Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

КЫРГЫЗСТАНДЫН ПАРЛАМЕНТТИК ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КУВЕЙТКЕ БАРЫП КЕЛДИ.


Бакыт Аманбаев, Бишкек 18-декабрдан 24-декабрга чейин Кыргызстандын Мыйзам чыгаруу жыйынын төрагасы Абдыганы Эркебаев башында болгон депутаттык топ Кувейт мамлекетинде иш сапары менен болду. Парламенттик делегациянын иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу депутат Алишер Абдымомунов менен кабарчы Бакыт Аманбаев маектешет.

Кувейт мамлекетине барып келген Мыйзам чыгаруу жыйынын эл аралык байланыштар боюнча комитетинин башчысы Алишер Абдымомуновдун айтымында, депутатык делегация Кувейт мамлекетинин парламентинин жетекчиси Джасим Ал-Харари, өкмөт башчысынын биринчи орун басары, тышкы иштер министри Шейх Сабак АЛ-Ахмад Ал-Жабер, аталган мамлекеттин Өнүгүү Фондусунун, Соода палатасынын жетекчилери жана башка бир катар расмий адамдар менен жолугушкан. Жолугушуу учурунда келечекте эки мамлекеттин парламенттеринин, аткаруу бийлигинин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча кандай аракеттер жасалары тууралуу бир катар макулдашуулар болгон. Бул тууралуу депутат Алишер Абыдымомунов төмөндөгүлөрдү айтып берди.

- Негизинен жолугушулардын учурунда кыргыз-кувейт мамилелерине жакшы баа берилди. Ошондой эле эки өлкөнүн өкүлдөрү келечекте өз ара кызматташтыкты күчөтүү керектигин бир ооздон белгилешти.

- Эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташтык кайсы жылдардан башталган?

- 2002-жылдын октябрь айында Кувейт парламентинин эл аралык иштер боюнча комиссиясынын төрагасы баш болгон бир топ депутаттар Кыргызстанга келишти. Иш сапардын жыйынтыгында «Парламенттер ортосундагы мамилелердин принциптери» деген келишимге кол коюлган. Мына ошол келишимдин натыйжасында Кыргызстандык делегация Кувейт өлкөсүндө болду. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр учурунда биз бир топ соода-экономикалык маселер боюнча макулдашуулардын принциптерин сүйлөшүп келдик. Эми биз ошол маалыматтарыбызды тиешелүү министрликтерге, бийлик органдарына берип, анын ишке ашылышына жардам беребиз.

- Алишер Абыдымомунович, жогоруда сиз айткан маакулдашуулардын эң көрүнүктүүлөрүнөн мисал келтире аласызбы?

- Мына бүгүнкү күнгө чейин Кувейт мамлекетинин Өнүгүү фондусу биздин Кыргызстанга кредиттик жардам берген. Ош телекоммуникация байланышын өнүктүрүүгө 10 млн. доллар, Ош электр тармактарын өнүктүрүүгө 10 млн. доллар өлчөмүндө кредитти абдан жеңилдетилген шартта 40 жылга 1% менен берген. Бул деген чын-чынына келгенде бекер эле берди деген сөз. Кыргызстан тарап мына жогоруда айтылган кредиттердин үстөк баасын төлөп берүүдө бир катар мүчүлүштүктөргө жол берген. Айталык, Кыргызстан ошол алган кредиттин анча-мынча проценттин төлөбөй калган дагы 20 миллиондук кредитти алуу укугунан ажырап отурат.

Ошондой, эле Алишер Абдумомуновдун айтымында, иш сапары учурунда келечекте эки өлкөнүн аткаруу бийлигинин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча да сүйлөшүлөр болгон.

- Иш сапары учурунда биздин делегациянын башчысы Абдыганы Эркебаев келечекте жалаң гана парламенттик мамилелерди өнүктүрбөстөн эки өлкөнүн аткаруу бийлигинин ортосундагы мамилени өнүктүрүү боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Маселен, жакында Кыргызстандын тышкы иштер министри Кувейтке бара турган болду. Ал келечекте президенттин аталган мамлекетке боло турган иш сапарын макулдашып келет.

Алишер Абдымомуновдун белгилөөсүнө караганда, жолугушуу учурунда Кувейт өлкөсүнүн расмий бийлик өкүлдөрү Америка Кошмо Штаттары баш болгон өлкөлөрдүн, эгерде Ирак мамлекети Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясын аткарбаса аталган мамлекетке карата согуш жарыялай тургандыгы жөнүндө аракеттерине да өз пикирин билдирген.

«Биз менен сүйлөшкөн Кувейттин расмий бийлик өкүлдөрү Ирак мамлекетине карата мамилени согуш менен эмес, тынчтык сүйлөшүүлөр менен, же өз ара мунасага келүү менен чечүүнү жактай тургандыгын бир нече жолу эскертишти», - дейт Алишер Абдымомунов.

XS
SM
MD
LG