Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

БИШКЕКТИН ИРИ БАЗАРЫНДАГЫ ЖАРЫЛУУДАН БИР НЕЧЕ АДАМ МЕРТ БОЛДУ.


27-декабрда Бишкек шаарындагы «Дордой» базарында жарылуу болуп, анын натыйжасында, алгачкы маалыматтар боюнча 7 адам каза таап, 18 адам жаракат менен ооруканага жаткырылды. Кырсыкты изилдөө максатында башында биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов турган өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Өкмөт Үйүндө өткөн пресс-конференцияда биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмоновдун берген маалыматына караганда, жарылуу эртең менен саат ондон 40 мүнөт өткөндө «Дордой» базарынын «Оберон» фирмасына тиешелүү катарында болгон. «Ал жарылуудан 6 адам ордунда дароо каза тапты. 19 адам ооруканага жеткирилди, анын ичинен алты адамдын абалы оор, алардын ичинен дагы бир адам ооруканадан каза тапты. Кырсыктын себептерин изилдөө максатында, өкмөттүк комиссия түзүлдү. Биз бул кабарды угаар менен «Дордой» базарына бардык. Азыр кырсык болгон жерде адистер иштешүүдө, алар бир жуманын ичинде кырсыктын эмне себептен чыкканын аныкташат», деди К. Осмонов. Каза тапткандардын бешөө эркек, экөө аял кишилер экендиги такталды. Жаракат алгандардын арасында жаш балдар болбогону менен, чет элдик жарандар жок деп айтууга болбойт, себеби жаракат алгандардын аты-жөндөрү азырынча такталууда. Жарылуудан 3 контейнер таптакыр талкаланып, дагы он контейнер кыйроого учураган. Жарылуу бир гана ирет болгону менен, өтө катуу үн чыгарган.

«Биз нары четте тамак ичип отурдук элек. Ошол жерде отурганда катуу бир үн чыгып, асманга вулкан атылгандай болуп кетти. Карасак «у-ай» деген үн чыгып, адамдар качып чыга башташты. Барсак контейнерлер талкаланып кетиптир. Газ баллон атылды дешип жатат», - дейт ушул базарда кол араба түртүп иштеген Бек Кушбаков.

«Дордой» базары Кыргызстандагы эле эмес, Борбордук Азиядагы ири соода борборлорунун бири болуп эсептелет. Анда миңдеген адамдар туруктуу соода жасап, мындай тышкары дагы миңдеген адамдар кызмат көрсөтүүчү кошумча иштер менен алектенет. Бул базарга Кыргызстандын эле эмес, коңшулаш Өзбекстандан, Казакстандан, Кытайдан, Түркиядан да келгендердин көп каттаган жайы бар.

Кырсык болгондон кийин «Дордой» дароо эле ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан тосууга алынып, учурда ал жерде жарылуу эмне себептен болгондугу иликтенүүдө. К. Осмоновдун айтымында, учурда кырсыктын келип чыгуу себептеринин бир нече варианттары иликке алынууда. «Азыр эми конкреттүү бир себепти айтуу эртерээк болот», - деди Курманбек Осмонов.

Иштелип жаткан версиялар тууралуу, ички иштер министрлигинин басма сөз борборунун жетекчиси Жолдошбек Бусурманкулов, «версиялар ичинде тартип сактоо органдары окуяны террористтик акт катары кароо вариантын да жетекке алышууда», деп билдирди.

Курманбек Осмонов өз жеке пикири катары, бул кырсыктын келип чыгышына аба толтурулган баллондун жарылышы себеп болгон болушу керек деген оюн айтты.

Өкмөт, Курманбек Осмоновдун айтымында, каза тапкан жана жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө жардам берээрине ишендирип кетти.

XS
SM
MD
LG