКМӨТҮН МАЙРАМГА БАЙЛАНЫШТУУ АЙЫПТАДЫ.


Улан Алымкул уулу, Прага Дүйнөнүн христиан жамаатынын басымдуу бөлүгү Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдап жаткан учурда Израил палестиндердин Вифлеем шаарынан убактысынча өз аскерлерин чыгарды. Бирок, шаардын чет-жакасында жайгаштырылган аскерлер кокус кооптуу жагдай түзүлсө, кайра кайтып келүүгө даяр. Ал эми палестин лидери Ясир Арафат Израил өкмөтүнүн майрам учурундагы аракеттерин сынга алды.

Вифлеем христиандардын ишениминде - Иса пайгамбардын туулган жери. Ал жерде ыйык жайлар, христиан чиркөөлөрү бар. Быйыл да бул майрамга байланыштуу Израил менен Палестинанын мамилесинде былтыркы көрүнүш кайталанды. Быйыл жөөт өкмөтү экинчи ирээт палестин лидери Ясир Арафатка өзүнүн баш кеңсеси жайгашкан Рамалладан Вифлеемге барып, Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдоого байланышкан диний жөрөлгөгө катышуусуна тыю салды. Мусулман Арафат палестин элинин жол башчысы катары 1995-жылдан бери андай диний жөрөлгөгө такай катышып келген. Израил өкмөтү өзүнүн жогорудагыдай чечимин Арафат жөөтөргө каршы жасалган террордук чабуулдарды токтотпой, кайра ага кошумча болуп жатканы менен түшүндүрүүдө. Маселен, Израилдин премьер-министри Ариэль Шарондун маалымат катчысы Раанан Гиссин жакында «мен ал кандай болсо да, майрам күндөрү Вифлеемге келген учурда бейкуттукка жана тынчтыкка салым кошот деп ойлобойм. Менимче, Арафаттын моралдык жактан да бул жерде болууга укугу жок», - деп билдирген эле.

Ал эми Йерусалим шаарынын патриархы Мишель Сабба палестин лидери Ясир Арафатка Вифлеемге, Иса пайгамбардын туулган күнүнө байланышкан диний жөрөлгөгө катышуусуна быйыл да тыю салынышын «президент Арафатка, түнкү диний жөрөлгөгө баруусуна тыю салынышы - пайдасыз чара. Эгер Израил бийликтери чындап тынчтыкка жетүүнү көздөсө, өзүн мындай ылайыксыз чараларды колдонуудан сактаса болмок», - деп эсептейт.

Айтор, эмнеси болсо да Ясир Арафат быйыл да Вифлеемдеги диний жөрөлгөгө бара албайт. Ал майрамды утурлай Рамаллада, палестиналык христиан дин ишмерлери менен болгон жолугушуусунда Израил өкмөтүнүн аракеттерин кескин сынга алды.

«Бүткүл дүйнө Иса пайгамбардын туулган күнүн ээн-эркин майрамдап жатканда, Палестинанын жана Вифлеемдин калкы мындай мүмкүнчүлүктөн сыртта калганы адилеттүүлүкпү? Бүткүл дүйнө майрамга кубанып жатканда, Вифлеем жана Палестинанын калган шаар-кыштактары караңгылыкта, блокадада жашоодо. Талкалануулардан, өлтүрүүлөрдөн, камактардан запкы тартууда. Палестиндер Израилдин көзөмөл бекеттеринде мазактоолорго туш болуп жатат», - деп айтты Ясир Арафат жергиликтүү христиан дин ишмерлери менен жолугушуу учурунда.

Палестинанын аймактарындагы антитеррордук операциянын алкагында Израил Вифлеемге да өз аскерлерин киргизген эле. Ал турсун шаар коменданттык сааттын шартында жашаган учурлар болду. Израил армиясы эми майрам күндөрү калктын кыймыл-аракетин жеңилдетүү максатында аскерлер шаардан чыгарылып, анын чет жакасына жайгаштырылаарын жарыялады. Бирок, жөөт аскерий өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, кокус шектүү маалымат болуп, кооптуу жагдай түзүлсө аскерлер Вифлеемге кайтып келүүгө даяр.

XS
SM
MD
LG