Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

“НОРД-ОСТ” ФЕВРАЛДА АЧЫЛАТ, АГА ЧЕЙИН СОТ БОЛОТ.


Москвадагы муниципалитеттер аралык Тверь соту быйыл октябрдагы террордук акция маалында жапа чеккендердин доо арыздарын кароону 16-январга белгиледи. Ал эми жаңы жылдын башында сот 14 добогердин арызын териштирүүгө киришет. Барымта кризисинде жабыр тарткандар Москванын өкмөтүнөн баш-аягы 39 миллион доллар суммасында компенсация төлөп берүүнү талап кылышууда. Бул учурда Дубровкадагы театр “Норд-Осттун” жаңыртылган спектаклдерине алдын-ала билеттерди сата баштады. Оюндар февралда башталат.

Тверь сотуна адегенде 24 доо арыз берилген эле. Алардын баары бир ишке бириктирилип, сот аны 24-декабрда кароого киришмек болгон. Бирок мунун алдында сотко дагы кошумча 14 арыз түштү. Добогерлер Дубровкадагы касирет үчүн шаардык бийликтердин тикелей күнөөсү бар, анткени алар борбор калаанын дал ортосунда пландалган бул алаамат ишти алдын-ала көрө алган эмес деп эсептешет. Ошондуктан алар кризис маалында тарткан материалдык жана моралдык чыгымдарын Москва өкмөтүнөн өндүрүп алууну каалашат. Анын үстүнө мындай норма терроризмге каршы күрөшүү жөнүндөгү мыйзамда каралган. Жалпы доонун суммасы азыр, добогерлердин адвокаты Игорь Труновдун сөздөрү боюнча, 39 миллион доллардан ашты. Бирок адвокаттын пикири боюнча, бул иштин башка мааниси бар. Атап айтканда, Трунов аны россиялык юриспруденциянын тарыхына кирет жана жаңы өнөгө түзөт деп ишенет. Ошол эле учурда ал сот процесси создугуп, бир нече айга, атүгүл бир канча жылга узарып кетиши ыктымал деп чочулайт. Айрым маалыматтарга караганда, соттун жүрүшүндө орус омбудсмени Олег Миронов да добогерлердин таламын коргогону жатат.

Москванын шаардык бийликтери, арийне, коюлган доолорду адилетсиз деп эсептешет. Эгер сот алардын баарын алымсындыра турган болсо, анда бу шаардык казынага олуттуу оорчулук келтире тургандыгын, Москвада жашоо бир кыйла кымбаттап кетерин декабрдын башында шаардык думанын төрагасы Владимир Платонов эскерткен эле. Спикердин ошол сөзү, айтымда, Дубровкадагы кризистен жапа чеккендердин кычыгына тийген окшойт, он күндүн ичинде сотко алардан 30 доо арыз түштү. Ал эми айдын башында сотто болгону сегиз эле арыз өндүрүшкө алынган эле. Эгер январдын башында боло турган биринчи процессте сот ишти жабырлангандардын пайдасына чечсе, доо арыздардын саны камыштай калыңдап кетиши ыктымал. Октябрдагы террордон, ырасмий маалыматтар боюнча, 129 адам набыт болуп, 700дөй киши жабыр тарткан эле.

Жаңы жыл алдында “Норд-Остко” байланыштуу дагы бир кабар пайда болду. Атап айтканда, Дубровкадагы театрдын кассасы жаңы спектаклдерге билеттерди сата баштады. Имаратта азыр ремонт иштери жүрүп жатат, ал эми февралдын башталышында “Норд-Осттун” жаңыртылган оюндары сахнага чыгарылат. Театрдын башкы продюсери Георгий Васильевдин сөздөрү боюнча, труппа каркап толукталды. Азыр экинчи составга артисттер алынып жатат. “Норд-Осттун” биринчи бет ачар оюну 2001-жылдын 19-ноябрында болгон эле. Бир жыл ичинде анын оюндарына 350 миңден ашуун көрүүчү келген дешет.

XS
SM
MD
LG